Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Нарын: айыбы ачылган жалган "апрелчилер"


2010-жылдын 7-апрели, Бишкек
2010-жылдын 7-апрели, Бишкек

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптын баатыры наамын жана мамлекеттен акчалай колдоону алдамчылык менен алды деп шектелген эки кишинин ишин териштирип жатат.

Буга чейин ушундай негизде эки жылга шарттуу кесилген бир жаран март айында кыз зордуктады деген шек менен камакка алынган.

Кыз зордуктады деп шектелген жана мамлекетти алдады деп айыпталып жаткан Сейитбек Осмоналиев беш убак намаз окуп, дин жолуна түшкөн адамдардын катарында саналып жүргөн. Ал өз агасынын секелек кызын зордуктады деген шек менен март айынан бери камакта отурат. Азыр тергөө иштери уланып жатканын тартип коргоо кызматтары кабарлашууда.

Февраль айында болсо Осмоналиевди Нарын шаардык соту көз боёмочулук кылды деп, эки жылга шарттуу эркинен ажыратып, мамлекеттен алдамчылык жол аркылуу алган акчасын кайтарып берүүгө милдеттендирген. Ал "2010-жылкы апрель ыңкылабына катышып жабыркадым" деп калп айтып, мамлекеттен "Апрель баатыры" наамын жана 750 миң сом акча өндүрүп алган болчу.

Нарындагы нааразылык акциясы, 7-апрель, 2010-жыл
Нарындагы нааразылык акциясы, 7-апрель, 2010-жыл

Апрель окуясынын катышуучусу Асыл Жаманованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Осмоналиевдин колум сынды деген алдамчылыгы апрелчилердин жана айылдаштарынын жардамы менен ачыкка чыккан:

- Биз ошол кездеги окуянын күбөсү катары бул адамга 21 адамдын колу менен кайрылуу катты Нарын ОИИБге бергенбиз. Бул тууралуу прокуратурага жана УКМКга кайрылганбыз. Мындан сырткары турак жай алуу үчүн 700 миң сом өкмөттөн алган Нарындагы 10 кишинин арасында да бар. Алар да биздин кайрылуубуздун негизинде иликтенип жатат.

Тергөө учурунда Сейитбек Осмоналиевдин колу 7-апрелдеги Нарында өткөн саясий акцияда эмес, 11-апрелде тууганы менен урушканда сынганы, 12-апрелде ооруканага түшкөнү тастыкталган.

7-апрель, Бишкек
7-апрель, Бишкек

Ошол кездеги окуяда баштан аяк жүргөн коомдук активист Эркин Асаналиев "Апрель баатыры" наамы менен кошо мамлекеттик компенсацияны негизсиз алгандардын көбөйүп кетишине парламенттик шайлоо алдында саясатчылар өздөрү да шыкакчы болушу мүмкүн деп шекшийт:

- Ошол кездеги шаар мэри Алмаз Кулматов жана облустук оорукананын башкы врачы Мурат Атпаев менен кыдырганда ооруканада болгону үч-төрт гана адам жаткан. Ал эми кайрылгандар тогуз адам болгонуна баарыбыз эле күбө болгонбуз. Анан кандайча ушинтип көбөйүп кеткенин билбейм. Бул 2010-жылы парламенттик шайлоодо КСДП жана "Ата Мекен" сыяктуу партиялар келип, бизге кошулсаңар "Апрель баатырын" беребиз дешкенинен улам көбөйүп кетсе керек.

Нарын облустук милициясы акыркы териштирүү иштерине таянып, 7-апрель ыңкылабында жабыркагандар үчүн өкмөт чектеген 50 миң сомдон компенсацияны тиешеси жоктор да алган деген тыянагын айтууда.

Расмий маалымат боюнча, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 7-апрелде Нарындагы акцияларда жабырланган деп саналган 48 кишиге 50 миң сомдон, 3 кишиге 100 миң сомдон жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG