Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Кыргызстан Грузиядан өрнөк алат


Кыргызстан тартип коргоо органдарын реформалоо үчүн Грузиядан өрнөк алууну көздөп жатканын вице-премьер-министр Шамил Атаханов билдирди.

Учурда жумушчу топ өлкөнү кылмыштуулуктан, коорупциядан арылтып, ачык сот системасына алып келе турган реформалардын жол-жобосун кароодо. "Бул үчүн Грузиянын мисалдары сөзсүз эске алынат",-дейт Атаханов.

Грузия өзүнүн реформаларын 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин баштап, оболу тартип коргоо органдарына, коррупцияны жоюу жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытына көңүл бурган. Айрым адистер эч бир жерде мынчалык реформа болбогонун белгилешет. Реформалардан соң мурда Грузияда милиция кызматкерлерине болгон ишеним 10-20 пайызга араң жетсе, азыр ал 84 пайызга жетти. "Бул өтө чоң көрсөткүч" дешет адистер.

Ушуга окшогон тажрыйбалары менен таанышып, өрнөк алуу үчүн марттын башында вице-премьер-министр Шамил Атаханов жетектеген делегация Грузияга аттанган эле. 28-мартта ошол сапардын жыйынтыгы жана реформалардын натыйжасы туурасында маалымат берилди.

Тбилисидеги полиция күзөтү
Грузияда 2005-жылдан кийин күч структураларында, өзгөчө Ички иштер министрлигинде айлык акы он эсеге өскөн. Коомчулукка ачык болуш үчүн күч органдарынын, прокуратура, коопсуздук кызматы жана башкалардын имараттары айнектен жасалган.

Кылмыш дүйнөнүн айрым "аталыктарынын" үй-мүлктөрү мамлекетке өткөрүлүп, ишке дээрлик жаңы, жаш кызматкерлер алынган. Барган сайын кылмыштуулуктун деңгээли кыскарып, кылмыштын бетин ачуу фактылары көбөйгөн.

Коррупциялык ачыктык боюнча 130 өлкөнүн ичинен 127-орунда турган Грузия, реформалардан кийин алтымышынчы, кийин үчүнчү орунга жеткен. Натыйжада өлкө бюджети 25 эсеге өскөн. Кылмыш кодекси өзгөртүлүп, паспорт жана башка документтерди алуу алда канча жеңилдетилген. Мындай реформа бардык аймактарда комплекстүү жүргөн. Грузия мындай реформалар үчүн башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасына таянган.

Саясий эркти талап кылган кадамдар

Шамил Атахановдун айтымында, Кыргызстан Грузиянын мисалдарын толугу менен көчүрүп алуудан алыс. Маселен Грузия бир топ күч структураларын бириктирип койгон. Ошол эле Улуттук коопсуздук комитетин Ички иштер министрлигине кошуп, Чек ара кызматын Коргоо министрлиги менен бириктирген. "Кыргызстанда дал ушундай өзгөртүүлөр болбосо да, бир топ жагынан үлгү алып, өнүгүү толук мүмкүн" деп эсептейт Шамил Атаханов.

- Бизде деле реформалар башталды. Өзүңүздөр деле байкап жатсаңыздар керек, кылмыштуулук менен күрөшүп атабыз. Коомдо негизинен мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Бардык жарандарды коргоо вазыйпаларын мамлекет аткарыш керек. Бул реформалар ишке ашат деген кепилдик бар. Анткени бул элдин, Кыргызстан жарандарынын талабы болууда. Биз активдүү түрдө иштеп, үч-төрт айда бул маселелерди кескин түрдө чече башташыбыз керек.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өзү башкарган министрлик бул реформаларды эбак баштаганын, бул маселе комплекстүү каралышы керектигин белгилейт.

- ИИМде күнбү, түнбү, качан болбосун реформаны баштоого болот. Биз дайым даярбыз. Ансыз деле ошого баратабыз. Бул жерден башка вазийпалар да бар. Мисалы салыкты ачык кылып, чоң кишилерден баштабаса болбойт. Бул маселени жакшылап иликтеп карабаса, жалаң эле милициядан баштаганда болбойт.

Ал эми “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эң негизгиси саясий эрк керек деп эсептейт. Төлөйкан айым өзү да бир нече жолу Грузияга барып, андагы өзгөрүүлөрдү өз көзү менен көрүп келген. Ал милициянын макамын көтөрмөйүн кылмыштуулук менен күрөшүү кыйын болорун эскертүүдө.

- Кылмышкерлердин жана аларга кошулуп элдин байлыгын уурдаган чиновниктердин байлыгын мамлекетке чегерип, акчаларын казынага алып келиш керек. Коркутуп-үркүткөндүн ордуна жазалоо системасын коюп, ошондо да “сен эгерде акчаны кайтарбасаң, 10-20 жыл түрмөгө отурасың” дегендей кандайдыр бир кыймылдаткыч болуш керек. Акаев, Бакиев болобу алар деле жеген акчасын алып келип, казынага берип“мени кечиргиле” десе бул да жакшы иш болуп калмак.

Тажрыйба жол көрсөтөт

Борбор Азиядагы Эркин Рынок институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев бийлик радикалдуу реформаларды жүргүзөм десе, айрым бир курмандыктарга даяр болуш керек деген ойдо. Ал Грузиядан өрнөк алуу менен башка өлкөлөрдүн да тажрыйбаларын үйрөнүүнү сунуштайт. Мисалы, Жаңы Зеландия айыл чарба продуктуларын ири көлөмдө башка мамлекеттерге экспорттойт.

Мирсулжан Намазалиев
- Бул реформалардан кайсы бир бөлүк жапа чегет, кайра эле алар митингге чыгат. Эгер мындан коркпой турган болсок реформаны баштасак болот. Биринчиден, бажы, салык реформасы. Эки тарапты тең абдан жөнөкөйлөтүү керек. Мисалы Грузияда 95-96 пайызга чейин импорттук төлөмдөрдү алып салды, нөлгө түшүрдү. Бул бажы тармагындагы коррупцияны жок кылды. Эң негизгилердин бири – сот системасын, ИИМ, УКМКны, экономикалык полицияларды реформаласак башкаларды да өзгөртүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот.

Кыргыз делегациясы Грузиянын күч, тартип коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери менен жолугуп келген. Бул сапар Кыргызстандагы тартип коргоо органдарынын ишин реформалоо жана укуктук саясатты алып барууда бирдиктүү иш жүргүзүү жоболорун иштеп чыгуу боюнча ЕККУ менен кызматташтыктын алкагында уюштурулган.

XS
SM
MD
LG