Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Азык-түлүк баасы кескин кымбаттады


Кыргызстанда акыркы күндөрү ун, шекер, май, күрүч сыяктуу керектүү азык-түлүктөрдүн баасы 3 пайыздан 10 пайызга чейин жогорулаган.

Жамила айым борбордогу Ош базарында азык-түлүк сатат. Анын айтымында, акыркы аптада күнүмдүккө керектелчү азык-түлүктүн баасынын кескин өскөнү байкалды:

- Шекер мурда 45 сом болсо, азыр 55 сомго көтөрүлдү. Күрүчтү 54 сомдон алып, 60 сомдон сатып жатабыз. Мындан башка ундун, макарондун баасы да көтөрүлдү. Булардын кымбатташынын себебин сурасак, доллардын курсу өстү деп айтып жатышат. Негизи жазында баа 1-2 сомго көтөрүлчү. Бирок дароо эле 10 сомго чыгып кеткен эмес.

Базарда биринчи сорттогу 1 кап ундун баасы 100 сомго чейин, уй этинин килограммы 10-15 сомго чейин көтөрүлгөн. Ун саткан Жыргал Усупбаева ортомчулар, алып-сатарлар да баанын өсүшүнө таасир этип жатканын белгиледи:

- Ундун баасы бир күндө эле 50-60 сомго көтөрүлдү. Бул жерде ортомчулар да өзүнүн баасын кошуп жатат. Акыркы күндөрү тамак-аш 100 сомго кымбаттады.

Карапайым элдин көбү баанын көтөрүлүшүнө нааразы болууда. Бүгүн базарга азык-түлүк алганы келген Бишкектин тургуну Уулкан баанын кескин өскөнүнө таң калганын айтты:

- Баарын эле долларга шылтап кымбаттатып жатышат, билбейм эми кайда барат? Элге эле кыйын болду да. Керек болгондон кийин канча кымбаттатса да алууга туура келет экен. Ыйлап-сыктап эле алып жатабыз.

Расмий бийликтер да доллардын курсунун көтөрүлүшү азык-түлүккө баанын кескин өсүшүн шарттаганын билдирүүдө. Экономика министрлиги 27-февралдан тарта базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүүдө. Аталган мониторингдин жыйынтыгы тууралуу министрликтин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев төмөнкүчө айтып берди:

- Негизинен кумшекердин баасы кескин көтөрүлүп, акыркы апта ичинде 9 пайызга жетти. Ал эми калган товарлардын баасы 1-3 пайызга чейин көтөрүлдү деп айтсак болот. Учурда өкмөт бул боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Жумалиев кошумчалагандай, 3-марттан тарта өкмөттө алгачкы керектелчү азык-түлүктөрдүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия учурдагы абалды жөнгө салуу боюнча атайын план иштеп чыгып, жакынкы аралыкта өкмөткө сунуштоосу керек.

Антсе дагы азык-түлүккө бааны жөнгө салуу боюнча өкмөттүн аракети жетишсиз болгонун сындагандар четтен табылат. Мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров мындай кырдаалда өкмөт Улуттук банк менен эртелеп аракет көрүшү керек болчу деген пикирде:

- Негизи эле өкмөт менен Улуттук банктын сомдун курсунун түшүшү боюнча билдирүүсү кечеңдеп калды. Бул билдирүүдө валюталык - каржылык кризистин Кыргызстанга кесепетин жоюу боюнча механизмдер жок экен. Кыргызстанда улуттук валюта канчалык девальвация болсо, азык-түлүккө баа андан эки эсе көтөрүлөт. Муну баары эле билишет. Сомдун курсу түшүп жатканда өкмөт Улуттук банк менен бирге дароо чечкиндүү чараларды көрүүсү керек. Жалаң валюта менен эле интервенция кылган болбойт. Бизде азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн 9 түрдүү азык каралган. Мына ушуларды да аялуу катмарга таратып, интервенция кылыш керек болчу.

Кыргызстанда өткөн аптада доллардын курсу кескин кымбаттап, 1 доллар 58-60 сомго чейин көтөрүлгөн. Улуттук банк мындай кырдаалда жыл башынан бери 90 миллион долларга чейин интервенция жасап, кармаларын билдирген. Өкмөт менен Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармап, азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн бирдиктүү аракет көрөөрүн убада кылып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG