Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Орусияга ыктаган тышкы саясат


Роза Отунбаева кызматын жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берип жаткан учурдан. Бишкек, 1-декабрь, 2011.
Роза Отунбаева кызматын жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берип жаткан учурдан. Бишкек, 1-декабрь, 2011.

Экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстандын көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүсү улуттук кызыкчылыкка дал келээрин айтып чыкты.

Роза Отунбаева ошондой эле көп вектордуу саясат азыркы кезде эң чоң маселе болуп жатканын белгилеген. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин тышкы саясатта Орусияга багыт алууну табигый көрүнүш катары атаган эле.

Көп вектордон бир векторгобу?

Кыргызстан Конституциясы боюнча тышкы саясатты президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш макулдашуу менен жүргүзүш керек. Бирок парламент “Тышкы саясат жөнүндө” мыйзам кабыл алып, анда тышкы саясатты президенттин ыйгарым-укугуна өткөрүп берген.

Мына ошол ыйгарым-укуктарына ылайык, президент азыркы кезде тышкы саясатты жүргүзүүдө. А тышкы саясат Орусияга багыт алышын Алмазбек Атамбаев мындайча түшүндүргөн:

- Биздин кошунабыз Орусия да. Баарын ойлонуп туруп багыт алыш керек да. Анын үстүнө Орусия, Казакстан менен бизде чечилбей турган бир дагы талаш нерсе жок. Келечекте да талаша турган эч нерсе болбойт. Бизге жаныбызга тура турган, керек болсо биз менен душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек.

Президент Атамбаевдин мына ушул саясатынын негизинде Москва Кыргызстанды кучагына ар тараптан алып баратат.

Алмазбек Атамбаевдин ыңкылапчыл пикирлеши, мурунку президент Роза Отунбаева болсо Кыргызстан эгемен доордон бери жүргүзүп келаткан көп вектордуу тышкы саясаты туура болгонун 7-майда тышкы саясатка байланыштуу конференцияда билдирди. Роза Отунбаеванын айтымында, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен кызматташуусу керек. Бул анын улуттук кызыкчылыгына туура келет. Бирок азыркы кезде көп вектордуу саясат эң чоң маселе болуп турат, деп белгилеген экс-президент.

Баары менен мамилелешүү мүмкүнбү?

Саясат таануучу Марс Сариев болсо көп вектордуу саясат жүргүзүү үчүн азыркы кезде мүмкүнчүлүк тарып баратат деген пикирде:

- Дүйнөдө абал таптакыр өзгөрүп кетти. Мурунку эл аралык келишимдер, укуктар иштебей калды. Ким күчтүү болсо, ошонуку туура болот деген кырдаал түзүлүп калды. Ошол үчүн көп вектордуу саясат жүргүзүү Кыргызстанга аябай татаал. Ошондуктан Атамбаев Орусияга бурулуп жатат. Бул дагы туура. Бирок бизге тышкы саясатта маневр жасаганга мүмкүнчүлүк азайып баратат.

Марс Сариевдин пикиринде, буга карабай Кыргызстан батыш, чыгыш мамлекеттери менен мамилесин мүмкүн болушунча сакташ керек.

Роза Отунбаеванын сөзү Кыргызстандын тышкы саясатында балансты сактоого кызмат кылат деген Сариев экс-президенттин бул билдирүүсү менен азыркы президенттин ортосунда тышкы саясат боюнча карама-каршылык пайда болду деп ойлобосун кошумчалады.

Мурунку президент Роза Отунбаева дипломат катары батышта көп жыл иштеген. Ошондуктан президенттик кызматта да ал Европа жана АКШга байма-бай каттап, Кыргызстандын көп вектордуу саясатын күч алдырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков азыркы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга таянган бир жактуу тышкы саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, бул өлкө эгемендүүлүгү үчүн зыяндуу. Ошондуктан Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин идеологиялык көз карашында карама-каршылык пайда болду дейт Жээнбеков:

- Экөөнүн келечектеги тагдыры кандайдыр бир деңгээлде бир топ маселелер боюнча бири-бири менен байланышып калган. Бирок Отунбаеванын көп вектордуу саясатты колдогону, ал эми Атамбаевдин бир вектордуу саясатты колдогону, чынында эле идеологиялык жактан бири-бирине туура келбеген саясат. Эртеби-кечпи экөөн карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн.

Кыргызстандын белгилүү дипломаттарында да тышкы саясат боюнча бир жактуу пикир жок. Маселен, Муратбек Иманалиев Транзиттик борбор Кыргызстандын АКШ менен байланышкан бирден-бир каналы экенин чочулоо менен эскертсе, Аликбек Жекшенкулов президенттин тышкы саясаттагы кадамдарын колдоп келет.

Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясат жүргүзөрү 2007-жылы бекитилген тышкы саясат боюнча концепцияда бекитилген. Аны эч ким жокко чыгара элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG