Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Газга карыз миллиондорду чапчыды


Газ бөлүштүрүүчү жай
Газ бөлүштүрүүчү жай

“Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жаратылыш газы үчүн карызы 866 млн. сомго жетти. Алардын басымдуу бөлүгү өнөр жай ишканаларына таандык.

Энергетика министрлиги келаткан кышта газ менен үзгүлтүксүз камсыздоону кепилдөө максатында сүйлөшүүлөр жүрүп, карыздарды төлөө жараяны башталгандыгын кабарлоодо.

“Газпром Кыргызстандын” башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров “Азаттыкка” маалымдагандай, ишканалар компанияга 866 млн. сом карыз болду. Анын ичинен мамлекеттен каржыланган ишканалардын жалпы карызы 255 млн. сомго жетти.

- "Электр станциялары” ачык акционердик коому 220 млн. сом карыз, Бишкек жылуулук, Токмок жылуулук жана ВДНХ биригип 35 млн. сом карыз болду.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин өткөн аптадагы өкмөттүк жыйында билдиргенине караганда, былтыркы кышкы жылытуу сезондо Ош жана Бишкек ТЭЦтеринин "Газпромго" карызы 405 млн. сомго жеткен.

- Кыш келгенче толук карыздан кутулалы деп турабыз. Эгерде былтыркы карыз менен эсептешсек, бизге кышкы сезондо үзгүлтүксүз газ берилет деп ишеничтүү айтабыз. Ошондой эле Бишкек ТЭЦине баасы арзан газ берет деген ойдобуз, азыркы учурда "Газпромдун" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

“Электр станциялары” ААКнын маалымат катчы Тагжана Айдаралиева “Азаттыкка” берген акыркы маалыматына караганда, ишкана алгачкы 185 млн. сомун төлөдү. Калганын алдыда төлөп кутулуу пландары турат.

Ал арада өнөр жай ишканаларынан “Интерглас” компаниясы жана Майлуу-Суудагы электр лампа заводунун газга болгон карызы 650 млн. сомго жеткенин “Газпром Кыргызстандан” маалымдашты.

Эски карызды жаңысы толуктоодо

“Газпром Кыргызстан” 1000 куб метр газдын баасын 13 миң 874 сомдон сатып келет. Бирок соңку убакытта "Газпром" газдын баасын жогорулатууну сунуштоодо.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Орусиянын "Газпрому" каржылык жактан капчыгы калыңдыгын айтып, азыркы учурда карыздарга өтө деле көңүл бурбай жатканын билдирди. “Газпром Кыргызстанга” карыздардын өсүп жатканын ал маалындагы карызга баткан ишканалар дагы деле толук кута элек деп болжоду.

- "Кыргызгаз" бир сомго сатылды деген бул формалдуу эле сөз. "Газпром" карыздары менен чогуу сатып алды, бирок карыздарды эч ким кечкен эмес. Эл кандай төлөсө ошондой эле төлөп келатат. "Газпром" карыздарды өзүбүз доолап алабыз деп милдетин алган. Ошондуктан биз проблеманы гана өткөрүп бердик. Бул жерден эч ким уткан жок.

“Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошо 1 долларга сатуу боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2014-жылы күчүнө кирген. Кыргызгазды 40 млн. долларлык карызы менен чогуу алган "Газпром" 100 миллиард рублдин тегерегинде каражат инвестицияга салууну убада кылган.

“Газпром-Кыргызстан” берген расмий маалыматта 2019-жылдын аягына чейин Бишкекте 33 чакырым газ түтүкчөсү куруп, 40 миңден ашык үй жана имарат газ менен камсыздалат. Мындай жол менен алдыдагы үч жыл аралыгында “Газпром-Кыргызстан” 36 миллиард рубль жумшап, 2019-жылга чейин Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагынын 70 пайызын газдаштырууну максат кылууда. 2030-жылга чейин “Газпром Кыргызстан” жалпы өлкө боюнча 2750 чакырымга жеткен газ куурун тартып, жылдык газдын колдонуу көлөмүн 1 млрд куб метрге жеткирүүнү пландоодо.

XS
SM
MD
LG