Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Күлүйпа Кондучалованын керээзи


Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин сайтынан алынган бул сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин сайтынан алынган бул сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы маданият министри, Кыргыз эл баатыры Күлүйпа Кондучалова 93 жаш курагында дүйнө салды.

Учурунда маданият министрлигин 22 жыл башкарган Күлүйпа Кондучалованын ал-акыбалын билип койгону белгилүү драматург, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев мындан эки күн мурун барып, маркумдун акыркы керээзин угуп калганга үлгүрүптүр:

- Мен барып учурашканда тааныды. Адегенде эмне деп атканы кичине билинбей атты. Анан аз-аздан билине баштады. “Маданиятты сактагыла”,-деди. “Өмүрлүү бол, рахмат”, - деди дагы алы келбей калды окшойт. Мен кызы Мирага эжени көп кыйнабагыла, бирөөлөр келсе эле тургуза бербегиле деп айттым. “Маданиятты сактагыла”, - деген сөзү акыркысы болду.

Маданият жана маалымат министри Султан Раев дагы
бир жума мурда Күлүйпа Кондучалова менен учурашканы барганда керээз калтырып, “эгерде көзүм жумулуп кетсе тажиямдын башында өзүң тур, сөөгүмдү Улуттук кыргыз драма театрынан чыгаргыла”,- дептир.

- Эжени көрүп коёлу деп бир жума мурда үйүнө бардык. Ошондо эженин ден-соолугу начарлап, катуу ооруп аткан мезгил болчу. Анан эженин көзү жеткенби, мага керээз катары айтты: "Эң башкысы маданиятты сактагыла, маданият деген биздин жаныбыз, рухубуз, болбосо элди жок кылып алабыз, маданиятты сактасаңар, маданият силерди сактап калат", - деди. Ошондой эле биздин классикалык искусствого, классикалык музыкага, опера балет театрына өзгөчө көңүл бургула деген керээзин айтты. "Эгерде азыркыдай мамиле болсо классикалык искусствону жоготуп алабыз", - деди.

Азыркы көркөм өнөр чеберлери, маданият кызматкерлеринин айтымында, Күлүйпа Кондучалова XX кылымдагы Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик жетекчи кызматка жеткен биринчи аял - саясатчы болгон. Ал маданият министри болуп турганда кыргыз маданиятынын алтын доору башталып, кыргыз мамлекетинин куралышына, кыргыз элинин руханий жактан өсүшүнө зор салым кошкон.

Өлкөбүзгө эркиндиктин эпкини тийип, сөз эркиндигине жол ачылганда "Күлүйпа Кондучалова министр болуп турганда коммунисттик партиянын кылычын чапкан диктатуралык бийликтин өкүлү болчу, маданият министрлигин күч менен башкарган" деген да сөздөр тараган.

Күлүйпа Кондучалова менен он беш жыл бирге иштешкен Кыргыз эл артисти, профессор Мелис Шаршенбаев болсо темирдей тартип болбосо маданият мынчалык профессионалдык деңгээлге көтөрүлбөйт эле деген пикирде:

- Өнөр адамдары анча-мынчага баш ийбейт. Эгерде искусство адамдары ошондой экен, жайына койгула десе эт-бетибизден кетип калмакпыз. Бул киши эптеп тартипти кармап турду да. Бу кишинин кармаган тартибинин инерциясы менен биртоп жылга келдик. “Ала-Тоо жазы” фестивалы, Москвада өткөн Кыргызстандын искусствосунун декадасы, республикалык деңгээлдеги маданий иш-чаралар темирдей тартип болбосо өтпөй калмак. Ал кезде заман ошондой болчу. Ошол заманга жараша ал кишинин талабы бар болчу. Талап коюп эле тынчып калбай, ар бир кишиге камкордук көрчү. СССРдин эл артисти деген эки-үч жигитибиз бар болчу. Арак ичкенде токтоно албай кетчү. Кыргыз эл артисттеринен беш-алтоо бар эле такыр токтоно албаган. Мына ошолорду кызматынан бошотумуш болуп, санаторияга дарылатып туруп кайра кызматына киргизчү. Талантты баалай билчү. Бул кишидей жетекчини мен экинчи ирет жолуктура албадым. Мындай министр жүз жылда бир жаралат.

Мелис Шаршенбаев ошондой эле кыргыздын таланттуу уул-кыздарын Москва, Ленинград, Харьков, Ташкентте окутууда, маданият тармагындагы кадрларды өстүрүүдө алардын жеке турмуш тиричилигине чейин кийилигишип, бир топ социалдык маселелерди чечүүдө Күлүйпа Кондучаловадай эч бир жетекчи камкордук көрбөгөнүн кошумчалады.

Өлкөбүз эгемендик алгандан кийин маданият тармагына көңүл бурулбай калганына тынчсызданган Күлүйпа Кондучалова мамлекет башчыларына чейин кайрылганынан майнап чыкпаганын Бексултан Жакиев да эскерип отурду:

- Бүтүндөй маданият, адабият кароосуз калып, таптакыр талаага ташталгандай болбодубу. Ошондо эже абдан кейип, ушундай да болобу деп айрым жетекчилерге телефон чалып көйгөйлөрдү, акыл-насаатын айтыптыр. Ошондон кийин "булар укпайбы же түшүнбөйбү" деп аябай кейигени бар.

Бексултан Жакиев кыргыз киносунун дүйнөлүк аренага чыгуусуна, “Кыргыз керемети” деп аталышына түздөн-түз Күлүйпа Кондучалованын тикелей тиешеси бар экенин айтып, СССРдин Борбордук Комитетинде дагы анын кадыр-баркы жогору болгонун, ошол кездеги СССРдин маданият министри Фурцева менен жакшы мамиле түзгөнүн, Москвадагы БКнын мүчөлөрү урматтап турганын кошумчалады.

Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда мурдагы Пишпек уездинин, азыркы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жарык дүйнөгө келген. 1938-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Нарын облусундагы Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеген. Ошол эле облуста комсомол уюмунун катчысы, аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 1945-жылы Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

1948–1949-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары, 1947–1949-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө катчы, 1949–1952-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Андан кийин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун катчысы, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958-жылдан 1980-жылга чейин маданият министри болуп турган.

Ал СССР Жогорку Советинин (1954–1962) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1975) депутаты. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 1- даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар, “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен сыйланган.

Мундузбек Тентимишов “Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова” аттуу китебинде Күлүйпа Кондучалованын өмүр баяны менен бирге коом үчүн аткарган иштери тууралуу жазып, М.Шолохов, Ю. Гагарин, И. Ахунбаев, С. Кийизбаева, М. Рыскулов, М. Абдраев жана башка коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар менен болгон жолугушуулары тууралуу баяндаган.

Күлүйпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Улуттук кыргыз драма театрында өтө турган болду.

XS
SM
MD
LG