Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:23

Эркиндик / Сөз эркиндиги

"Фергана.ру" сайтына Кыргызстан тыюу салган жатат

Жогорку Кеңеш Баш прокуратурага kg зонасында “Фергана.ру” сайтына бөгөт коюу тапшырмасын берди. Чечим июнь коогасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүнүн негизинде кабыл алынды.

Текст көлөмү - +
Ал арада айрым депутаттар жергиликтүү “Дизель” жана “Парус” интернет басылмалары улут аралык кастыкты тутантууда деп, аларды массалык маалымат каражаттарына теңдөө демилгесин көтөрүп чыкты.

Жогорку Кеңеш "“Фергана.ру” сайты Кыргызстанды каралоону негизги максаты кылып алды, ошондой эле улут аралык кастыкты жагууда" деп эсептейт.

Парламент июнь коогасын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын бүтүмүнө таянып, “Фергана.ру” сайтын kg  (кейжи) зонасынан ачылбагандай кылуу тапшырмасын үч айлык мөөнөт менен Баш прокуратурага жүктөдү.
Кыргызстандыктар сервер аркылуу, анономимайзер аркылуу окуй ала беришет. Бүгүнкү күнү анын жолун таба турган технологиялар аябай көп.

“Фергана.ру” сайтына "былтыр июнда түштүктөгү этнос аралык кагылышта бир улутка жан тартып, этностор аралык кастыкты козутчу сүрөт-тасмалар жарыяланган" деп айып коюлууда.

Кыргыз парламентинин бул чечимине жооп кайтарган аталган сайттын баш редактору Даниил Кислов Кыргызстан “Фергана.ру” сайтына бөгөт койгон Борбор Азиядагы биринчи өлкө эмес экендигин айтты:

- Ооба, Өзбекстан Анжиян окуясынан кийин “Фергана.ру” сайтына блок койгон. Бизди ошондой эле Түркмөнстанда, Тажикстанда кээде жаап коюшат. Эми өкүнүчтүүсү Кыргызстан да бул өлкөлөрдүн катарына кирип, бизди расмий түрдө жапканы жатат.

“Фергана.ру” сайтынын баш редактору кыргыз депутаттарына БУУ жакында эле интернетке кирүү укугун адам укуктарынын негизгилерине киргизгенин эскертти.

Даниил Кислов
Ал арада парламентте “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу кейжи домендүү эки сайт - “Дизель” менен “Парусту” жабуу демилгесин көтөрүп, бул сайттарда улут аралык мамилени козутчу маалыматтар тынбай жарыяланып турганын айтууда. Бакир уулу өлкөдө дагы бир кандуу окуя кайталанбаш үчүн бул чаралар зарыл деп эсептейт.

- 9-10 июнда parus.kg жана disel.kg сайттарын окусаңыздар төбө чач тик турат. Аны окуган өзбек, орус, кыргыз улуттары "бири-бирин балта менен чабыш керек, же мылтык менен атыш керек" деп, бири-бирине асылып, ушундай катуу сөздөрдү жазышкан экен. Ошондуктан бул нерсеге биз чекит коюшубуз керек эле.

Интернет баракчаларына мындай чабуулду медиа өкүл Акмат Алагушев кескин сынга алып, Кыргызстанда интернет цензураны орнотуу аракети башталганын билдирди.

- Эми техникалык жана мыйзамдык жактан муну кантип ишке ашырышаарын билбей турам. Бизде деле суроолор көп. Сайтты кантип блокко коет? “Кыргызтелекомго” буйрук беришеби? Бирок бул туура эмес. Тоскоолдук кылып, Түндүк Корея менен Кытайдагыдай болгон атпайбы?

Медиа өкүл Кыргызстанда интернет сайттарын ооздуктоо аракети буга чейин деле болгонун белгилеп, муну сөз эркиндигине карата кысым катары баалоодо.

Акмат Алагушев
“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук уюумунун жетекчиси Татту Мамбеталиева Жогорку Кеңештин сайтка бөгөт коюу чарасы техникалык жактан мүмкүн эмес деп, тескерисинче, бийликтер аталган сайтка бекер реклама кылып атканын белгиледи.

-  “Фергана.ру” сайтын блоктоо туура эмес чечим. Экинчиден, бул чара жардам бербейт. Кыргызстандыктар сервер аркылуу, анономимайзер аркылуу окуй ала беришет. Бүгүнкү күнү анын жолун таба турган технологиялар аябай көп. Бул, тескерисинче, “Фергана.ру” үчүн реклама болуп атат. Эми ал жерге көбүрөөк окурмандар кире баштайт. Техникалык жактан блокко коюу чарасы иштебейт.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан kz зонасындагы бардык интернет ресурстарын ММКга теңеп, аларга маалымат каражаттарындай эле жоопкерчиликтерди жүктөгөн. Ал эми Орусияда жарандар интернет баракчаларын каттоодон өткөрүүдө сайтты ММК, же жөн эле ресурс деп ажыратуу мүмкүнчүлүгү бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.06.2011 19:05
Байкот фергане ру баардык кыргыз жарандар келгиле озубуз эле ал сайтка кирбейда окубайда коёлук, бизге коп пайда болот биринчиден убактыбызды сактайбыз экинчиден нервти сактайбыз. Пайдасы коп ал сайтка кирбегенден, психалогиян да бузулбайт, ардайым негативдуу статьяларды жазышат,
Азаттыктан да суранат элем сиздерде да негатив кобуюп баратат, позитивтен кобуурок жазгылачы!

кимден: Altynai каяктан: Germany
22.06.2011 18:53
Jakschy pikir, daiyma Fergana.runu okusan ele Kyrgyzdardy jamandagany jamandagan, okugan saiyn alemimdi joldoschumdan chygarchuumun, joldoschumdun yiy Kudaiga jetken okschoit, maga aybai jakty bul pikir. Joldoschumda suinup kalat eken da.

кимден: Анти Фергана Ру каяктан: Астана
21.06.2011 18:59
Бул сайт башка улут өкүлдөрүнүн кыргыздардын өсүтүнөн күлө турган сайт. Башка эч ылайыктуу сөз айта албайм. Жабыш керек 3 айга созуп отурбай, эртеге эле жабыш керек

кимден: 555 каяктан: Kabul
20.06.2011 12:54
En tuura chechim. Yun okuyalarinda jariyalangan makalalarin okup chiksanar, tobo chachinar tik turat. Kirgizdar ozbekterdi ele emes, orustardi, tatarlardi da kirip salgan. anan bir kancha orus taap, alardan maek alip koygon. orustardin kolu titilip ketse dele chirilday berme adati bargo, boyrokton shiyrak chigarip.
Al emi buga karshi chigip jatkandar bolso, emi NPOlor da, bayaki ele, amerikanin sozun suylop, eptep akcha alip kalishtin amalin kozdogon mankurt, jurogu dollar dep sogup kalgan kirgizdar. Negizi, ushular da jaman tajatti, ozubuzdun dushmandaribiz kop bolgonu az kelgensip, bir kumalak, bir karin maydi chiritet bolup.
Iygilikter

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2011 23:41
Эн туура чечим! Колдойм!! " фергана.ру" суук,негативден башка эч кандай жакшы жанылык жазбайт Кыргызстан тууралуу.
жарандарыбыз бул сайтка кирбегидей кылып тамыры менен жабуу керек.
Будь проклят " фергана.ру" сайт!

кимден: kg каяктан: zarubezh
18.06.2011 15:02
tuura, zhabysh kerek!

soz erkindigi dep ele, oozuna kelgendi zhaza berish kerekpi? Kommentariyler chykpayt. (azattykta dele keede chykpayt dechi). Statyanyn avtoru korunboyt. kim kaisy kunu kayaktan zhazganyn bilbeysing.

fergana.ru dalili zhok nerselerdi zhaza beret, misaly "kyrgyz kuch strukturalary Alisher Usmanovdu izdoogo saldy" dep kulup mazaktap bir statya zhazyshkan. bir zhumaga zhetpey ozdorunun saytynda: "Eto byla lozhnaya informatsia, izvinyaemsya u gosp. a.Usmanova" dep kayra kechirim surashkan.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2011 13:49
Мен абдан кубанычтамын бул кабарга себеби мен атайын сообщество тузойун деп жургон "Байкот Фергана.ру сайту" деген аталыш менен жана аны менен бирге ошол сообществого элдерди тартып фергана.ру сайтына кирбегенге жана окубаганга угут жургузмокмун, бирок менин оюмду кудай укканго.

кимден: Kyrgyz uulu каяктан: Kyrgyzstan
18.06.2011 13:31
Элчиге өлүм жок, кабарчыга, журналистке тоскоол жок болгону жакшы.
Саясатчылар аша чаап кетишти.
Бу саясатчыларды четтен камай баштаса кайра эле кабарчыларга жалдырашат "менин окуямды туура чагылдыра көр" дешип.

кимден: БАЛА каяктан: РАША
18.06.2011 12:33
Фергана ру негизи болбогон сайт. блок койсо жакшы болот. эгер комментарийлер бироого каршы, жаман соз болсо чыгарышат, комментария жакшы болсо чыгарбайт. Чыр чатак чыгарыш учун жакшы сайт.

кимден: Caira каяктан: ош
18.06.2011 10:09
Эң туура чечим болгон.Ооба качан ачсаң ушуд сайтты Кыргызстанды жамандайт.
Окуп олтуруп жаның кейит,дайыма өкмөткө капа болуп окучумун,эч кандай чечим кабыл албай жатканына.
Ар ким ар нерсе дей берет, парламент туура чечимдерди кабыл ала баштады. Кээ бирөөлөргө жакпайт, көпчүлүккө жагат.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)