Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Жарандык коом бийликти диалогго чакырды


Ак үй
Ак үй

Кыргызстандагы жарандык активисттер бардык саясий күчтөрдү диалогго чакырды. Алар учурдагы саясий жана экономикалык оор кырдаалда президент баш болгон бардык бийлик бутактары жарандык коом жана саясий күчтөр менен биримдикте иш алпарыш керек деген жүйөнү карманышууда.

Ал эми Бишкекте “Элдик парламент” деп аталган оппозициячыл бирикменин митинги өтпөй калды.

Жеңиш аянтына белгиленген акцияга уюштуруучуларбыз деген төрт-беш гана киши келди. Алардын бири активист Расул Умбеталиев акциянын өткөрүүгө Улуттук коопсуздук комитети тоскоол болгонун шылтоо кылды.

- Буга чейин биздин бирикменин жетекчилери камакка алынган. Мен болсо азыр эле УКМКдан сурактан чыктым. Башка мүчөлөрдү да суракка чакырышкан. Алар тынч митинг өткөрсөңөр камайбыз деп билдиришти.

Бирок Умбеталиев бирикменин кайсы мүчөлөрү суракка чакырылганы тууралуу так маалымат бере алган жок.

Оппозициянын митинги өтпөй калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Буга чейин аталган уюм Жеңиш аянтында миңдеген адам катышкан акция өтөрүн, анда президент Алмазбек Атамбаевди бийликтен кетирүү жана “Элдик парламенттин” өткөн аптада камакка алынган мүчөлөрүн бошотуу талабы коюларын айткан.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитети акцияны өткөрүүгө эч кандай тоскоолдук болбогонун, Умбеталиев болсо буга чейин козголгон кылмыш ишке күбө катары чакырылганын маалымдады.

Ушул күнү "Элдик парламент" деп аталган бирикменин мүчөлөрүнүн дагы бири камакка алынганы белгилүү болду. Ал Александр Гусев экени айтылууда. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, Гусев бийлик өкүлүн коркутуп-үркүткөнү үчүн камакка алынган:

- УКМКнын кызматкерлери буга чейин козголгон кылмыш иштин негизинде үйүн тинтүү үчүн барган. Бирок ал курал колдонуп, жардырып жиберерин айтып, тинтүүгө тоскоолдук кылган. Бул факт боюнча 16-майда Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөөнү УКМКнын Тергөө комитетине өткөрүп берди

Мурда-кийин аты анча чыкпаган милициянын полковниги Гусев ооган согушунун катышуучу экени жана “Элдик парламенттин” коопсуздук маселелери үчүн жооптуу экени гана айтылган.

Жарандык коомдун чакырыгы

​Ал ортодо Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү жана жарандык коомду диалогго чакырды. Алар тараткан кайрылууда жумушсуздук күчөп, коопсуздук маселелери курчап турган маалда бийлик менен жарандык коом кайым айтышуунун ордуна биригип, чогуу аракеттенүүсү керектиги айтылат.

Кайрылууга кол койгондордун бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова азыркыдай учурда саясий диалог гана эң жакшы жыйынтык берерин билдирүүдө:

- Кыргызстанда маселелер абдан көп. Ушундай учурда отуруп алып кайым айтышып, бири-бирибизди күнөөлөп отурсак бул маселелер чечилип калбайт. Башка күчтөр аны өз пайдасына колдонуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз азыр абдан көп маселелерди талкуулап, сүйлөшүшүбүз керек.

Жарандык коом өкүлдөрүнүн бул пикирин көпчүлүк саясатчылар жүйөлүү деп табышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташболот Балтабаев бийлик органдары өзүнө сын айткандарды жеригендин ордуна конструктивдүү түрдө диалог курушу керек экенин белгилейт:

- Кыйын учурда бийлик жарандык коом жана оппозиция менен жолугуп ой-пикирин угуп турушу керек. Мына ошондо туура эмес болсо туура эмес, туура болсо туура деп айтып, эл үчүн керектүү чечимдер кабыл алынышы керек. Болбосо ар ким өз өз алдынча болуп тирешип тургандан эч кандай пайда чыкпайт.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов оппозиция да сырткы күчтөрдүн колдоосун күтпөстөн эл ишенимине татыктуу болгон идеянын негизинде бийликке атаандаш болушу керектигин айтат:

- Сырткы күчтөрдү киргизип системаны, бийликти алмаштырабыз деген ой болбош керек. Бийлик элдики. Ким элдин ишенимине ээ болсо ошолор гана татыктуу идеянын негизинде келгендей болушу керек.

Өткөн аптада "Элдик парламент" оппозициялык бирикмелеринин жетекчилери делген саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар президент Алмазбек Атамбаевди бийликтен кетишин талап кылып, артында орусиялык таасирдүү генералдар турарын жар салышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды сындаган эле. Буга нааразы болгон укук коргоочулар нааразылык акциясын өткөргөн болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG