Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Берлинде кыргыз-немис сүйлөшүүлөрү башталды


Президент Атамбаевдин Германиядагы расмий сапары башталды. Германиянын президенти Йоахим Гаук Алмазбек Атамбаевди өзүнүн Берлиндеги резиденциясында кабыл алды.

"Азаттыктын" кабарчысы Шайырбек Эркин уулу кабарлашынча, президенттердин жолугушуусунан кийин кыргызстандык расмий делегацияны Германиянын канцлери Ангела Меркел кабыл алат.

Атамбаев эки күндүк расмий сапар менен Берлинге 10-декабрда жөнөп кеткен. Аны коштоп жүргөн делегациянын курамында президенттин жубайы Раиса Атамбаева, министрлер жана депутаттар бар.

Кыргызстан лидерлери Европа мамлекеттерине сапар менен көп барбайт. Бирок бул жагынан мурунку президент Роза Отунбаева айырмаланып, Европадан тартып, АКШга чейин сапарларды жасаганы белгилүү.

Алмазбек Атамбаевдин Германияга эки күндүк сапары Кыргызстан менен Германиянын дипломатиялык мамиле түзүүсүнүн 20 жылдыгына туура келүүдө.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков:

- Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Ал документтер саламаттык сактоо, билим берүү, соода-экономикалык жана финансы-техникалык тармактарда кызматтарга байланыштуу болмокчу.

Сапар алкагында Алмазбек Атамбаев немис жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн сырткары Конрад Аденауэр фондунда жана немис парламентинин эл аралык комитетинде сөз сүйлөйт.

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, немис өкмөтүн бул чөлкөмдө Ооганстан маселеси, энергоресурстар кызыктырат:

- Германияны Ооганстан маселеси жана экономикалык маселелер кызыктырууда. Биринчиден, Каспийдеги энергоресурстар кызыктырат. Ал эми Кыргызстанда кен байлыктары кызыктырып жатат.

Сариевдин пикиринде, Германия - Европанын лидери, Кошмо Штаттардын жакын өнөктөшү. Батыш жалпысынан Кытай менен Орусиянын Кыргызстандагы активдүүлүгүнө тынчсыздануу менен көз салууда. Ошондуктан геосаясий маселелер козголушу мүмкүн.

Кыргызстан менен Германиянын экономикалык мамилесине келе турган болсок, ал акыркы мезгилде өсүү жолунда. Маселен, быйылкы жылдын сегиз айында эки өлкөнүн соодасы 138 млн. доллардан ашкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64% өсүштү билдирет.

Ал эми импорт менен экспорттун катышына келе турган болсок, анда Кыргызстан утуш менен чыкпайт. Германиянын Кыргызстанга экспорту бир нече эсе көптүк кылат. Маселен, өткөн жылдагы Кыргызстандын экспорту 13 млн. еврого жакын болгон. Кыргызстан негизинен тамеки, жер-жемиш, пахта жана төө буурчак экспорттосо, импортунун тизмеги автомобилден тартып, ар кандай техникаларга чейин созулат.

Германия элчилигинин маалыматы боюнча бул өлкө Кыргызстанга 224 млн. еврого жакын суммага жардам көрсөткөн. Ал эми немис ишкерлеринин Кыргызстанда активдүү эместигин жергиликтүү рыноктун чектелүүлүгү, коррупция, салык, бажы тармактарындагы кемчиликтер жана укуктук коопсуздуктун начардыгы менен байланыштырат. Бирок да немис ишкерлери үчүн Кыргызстан аркылуу Кытайдын батышына, Казакстанга жана Сибирь аймактарына чыгуу кызык болушу мүмкүн.

Кыргызстандагы немистер жөнүндө сөз кыла турган болсок, алардын саны 10 миңдей дейт Кыргызстандагы немистер бирикмесинин төрагасынын орун басары Маргарита Коптева. Кыргызстандык немистер башкалардан айырмаланбайт дейт Коптева:

- Биздин немистер башка элдерден эч айырмаланбайт. Башка элдерди эмне тынчсыздандырса, кыргызстандык немистерди да ошол маселелер тынчсыздандырат. Бул - туруксуздук, жумуш орундардын жоктугу, айлык акылардын аздыгы.

Кыргызстандагы немистер бирикмесинин төрагасы Валерий Диль президент Алмазбек Атамбаевдин делегациясынын курамында бар. Ал буга чейин Германиядан инвестиция тартып, чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар болуп жүргөнү маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG