Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Грейс: “Азаттыктын” иликтөөсү фильм тартууга негиз болду


Фред Грейс менен Кубанычбек Жолдошев "Азаттыктын" студиясында, 28-июль, 2014.
Фред Грейс менен Кубанычбек Жолдошев "Азаттыктын" студиясында, 28-июль, 2014.

Британиялык продюсер Фред Грейс “Ысык-Көлдүн кумга сиңген миллиондору” деген “Азаттыктын” иликтөөсүнүн негизинде даректүү тасма тартууда.

Март айында жазылган “Ысык-Көлдүн кумга сиңген миллиондору” деп аталган иликтөө макалада Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна “Кумтөрдөн” бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактылары, ушуга чейин бир дагы кызмат адамы жоопко тартыла электиги, мектеп, бала-бакча жана социалдык объекттердин курулушу аягына чыкпай токтоп турганы жазылган.

Фред Грейстин даректүү тасмасында кен казуу тармагындагы мына ушул жагдайлар камтылып, жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратып, чыр чатактын чыгышына себеп болгону чагылдырылат.

"Азаттык": “Ысык-Көл” өнүктүрүү фондундагы кыңыр иштер тууралуу даректүү фильм тартуу идеясы кантип пайда болду?

Грейс: «Кен казуу тармагындагы ачыктык» деген эл аралык алкакта иштеген бейөкмөт уюмдардын түйүнү бар. Мына ошонун сунушу менен Кыргызстанда кен казуудагы бир топ фактыларды, ар кыл көз караштарды, түрдүү пикирлерди тартканы келдик. "Ысык-Көл" өнүктүрүү кору жөнүндө "Азаттыктын" кабарчысы жазган макала биздин назарыбызды бурду. Кандайча бул корго бөлүнгөн каражат туура эмес бөлүштүрүлүп пайдаланылганы, кенге чукул жайгашкан аймактардагы адамдардын социалдык муктаждыктарына акчанын жетпегени бизди кызыктырды. Жергиликтүү калк мына ошол бөлүнгөн каражаттан көп жыл бою пайда көрбөй, бул тармакты жемкордук уялап келген фактыларды биз бул жерге келип, Кубанычбек Жолдошевдин аналитикалык макаласынан окуп, коррупциянын деңгээлин, акча кайда жоголгону тууралуу так маалымат алдык. Андыктан "Азаттыктын" журналистинин биз менен Ысык-Көлгө чогуу барып, баарын түшүндүрүп, бул кыңыр иштердин көл аймагындагы карапайым адамдардын жашоосуна таасири кандай болгону тууралуу маалымат менен бөлүшкөнү абдан пайдалуу болду.

"Азаттык": Сиздер Ала-Бука, Чаткал райондорундагы алтын кендеринин иши менен таанышып келген экенсиздер. Ал жакта абал кандай экен?

Грейс: Биздин бул жакка келген максатыбыз дагы ошол жерлердеги жагдайды көрүү эле. Кыргызстанда Калия Молдогазиева жетектеген «Өмүр дарагы» бейөкмөт уюму бул багытта абдан алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Биз кендерди өз көзүбүз менен көрүп, даректүү фильмдер аркылуу анын маанисин эле жеткирели дедик. Ала-Букага алгач барганда ал жактагы алтын кендеринде коомчулук менен иштешүү жакшы жолго коюлганын көрдүк. Кен казуучу ишкана, жергиликтүү эл жана өкмөттүн ортосунда позитивдүү система түзүлө баштаптыр. Өз ара пайдалуу кызматташтык – ошол кенге жакын жайгашкан жергиликтүү тургундар билим берүү жагынан, иш менен камсыз болууда жана ошол аймакка инвестиция салууда пайда көрөт. Ошондой эле экологиялык маселелер дагы иштин башында эле чечилет, маселен кен казуучу компания айылды аралап аккан дарыяга чукул жерде өндүрүштүк калдыктар үчүн кампа курабыз десе, жергиликтүү тургундар «токтоткула, карасаңар, бул жерде биз үчүн чоң көйгөй жаралат» деп ачык айтса, кен казуучу андай кампаны башка жерге көчүрөт. Бул үчүн тараптардын ортосунда ачык-айкын диалог болуусу абзел. Калия Молдогазиева баштаган активисттер мына ушундай ачык сүйлөшүүлөрдү кандайча жүргүзсө болоорун, анын моделин көрсөтөт. Андан кийин биз узак жол басып Чаткалга бардык, ал жерде тескерисинче жумушсуздук, дарыгерлердин жоктугун, социалдык программалардын иштебегенин, экологиялык проблемаларды көрдүк.

"Азаттык": Кен казуучу компания менен жергиликтүү калктын ортосунда келишпестиктер чыгып, кээде кагылышууга чейин барган учурлар болду. Сиздин даректүү фильмде мына ошондой карама-каршылыктарга негиз болгон жагдайлар баяндалабы?

Грейс: Кыргызстанда көпчүлүк жерлерде диалог менен ачык-айкындуулук канчалык маанилүү экенин көрдүк. Жергиликтүү калк эмне болуп жатканын билбесе, албетте, кыжырланат. Бул кайда гана болбосун, жашоонун кандай формасында болбосун ушундай. Адамдардын чакан тобу эле пайда көрбөй, иштин башынан мүмкүн болушунча ал кендин пайдасы көпчүлүккө тийсе - эч кандай проблема жаралбайт. Эгер иш башкача уюштурулса, албетте, нааразылыктар жаралып, демонстрациялар менен уланып, ал тургай зордук зомбулукка чейин жетет. Ачык айкындуулук – учурдагы демократиянын бирден бир маанилүү бөлүгү. Биз тартып жаткан документалдуу тасмада мына ошондой жагдайлар камтылып, карапайым адамдарга кен казуучулар менен кандай иштешүү керектиги тууралуу түшүнүк берип, чыңалууну жөнгө салууда аз да болсо таасирин тийгизет деп турабыз.

"Азаттык": Кен казууга байланыштуу нааразылыктар чоң саясатка айланып, карапайым калк анын курмандыгы болуп калган окуялар болду. Мисалы былтыр Жети-Өгүздөгү каршылык акциясы башаламандыкка айланып кетип, андан жараат алгандар, соттолгон адамдар болду. Мына ошондой протесттердин чыныгы себептери фильмде чагылдырылабы?

Грейс: Каршылык көрсөтүү, нааразылыкка чыгуу – бул дагы пикир билдирүүнүн бир өтө маанилүү формасы да. Бийликтегилер менен элдин ортосундагы байланыш начарлаганда протесттер көпчүлүктүн ой-пикирин билдирүүнүн жалгыз жолу болуп калат. Кээде ал башаламандыкка жеткирет, аны жөндөөдө айрымдар запкы көрөт дагы ачуулангандардын тобу пайда болот. Бирок эң башкысы протесттерге жеткирген кызыл чекке чейинки себептерди аныктоо. Андай себептер башка жактан жаралбайт же тиешеси жоктор эле тамашалап ойлоп чыкпайт. Мындай нааразылыктар карапайымдардын үнүн эч ким укпай калганда, алар үчүн андан башка жол калбаганда келип чыгат. Мына ошол каршылык көрсөтүүгө негиз болгон учурлар фильмдин негизги өзөгүн түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG