Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Отунбаева: Шеварднадзенин изи калды


Грузиянын президенти Эдуард Шеварнадзе, Тбилиси, 10.02.1998
Грузиянын президенти Эдуард Шеварнадзе, Тбилиси, 10.02.1998

СССРдин акыркы тышкы иштер министри, Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе 87 жаш курагында дүйнө салды. Маркумду ошол кездеги Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, экс-президент Роза Отунбаева эскерет.

Отунбаева: Эдуард Шеварднадзе Грузиядан СССРдин тышкы иштер министри болуп Михаил Горбачевдун чакыруусу менен 1985 -1990-жылдар аралыгында иштеди. Абдан чоң, көрүнүктүү иштерди жасады. Министрликке грузин келди, алда кандай болот деген сөздөр да көп болду. Бирок, Шеварднадзедей жемиштүү иштеген министр болгон эмес деп өздөрү эле айтып жүрүштү.

1986-жылы он беш союздук республиканын тышкы иштер министрлеринин баарын Москвага чакырып, ишибиз менен таанышты. Ошондо Балтика, Кавказ өлкөлөрүнүн министрлери таарынычтарын айтышты. Мен дагы тышкы саясатка жооп берген вице-премьер министр катары сүйлөдүм. Ошондо байкап калыптыр, 1987-жылы СССР делегациясынын курамына кошуп, БУУнун ассамблеясына, Нью-Йоркко жиберишти. Ал киши менен ошол жерден тааныш-билиш болуп калдык. 1989-жылы мени СССР Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча жооптуу катчысы болуп иштеп бер деп Москвага чакырды. Ошентип, министрликтин коллегиясынын алгачкы аял мүчөсү болуп калдым.

“Азаттык”: Шеварднадзе СССРдин акыркы тышкы иштер министри болуп калбадыбы. Бу киши жөнүндө ар кандай пикирлер көп айтылат. Адамдык сапаттары кандай эле?

Отунбаева: СССР урагандан кийин бу киши жөнүндө өтө көп негативдүү пикирлер пайда болду. Кайра куруу кезинде Совет өкмөтүнүн Тбилиси окуяларына туура баа бербей койгонуна катуу нааразы болуп, эл мени түшүнбөйт деп билдирүү жасап, министрликтен кетип калган болчу.

Советтер Союзунун таасиринен улам Германиянын кошулуусу, Ооганстандан Совет аскерлеринин чыгышы, Чыгыш өлкөлөрүнүн лагерлеринин кетиши сыяктуу тарыхый окуялардын бардыгы ушу Шеварднадзенин убагында болгон. Ага карата Орусиянын аскер-өнөр жай комплексинин урашына, жарым миллиондой аскердин Германиядан мажбур чыгышына нааразы болгондор СССРди уратып атат деген сыяктуу сындарды айтышкан. Бирок Шеварднадзе ошол катаал, түнт заманда дагы ойлонуп, чыгармачылык менен, кылдат иштеди. Лидерлик сапаты күчтүү эле. Өзүнө кастарын тиккен адамдар менен да жакшы мамиле түзүп алчу. Горбачев ошон үчүн алып келсе керек.

Бу кишинин ишинде көп өөдө-төмөн болду да: катчы болду, президент болду, кайра куулду. 1992-жылы Гамсахурдиядан кийин чачырайын деп калган Грузияга келди. Кетип калган Абхазия менен Түштүк Осетияны кайра чогултуп, Грузияны республикасы катары түздү. Бул кишинин башынан көп нерсе өттү десе болот.

“Азаттык”: Шеварднадзеге коомчулук тарабынан толук баа берилдиби же али баары алдыдабы?

Отунбаева: Шеварднадзе эки китеп жазды. Акыркы китеби “Темир көшөгө качан урады?” деп аталат. Орусияда канчалык карама-каршылыктуу көз караштар болбосун, жогору эле баа беришет деп ойлойм. Улутчулдар, шовинисттер ар кандай коомдо бар, боло берет. Бирок, тарыхчы Леонид Млечин өз китебинде Советтер Союзунун министрлеринин арасынан бу кишиге өтө жогору баа бериптир.

Менимче интеллигенция Шеварднадзени жогору баалайт. Бу кишиде юмор да күчтүү болчу. Грузин эли ошондой го. Абдан жогору баа берилерине ишенем, анткени, жасаган ишинин акыбети кайтып атат. Республикасы ордунда турат. Артында өлбөс-өчпөс иши бар.

Шеварднадзе дүйнө салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG