Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Франциядагы легиондо кызмат өтөгөн Арслан


23-февраль - Мекенди коргоо күнү. Глобалдашкан доорду өздөштүргөн кыргыз жигиттери алыскы чет жерлерде да аскердик милдетин өтөшүүдө.

Франциядагы атайын легиондо кызмат кылган жердешибиз Арслан Калматов аскердик турмушунун бир күнүн жана легиондогу өзгөчө тартип тууралуу айтып берди.

- Алтыдан он беш минут өткөндө катарга тизилебиз. Ким бар, ким жогу тизмектелет . Негизинен баары эле катарда болот. Андан кийин уборка - бөлмөңдү жыйнайсың, жуунасың, сакалыңды алыш керек. Бул жерде тартип өтө күчтүү. Сакалың кичине таза алынбай калса да жаза аласың. Биердин тили менен айтканда "губага" кетирет. А тургай беш мүнөт кечиксең да ошондой убактылуу жазаланган жерге кетесиң. Ага кириптер болгондо көчө шыпырасың, бөлүктүн ичинде жумуштарды жасайсың. Бир гана эс алууга чыкпайт.

Андан кийин сегизде конкреттүү жумуш башталат. Бул убакыттан тартып чуркайсың. Минималдуу 8ден 12 чакырымга дейре жүк артынып алып чуркаш керек. Бир саатка чейин чуркоо бул сөзсүз талап кылынган нерсе. 1800 километр чуркап өтөбүз. Бул бизге зарыл машыгуу.

Андан келгенден кийин саат тогуз болуп калат. Тогуз жарымга дейре жуунуп тазаланасың, спорт кийимин чечип алмаштырасың. Андан кийин негизги жумуш башталат. Көбүнчө атышуу машыгуусуна чыгабыз. Сөзсүз бирдеме жасалып туруш керек. Саат он экиге дейре эч качан бош болбойбуз.

Он экиден тарта түшкү экиге дейре түшкү тамактануу. Ошол мезгилде каалаган нерсени жасоого убактың да болот.

Түшкү экиде кайра жумуш башталат. Жалпы катарга тургандан кийин дагы машыгуу. Негизинен жөө басабыз. Легионерлер негизинен оор жүк асынып алып узакка жөө басышат.

Ар күнү 120 чакырымга дейре басып өтөбүз. Жонуңда жүк. Анда эки-үч күндүк тамак-аш, уктоочу төшөнчүң менен, баш аягы 25 килого жеткен жүк менен үч күндө ошончо чакырымды басып өтөбүз. Буттар жооруйт.

Биздин каарман Арслан Калматов Сузак районунун Жашасын айылында төрөлүп өскөн. Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, андан кийинки тагдырына ушул Франциянын Марсел легионунда аскер кызматын өтөө буюруптур.

- Үйлөнүшүм керек эле. Ошо 2008-жылдары го дейм. Сүйлөшкөн кызым менен пикирим келишпей калып, анан бул жакка келе бердим. Бул легион тууралуу баары эле билишет го дейм. Бизде го көбү билбесе керек, а Батышта баары эле билет. Бирок мен билчүмүн, бул тууралуу маалыматым бар эле. Өтпөсөм кайра Екатеринбургга кетмекмин. Бирок өтүп кеттим. Алгач Парижде кабыл алат. Атайын кабыл алуучу жери бар. Андан соң Марселдин Обан деген жерине алып келет. Медициналык, анан психологиялык кароодон өтөсүң, Кадимкидей тест тапшырасың, Бир жумадан бир айга дейре кармашы мүмкүн. Эгер проблема болбосо бат эле өткөрүп жиберет. Андан соң Кастенадари деген Испаниянын жанындагы жерге жөнөтөт.

Алгачкы алты ай абдан татаал, тозок менен өтөт. Таңкы саат алтыда ойготушат. Ошондон түнкү саат бирге дейре тыным жок. Чыдабай кетип калгысы келет. Бирок артка кайткандан эмне пайда? Төрт айдан кийин, андан соң алты айдан соң жакшы болуп кетер деген үмүт менен күн санаганын, чыдоонун артында жакшы күн барын, чыдамсыздана күткөнүн айтат:

- Анан ал жерден алты айга чейин чыдабасаң өзүң суранып чыксаң болот. Кааласаң кетип кала бересиң. Жумуш оор чынында. Сенин физикалык көнүгүүң биякта эле калат. Психологиялык жактан өтө кыйнашат. Ар кандай сөз айтышат, кемсинтишет. Баары эркектер. Эркектер бар жерде кандай болорун билесиз да. Бул жерди концлагер деп атаса да болот. Атайын чыдайт бекен деген ойдо ушундай тартип орнотушкан. Эч ким сени киши катары санабайт. Интернет, телефон, а тургай телевизор деген да болбойт. Болгону кийим-кече, тамак-аш берет. Алты айга чейин аябай эле кыйын болду, бирок чыдашка туура келди. Система ошондой. Буларга биринчи кезекте ушундай темирдей тартип керек. Көбү чыдашкан жок. Мисалы бизде алтымыш бала болсо ошонун ичинен 15-20 эле бала калган. Калган балдардын баары кетип калышты.

Легионго кызмат кылууну каалагандарга француз тилин билүү деле зарыл эмес. Дүйнө жүзүндөгү ар улуттун өкүлдөрү болууга тийиш, дене-мүчөгө деле чектелген талап жок, жашы кыркка жетелек, үйлөнбөгөн эркектер кабыл алына берет. Мурунку убактарда легиондо кызмат кылгандар жеке коопсуздугу үчүн аты-жөнүн алмаштырып жашыруун ат менен кызмат кылышар эле. Азыр болсо эркин. Кааласа өзгөртүп алышат.

Кытай улутунан өзгөчө көп бул жерде. Аябай чыдамкай болушат. Дагы кыргыздар деле кудайга шүгүр. Легиондо өзбек, тажиктерди көргөнүм жок. Азербайжан, грузиндерди да жолуктура элекмин. Кыргыздар бар. Жалпы полктон топтосо он чакты кыргыз чыкса керек.

Легиондо кызмат кылгандар үчүн айлык акы жетишерлик чектелген. Арсландын максаты - беш жылдык мөөнөтүн бүтсө айылдагы ата-энесине барып, үйлөнүп-жайланып андан соң Францияга кайра келүүгө деле даяр.

- Кыргызстанга барсам биринчи ата-энемдин жанында эки жыл жашайм. Бул убакытта легион каржылап турат. Үйлөнүш керек. Анан кайра бул жакка келишим мүмкүн.

Франциядагы аскер легиону - жалаң чет өлкөлүктөрдөн куралган бөлүк. Учурда 136 өлкөдөн келген жети миңдей аскер кызмат кылат. Бул легиондун аскерлери Франциянын кызыкчылыктарын коргоо үчүн дүйнө жүзүнүн кооптуу аймактарына жиберилет.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG