Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Ак үйгө арналган тезек "белек"


"Тезекпром" акциясынын катышуучуларын милиция кармап кетүүдө.
"Тезекпром" акциясынын катышуучуларын милиция кармап кетүүдө.

9-июнда жаштар тобу Ак үй алдына барып бийликтегилерге тезек тапшыруу акциясын уюштурду. Бирок аларды милиция кармап кетти.

“Тезекпром” деп аталган бул акциянын максаты эки айга жакын убакыттан бери уланып жаткан Оштогу газ маселесине бийликтин көңүлүн буруу жана “Кыргызгазды” сатуу чечими туура эмес чыкканын депутаттарга көрсөтүү болгон. Бирок анын катышуучуларын "уруксат берилбеген иш-чара өткөрүп жатасыңар" деген негизде милиция кармап кетти. Ош шаарында газ 14-апрелден бери жок.

Белекке тезек

Бир катар жаштар уюмдарынын ондой мүчөсү кооздолгон баштыктарга кадимки тезек салып келип, аны президентке, өкмөткө, депутаттарга жана “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевге белек кылмай болду. Ак үй алдындагы акциянын уюштуруучуларынын бири, Ош шаарынан келген жаш активист Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, Ошто эки айдан бери газ жоктугуна күнөөкөр адамдар жооп бериши керек:

- Атайын тезек терип келдик. Качан газ болоруна кепилдик жок. Балдар, энелер бүгүн Ош шаарында газсыз отурат. “Кыргызгазды” ким сатса, ошолор жооп берсин. Алар бир күн да газ өчкөнүн көрбөйсүңөр деп убада берген. Бирок, тилекке каршы, биз эки айдан бери газы жок отурабыз.

Акция үзгүлтүккө учурады

Жаштар Ак үй алдында өз максатын айтып баштаган кезде аларды милиция “уруксат берилбеген акция өткөрүп жатасыңар” деп кармай баштады. Активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, 10 мүнөттүк бул флеш-мобду өткөрүүгө уруксат алыштын кереги жок болчу.

- Мыйзам бузуу, жол тосуу, элге тоскоолдук жаратуу болгон жок. Ал эми укук коргоо органдары мыйзам бузуп, колубузду бурап, кармап жатат. Бул качанга чейин уланат? Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабызбы же авторитардык өлкөдөбү?

Натыйжада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы күч менен акциянын алты катышуучусун кармап кетти. Аларга “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес” деген берене боюнча административдик иш козголду. Райсот аларды 200-300 сомго айыпка жыкты.

Ош шаарындагы серепчи Идирис Кубатбеков газ кризисин эртелеп чечпесе ал коомдук-саясий кырдаалды курчутууга алып келиши мүмкүн деген ойдо:

- Газ жоктугу бир эмес, он миңдеген адамга тиешелүү маселе. Ар бир адам ар күнү газдын жоктугун көрүп тиешелүү адамдарга кыжырдануусу пайда болуп жатат.

“Кыргызгаздын” сатылышы стратегиялык келишим

Президент Алмазбек Атамбаевдин жана кыргыз өкмөтүнүн демилгеси, ошондой эле депутаттардын көпчүлүк добушу менен “Кыргызгаз” Орусиянын “Газпром” ишканасына сатылган. Быйыл 12-апрелде “Кыргызгаз” орустардын менчигине өткөн. Ошондон эки күн өтпөй Өзбекстан эскертүүсүз Ош шаарына газ берүүнү токтоткон болчу. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков бул бир-эки айлык эмес, стратегиялык келишим болгонун, ошондуктан бир аз чыдап туруу керектигин айтууда:

- Бул бир, эки, атүгүл беш жылдык келишим эмес. Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыгына жооп берген чечим. Өзбекстан газды буга чейин да өчүрүп келген, бүгүн да өчүрдү. “Газпром” келе калып өчүргөн жок. Ошондой эле “Газпром” Кыргызстандын эмес, дүйнө деңгээлиндеги компания.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев “Газпром” эмне үчүн Өзбекстандан газ алып берүүнү кечеңдетип жатканын мындайча түшүндүрдү.

- Келишим түзүлгөн, бирок документтик иштери көп экен. Ошого убакыт созулуп жатат. Баары бүткөндөн кийин “Газпром” толугу менен иштеп баштайт. Ар ким саясатчы болуп, көчөгө чыгып алып “андай экен, мындай экен” дегенден алыс болуш керек. Кудай буюруса келечеги жакшы болот.

“Газпром” Өзбекстан менен качан тил табышып, Кыргызстанга газ бере баштары белгисиз бойдон калууда. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, Бишкектин Ташкент менен түз сүйлөшүп, газ алуу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Ошто болсо 65 миң абонент газды күткөнү күткөн.

XS
SM
MD
LG