Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:29

Дүйнө

Грузия Кыргызстанды реформага үндөйт

Коррупцияны дээрлик жок кылууга жетишкен Грузия Кыргызстан тартип коргоо, экономика өңдүү тармактарды реформалоону кечеңдетпеши керек дейт.

Текст көлөмү - +
Грузия бийлигинин айтымында, реформа жасоо үчүн күчтүү саясий эрк зарыл. Грузиянын тажрыйбасы менен таанышып жүргөн Жогорку Кеңештин айрым депутаттары реформа үчүн Кыргызстан күчтүү командага да муктаж деген ойдо. Грузиндер Кыргызстандагы реформалоо аракеттерине кандай баа берип, кандай кеңештерин айтат?

Грузия парламентинин төрага орун басары Михаил Мачавариани Кыргызстан укук коргоо, экономика, сот системасы багытындагы реформаларын кечеңдетпеши керектигин "Азаттыкка" билдирди. Вице-спикер реформаларды жүргүзүүнүн ыкмаларын издеп гана жүрө бербестен, аларды жасай баштоо зарылчылыгын белгиледи:

- Грузияда реформаны баштаар алдында чечилиши керек болгон көп маселе бар эле. Маселен, полиция, саламаттыкты сактоо, билим берүү өңдүү тармактар реформага муктаж болчу. Биз бул өзгөрүүлөрдү дароо баштоо керектигин, эл реформаны сезе билүү зарылдыгын көрдүк. Менимче, Кыргызстан да кайсы бир тармактагы реформасын аздан болсо да башташы керек. Күтүп отурганга караганда реформанын алгачкы кадамдары да элге пайда, ишеним алып келет.
Буларда реформа, коррупцияга каршы күрөш кеминде беш жыл мурда башталган. Азыр да күрөш уланып жатканын айтышты. 


2004-жылдан тарта Грузия бийликтин дээрлик бардык бутагын реформалап, коррупцияны жок кылууга жетишкен. Маселен, эл аралык сурамжылоолордун жыйынтыгында Грузиядагы революцияга чейин калктын полицияга болгон ишеними 10 пайыз гана болсо, азыр 90 пайызды түзөт. Сот системасын түптөөдө да бийликтин түздөн түз кийлигишүүсү азайып, калктын сотко болгон ишеними 50 пайыздан ашкан. Мындан тышкары Грузияда салыктын төрт түрү гана калып, бизнесмендерге ылайыктуу шарт түзүлгөн. Азыр 10-15 мүнөттүн ичинде кайсы бир мүлктү каттатып, же бизнес ачууга мүмкүн.

"Азаттыкка" Грузин парламентинин экономикалык комитетинин төрагасы Георгий Меладзе:

- Бир катар абройлуу компаниялардын иликтөөсүнө ылайык, дүйнөдө Грузия бизнес ачуудагы эркиндик боюнча жетинчи орунда, мүлктү каттоо боюнча биринчи орунда турат. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты. 2003-жылдан тарта бара-бара реформа жүргүзүп, бул жыйынтыктарга жетиштик.

Грузиянын тажрыйбасы менен учурда Жогорку Кеңештин он депутаты таанышып жүрөт. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов баштаган топ Грузия парламентинин сот, экономика, укук коргоо багытындагы адистери менен жолугушуп, көйгөйлөрдү ортого салууда. Депутаттардын бири Равшан Жээнбеков:

- Жалпысынан грузиндер айткан реформалардын бардыгын эле аткарса болот. Бардыгы айланып келип эле күчтүү саясий эрк менен аны ишке ашыра турган күчтүү командага барып такалат. Тилекке каршы бизде бул экөөнө байланыштуу кыйынчылык пайда болуп жатат. Мурда реформа жүргүзүү үчүн бизге сөзсүз чоң ресурстар керек деп ойлоп жүргөм. Грузиндер маалымат каражаттарына жазылгандай чоң акчаны эч ким деле берген жок деп айтып жатышат. Реформа башталгандан кийин ишеним, каражаттар келе баштады деп белгилешти. 

Кыргызстанда 7-апрель окуяларынан кийин сот системасын, тартип коргоо органдарын реформалоо аракеттери башталган. Бирок алардан жыйынтык чыкпай, маселен Сотторду тандоо кеңеши толук кандуу иштебей турат. Жаңы түзүлгөн өкмөт да экономика, ишкерчилик тармактарында өзгөрүүлөрдү алып келүүнү көздөп, президент да коррупцияга каршы күрөшөм деп белсенип турат. "Бирок бул максаттар аягына чыгарылышы керек", - деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков.

- Буларда реформа, коррупцияга каршы күрөш кеминде беш жыл мурда башталган. Азыр да күрөш уланып жатканын айтышты. Бизде деле коррупцияга каршы күрөш башталып, төрт чиновник кармалбадыбы. Булар беш жыл мурда беш сот жана депутаттар жоопко тартылганын айтып, андан соң коррупция токтогонун айтып жатышат. Биз да күрөштү улантышыбыз керек.

Жогорку Кеңештин депутаттары 11-февралга чейин Грузияда болуп, реформалар менен таанышууну көздөөдө. Алдыңкы күндөрү алар менен президент Михаил Саакашвили жолукмакчы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: тудубай каяктан: москва
18.02.2012 03:46
биздин келечегибиз жаштарда азыркы бийликте олтурга чиновниктерди баарын алмаштруу зарыл алар кыргыз елин 20 -жыл алдап келишти

кимден: кг каяктан: Бишкек
09.02.2012 09:19
Коррупция менен курошту жогору жактан башташ керек. Мамлекеттин финансы менен байланышкан органдары казынаны ар түрдүү жолдор менен сол чөнтөккө имеришкени жазылып да айтылып да жатат. Мистер 10% деп газеталарга жазылып жүргөндөр бар. Ушул жакка ушунча бөлүнсүн деп кол коюп 10%и меники болбосо кол койбойм финансы да каралбайт деп коюшат дешет. Айрыкча ушундай адамдар мамлекеттик банктардан ар түрдүү адамдардын аттарына кредит алып иштетишет дешет. Коррупцияга каршы күрөшкөн органдар бул тармактарды катуу көзөмөлдөөсү керек. Мамлекет да бул тармакты тилибиз тешилгенче айтып аткан прозрачныйлыкка алып келиш керек. Байкоочу кеңештерди өзгөчө казына жана финансы жагына түзүш керек.
Пикирге жооп

кимден: Конурбай каяктан: Талас
14.02.2012 20:53
Грузияда Сакашвили реформа жасаганы, ал таза демократ болучу. Президент Атамбаевге макул ишенели, а анын жумушуна тикелей жардам көрсөтчү биздин Бабановго кантип ишенсе болот. Демек Атамбаев өлкөнү коррупциядан эч качан арылта албайт.

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
08.02.2012 11:24
Реформа кылуу Кыргызстанга мумкун эмес анткени 20 жылдын ичинде бийлик корупцияга синип калыптынып калган аны озгортуш эч мумкун эмес азыркы бийликте эрк да кучтуу команда да жок. Кыргызстанды онуктуруш учун бийликтегилер туугандарын, тааныштарын, досторун, унутуп койуп анан Акаев менен Бакиевтин кадрлары эмес жаны кадрлар келиш керек, азыркы бийликтегилердин баарын айдап чыгып туруп анан реформа кылыш керек.
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
09.02.2012 04:13
Бабанов деген жут кетмейинче эч кандай реформа болбойт. Айдар менен Максим жолдо калды. Бийликтин баарын басып алды. Акимдерди да "оозу кыйшык" болсо да Республика партиясынан коюп жатат. Орустардан башка жактан куйуучу май ташып келсе болот эле. Бул мафиянын башында да Бабанов.

кимден: Жаран
08.02.2012 08:55
Туура, онуккон олколордон сабак алганыбыз туура., реформалоо керек!!!

кимден: Кубанычбек каяктан: ноокат
08.02.2012 01:11
Кучтуу команда чогултуш учун"карт карышкырлардан ,тууган,дос" -дегенди унутуп, чыныгы адис ээсин табыш керек.
Саясий эрк -бул нерсе чындыгында кыргызстан үчүн көйгөй.Себеби бизде"карга карганын көзүн чукубайт" лакабы кеңири тарап саясат артистеринин канына сиңишип кеткен.Акыркы 20 жыл ичинде мен билбеймин кайсыл бир иш аягына чыгып "кылмышкер" жазасын алганын.Ошондуктан бизге "саясий эрк" жалаң саясатчыларга гана эмес,ар бир кыргызга,кыргызстан жараанына керек

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине