Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

УКМК журналист Саиповду сотко берди


Шохрух Саипов
Шохрух Саипов

Fergananews.com маалымат агенттигинин сырт кабарчысы Шохрух Саиповду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу бөлүмү сотко берди.

Алар журналистти УКМКнын аброюна шек келтирген маалымат таратты деп айыптап, 20 миң доллар өндүрүп алууну көздөп атат. Саиповдун макаласында аты жашырылган адам атайын кызматтын өкүлдөрү динге байланышы бар адамдардан 500 доллар талап кылып жатканын айтып берген.

Маселе Шохрух Саиповдун Fergananews.com сайтына 31-майда жарык көргөн макаласынан башталган. Сирияга кеткен кыргызстандыктар жөнүндө жазган макаласында Саипов бул жааттагы соңку тенденциялар тууралуу айтып келип, айрым динге берилген тургундардан күч органдары акча алып жатканын белгилеген. Автор аны атын атагысы келбеген кишинин пикири менен берген.

“Террористтик уюмдарга тиешелүү болбосо деле сакал койгон адамдарды атайын кызматтар кармап, 500 доллар акчасын алып коюп жатканын” анонимдүү булак айтып берген. УКМКнын Оштогу башкармалыгы так ушул себептен Шохрух Саиповду сотко бериптир:

- Кыргызстандан Сирияга кетип жаткандар тууралуу чоң эле материал болгон. Ал жерде бардык тараптардын пикирлери бар болчу. Ошол эле тургундар, муфтият, күч органдары, УКМК баарынын ойлору камтылган. Анан өздүк булактардан бирөөсү атайын кызматтын кызматкерлери динге байланышы бар адамдарды кармап, текшерип, кайсы бир тыюу салынган уюмдарга тиешеси жоктугу аныкталса деле аларды кайра коё бериш үчүн 500 доллар талап кылышканын айтып берген. УКМКнын Оштогу бөлүм башчысы муну каралоо деп эсептеп, мени чакыртып сүйлөшүп, акыры сотко беришти,- дейт Саипов өзү.

Макала жарык көргөндөн кийин эле Саипов УКМКга чакырылып, маалыматты төгүндөө боюнча көрсөтмө алган. Бирок ал өзүнүн булагы бар экенин айтып баш тарткан. Түшүнүк кат жазып чыккандан кийин маселе ошол боюнча эле калып калган. Бирок 20-августта гана журналистке соттон чакыруу келип олтурат. Көрсө УКМК июнь айынын башында эле Саиповду сотко берген экен.

Шохрух Саипов
Шохрух Саипов

Бирок Саипов анонимдүү булагы конкреттүү адам экенин, эгер өтө зарыл болсо ал маселени тастыктап бериши мүмкүндүгүн айтат:

- Мен УКМКнын Оштогу жетекчиси менен жолукканда, эгер силер бул маалыматты жокко чыгарган билдирүү берсеңер чыгарабыз деп айткам. Алар болсо анын кереги жок дешкен. Анан мен өзүмдүн маалыматыма ишенем жана булагым бар деп айткам да чыгып кеткем. Мен интервью алган киши бар жана ал өзүнүн коопсуздугунан чочулагандыктан атын жашырып коюумду өтүнгөн. Ошол себептүү анын аты-жөнү макалада анонимдүү келтирилип жатат. Эгер зарыл болсо мен аны каалаган жерде чыгара алам. Бир гана нерсе күч органдары менин булагымдын коопсуздугуна кепилдик бериши керек. Бир эсе мен респонденттин аты-жөнүн жашырууга журналисттик укугум бар.

Канткен менен сот процесси 28-августта өткөнү турат. УКМК сотко жазган арызында Саиповду коопсуздук кызматкерлеринин беделине шек келтирген деп айыптап, андан 20 миң доллар, же 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” буларды айтты:

- 31-майда ал УКМК тууралуу туура эмес маалымат жазган. Алгач аны чакырып, расмий эскертүү берилген. Бирок “атайын кызматтар 500 доллар алат” деген жалган маалымат коомчулукка тарап кетти да. Ошондуктан УКМКнын Ош облустук башкармалыгы өзүнүн аброюн, ар-намысын коргоо боюнча жарандык тартипте сотко арыз жолдогон. УКМК журналисттен коомчулук алдында туура эмес маалымат жазганын моюнга алып, кечирим сураса анда иш ушу менен эле тынчыйт. Биз азыр 1 млн. сом талап кылып жатабыз, анан соттун жүрүшүндө кандай болорун карап көрөбүз.

Кантсе да окуя журналисттер чөйрөсүндө жана Оштун жашоочуларынын арасында да кызуу талкууга кабылды. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Бакыт Ибраимов мындай дейт:

- Албетте журналистиканын эрежелеринде, ММК тууралуу мыйзамдарда деле анонимдүү булак менен маалымат берүү бар жана муну эч ким жокко чыгара албайт. Ошол себептүү Саипов бул жерде маектешинин атын жашырып атат. Буга анын укугу бар. Эгер муну сот талап кылса автор өзүнүн булагын ачыкка чыгарат, бирок каалабаса айтпай койсо да болот. Анан негизи атайын күчтөр текшерип аткан жарандардын ичинен өзбек тектүү тургундар көбүнчө өз атын айтпай интервью бергиси келет. Анткени алар кийин бизди келип бир нерсе кылат деп коркушат. Канткен күндө да бул жерде УКМК Шохрух Саиповдон 1 млн. сом төлөп берсин деп жатат экен, бул чынында чоң сумма. Бирок башка маселе сот Саиповду айыптуу деп тапкан күндө деле, жазапулду мындан азыраак чыгарат. Билишимче буга чейин моралдык зыян келтиргендиги үчүн жазананын эң чоң суммасы 25 миң сом болгон.

Жергиликтүү байкоочулардын бири Акылай Каримова болсо ишти сот териштирмейин бир жактуу пикир айтуу эрте экендигин белгилейт:

- Бизде коомчулукта эки тарапка тең ишенүү аз болуп турат. Анткени УКМК тарабынан бирөөнү коркутуу, же акчасын алуу болгон күндө деле журналист аны так, туура факты менен бериши керек эле. Эгер анонимдүү булак жөн эле пикирин айтса анда бир жөн эле, бул жерде ал бир тарапты айыптап жатат. Балким Саипов оюнан чыгарып жазып салгандыр, бул жагынан алганда ага шек жаралып жатат. А УКМКга ишенбей жатканыбыздын себеби, 2010-жылкы коогалаңдан кийин атайын кызматтар тарабынан, күч органдары тарабынан көп эле тургундарды кодулоо, ар кандай коркутуу болгонун моюнга албай жатканы. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Ошто жана ушул аймактарда тартип коргоо кызматкерлери тарабынан канча укук бузуулар болгонун ачыкташкан. Балким тиги факты ошонун биридир.

Fergananews.com кабарчысы Шохрух Саипов укугун коргоо боюнча кыргызстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылган. Анын ичинде “Чек арасыз репортерлор” коомунун Париждеги кеңсеси, Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо жана норвегиялык Хельсинки комитети бар.

Шохрух Саипов “Фергана” маалымат агенттигинде 2-3 жылдан бери иштейт. Буга чейин “Дайджест” жана "Студент Life" аттуу жеке гезиттерди чыгарып келчү.

Шохрух маркум журналист Алишер Саиповдун бир тууган иниси. Алишер Саиповду 2007-жылы Ошто белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле. Бирок ага күнөөлүү кишилерди күч органдары азырга дейре таба элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG