Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Өкмөт: тыңшайм, эсептейм, көзөмөлдөйм


Кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы мыйзам долбоорлор топтомун Жогорку Кеңешке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды.

Долбоорлорго ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин телефондук сүйлөшүүлөрү тыңшалат, ашыкча кирешеси боюнча маалымат берүүгө милдеттендирилет. Өкмөт мындай жол менен жемкордукка каршы чечкиндүү кадамдарды жасай баштаганын билдирүүдө.

Мындай талылуу маселелердин көтөрүлүп жатышын азыркы өкмөттүн өз бийлигин сактап калуу аракети катары баалагандар да болууда. Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга кетер алдында өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышкан.

"Эмнеден коркобуз?"

Өкмөт Жогорку Кеңешке жөнөткөн коррупцияга каршы долбоорлор топтомунда үч мыйзам камтылган. Биринчи долбоорго ылайык, жарандар 20 миң долларга мүлк сатып алса, бир ай ичинде кошумча кирешеси тууралуу Салык кызматына маалымат берүүгө милдеттендирилет. Мындай кылбаса, административдик жана кылмыш жазага тартылат.

Ал эми өзгөртүлө турган экинчи мыйзам долбоору “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" болуп, мамлекет өткөргөн тендерлердеги жасалма атаандаштык жана тааныш-билиштик аркылуу сатып алууларды токтотуу максатын көздөйт.

Үчүнчү долбоорго ылайык, айрым мыйзамдык актыларга кошумча-алымча киргизилет. Анда негизинен мамлекеттик саясий кызматта отургандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрүн прокуратура жана сот органдары уруксатсыз тыңшай алат. Мындай шартка көнбөгөндөр мамлекеттик кызматка алынбайт.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов мындай кескин чараларды камтыган долбоорлор аркылуу коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө сөз берди. Өкмөттү реформачыл деп баалаган Бабанов бул мыйзамдарды кабыл алуу менен башкаларга үлгү болорун билдирди:

- Бизде министрби, же райондун акими болобу, трибунада, гезиттерге “акпыз, ачыкпыз” деп айтышат. Анда эмнеден коркобуз? Жетекчи болуп келген соң баарыбызды уксун. Эч ким анын жашоосунун купуялуулугун бузбайт. Эгер шектелсе, Конституциялык укугум жана башка дебестен өзүбүздү мисал кылып, бул кадамга барышыбыз керек.

Шахматтык жүрүш

Анткен менен бул сунуштар өкмөт жыйынында ар кыл пикирлерди жаратты. Маселен, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул мыйзам Конституцияга каршы келет:

- Тыңшоолор боюнча айта кетсем, Баш мыйзамда ар бир адамдын жеке жашоосунун купуялуулугу сакталыш керек, аны коргоо укугу бар деп дапдаана жазылып турат. Анан биз жапырт эле тыңшасак туура эмес болуп калат. Ар бир адамдын үй-бүлөсүнүн, өзүнүн купуя сырлары бар. Аны бузуп салышыбыз мүмкүн. Анан бул эл аралык коомчулуктун сынына да кабылышы мүмкүн.

Ошол эле маалда мындай тыңшоолор саясий максатта колдонулушу мүмкүн, жарандардын кирешеси тууралуу мыйзамды ишке ашыруу мүмкүн эмес деген күмөндүү ойлор айтылууда.

Бирок мындай талаш пикирлерге карабастан өкмөт бул долбоорду парламентке жөнөтүүнү чечти. Мындан улам өкмөттүн бул аракетинин артында эмне жатат деген суроо кабыргасынан коюлуп жатат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өткөн айда Коргоо кеңешинин жыйынында коррупция боюнча мыйзам долбоорлорду парламентке жөнөтүүнү кечиктирип жатканы үчүн өкмөттү сынга алган болчу.

Буга улай парламент жайкы эс алууга тараар алдында коррупцияга каршы күрөштө өкмөттүн аракетсиздигин сындап, ага ишеним көрсөтпөө демилгеси менен да чыккан.

Мындан улам айрымдар өкмөттүн азыркы кадамын кескин чараларды тезинен көрүп, кызматын сактап калуу аракети менен түшүндүрүшүүдө. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, өкмөт жактырган долбоорлор коррупция менен күрөшүү үчүн абдан эле зарыл. Бирок өкмөт бул мыйзамдарды мурдарак кабыл алышы керек болчу:

- Өкмөт бул мыйзамдарды алты ай кечиктирип жөнөтүп жатат. Буга чейин депутаттардын көпчүлүгү өкмөт коррупцияга каршы күрөштү кечиктирип жатат деп, ишеним көрсөтпөө демилгеси менен чыккан соң гана шашылыш түрдө бул долбоорлорду киргизип жатат. Мен муну аман калуунун айласы деп билем.

Эми өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлору депутаттар жайкы эс алуудан келген соң парламентте каралып, талкууланышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG