Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:23

Саясат

Текебаев: "Экс" макамын татыктуулар гана алат

Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден "экс-президент" макамын алып салуу демилгеси көтөрүлдү. Бул багытта мыйзам долбоорун даярдап жаткан депутат Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
- Сиз “Президент жөнүндө” мыйзамды даярдап, мурдагы эки президенттен “экс” макамын алып салууну сунуштап жатасыз. Бул маселе эмне себептен ушул маалда көтөрүлүп жатат?

- Мурун эки мыйзам болгон: “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги” жана “Экс-президент, биринчи президент жөнүндө” мыйзамдар. Баарын бириктирип, азыр “Президент жөнүндө” мыйзам иштелип чыгып жатат.

Бул мыйзамда президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери берилет. Жаңы шайланган президент кызматка, такка кантип отурат? Мурункусу кантип кетет? Кеткенден кийин анын макамы кандай болот? Мына ушулар аныкталган болот.

Экинчи бөлүгү, президент болгондон кийин президентке кандай чектөөлөр коюлат? Мисалы, президент Кыргызстанда төрага же премьер-министр жок болсо, сыртка чыгып кете албайт деген чектөө киргизилгени жатат. Мындан алты ай мурун төрагасы да, президенти да, премьери да чет жакка учуп кеткен учур болду. Кыргызстан башкаруусуз калган. Ушуга окшогон чектөөлөр коюлат.

​​Андан башка президенттин иштөөсүнүн кепилдиги берилет. Мисалы, президент оппозициядан келип калса, өкмөт менен парламенттеги көпчүлүк акча бербей, өгөйлөтүп, кемсинтип, кысып коюшу мүмкүн. Мына ушулар болбошу үчүн ким президент болсо да анын иштешине кепилдиктер берилип жатат.

Акыркы бөлүмү экс-президенттер жөнүндө. Конституцияга ылайык, кызматтан өз ыктыяры менен кеткен же мөөнөтү бүтүп, абийири менен кеткен президентке экс-президент деген макам берилет. Ал эми өз ыктыяры менен кетпеген президенттерге бул макам берилбейт.

Убактылуу өкмөттүн атайын декрети менен экс-президент деген статус Бакиев менен Акаевден алынып салынган. Мыйзамга дагы мына ушундай норма киргизилгени жатат.

Ушул эле мыйзамдын жоболорунда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага экс-президент деген статус берилет. Экс-президент мамлекеттик камсыздандыруудан башка, дагы алардын коомдук иш-аракети мамлекет тарабынан кепилденип, алардын тажрыйбасы пайдаланылат. Мисалы, экс-президентти мамлекеттик чоң иш-чараларга сөзсүз түрдө катыштырууну мамлекет өзү милдетин алат.

​​- Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден бул макамдын алынышы жана мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, элестүү айтканда, Кыргызстандын 2010-жылга чейинки тарыхы кара бойок менен калды, жаңы тарых апрель окуясынан кийин гана башталат дегенди көрсөтпөйбү? Маселен, жаманбы-жакшыбы Аскар Акаев өлкө үчүн алгылыктуу иштерди жасаган деп эсептегендер бар го.

​​- Жок, көпчүлүгү түшүнбөй Текебаев Акаев менен Бакиевди тарыхтан чийип койгону жатабы дешет. Тарыхта алар калат. Тарыхта өздөрүнүн ордун алар аныктады.

Кеп экс-президенттин макамы жөнүндө болуп жатат. Экс-президент деген статус өз абийири менен бийликтен кеткендерге, татыктууларга гана берилет. Биринчи учур, мөөнөтү бүтүп кызматтан кеткендер, экинчи учур, өз арызы менен кеткендерге гана берилет. Импичмент болгондо, же өлкөсүн таштап качканда, же күч менен кеткен учурда аларга мындай статус берилбейт. Ошо статус жөнүндө болуп жатат.

​​Экс-президент статусу үчүн мамлекет айлык берет. Биз Бакиев менен Акаевге айлыгын бирине Беларуска, экинчисине Москвага жеткирип берелиби? Экс-президентти эл жыйналган чоң чогулуштарга чакырып, "мына, биздин аксакалыбыз" дейт. Эмне биз аларды алып келип, төрүбүзгө отургузуп, сыйыналыбы? Алар тарыхта калды. Өзүлөрүнүн ордун алар өз ишмердүүлүгү менен аныкташты. 

- Эми алар статустан ажыраса, Кыргызстанга келип калышса, алар кармалабы? Аларга да кандайдыр чара көрүлөбү?

- Бул статус ал маселелерди аныктабайт. Эгерде кылмыш иши козголгон болсо сөзсүз түрдө кармалат. Эгерде кылмыш иши жок болсо алар жаран катары келе берет. Алардан экс-президент деген формалдуу эмес укукту эч ким ала албайт. Бирок мамлекет аларга экс-президент катары камкордук көрбөйт.

- Эми мыйзам долбоор качан кабыл алынат?

- Биздин мыйзам долбоорунун демилгечилеринин көз карашы боюнча жаңы президент такка отурардан мурун кабыл алынып күчүнө кириши керек. Анткени бул жерде президенттик кызматты өткөрүп берүү аземи кандай болот? Анты кандай болот? Президенттин белгилери кандай болот? Ушулардын баары бул мыйзам менен аныкталмакчы.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: i love you каяктан: bishkek
16.11.2011 10:42
Текебаевди урматтайм, премьерлик жарашат ага!

кимден: тундук каяктан: туштук
14.11.2011 23:58
экоо тен экс президент деген наамга татыксыз. Акаев элди соргон пирамиданын формуласын ойлоп тапкан,курган,иштеткен. Бакиев улап кеткен. .АШАда иш коп окшойт.Текебаев эч кимди аяба. алар элди аяган эмес.

кимден: Акылбек каяктан: Россиядан
14.11.2011 13:36
Зкс-президент статусу "референдум" аркылуу элдин добушу менен алынышы керек. ЖК чечими менен бул статус алынбайт, себеби президентти эл шайлайт. Убактылуу окмоттун декрети менен да алып салууга болбойт.Бул деген юридикалык жактан каталык болуп эсептелет.
Экс-президент ала турган мамлекетиик айлык тууралуу соз боло турган болсо: тушунуктуу, качып кетсен, айлык жок.
Ушул Текебаев жок жерден,болбой турган нерсени издебей, бир элге пайдалуу жумуш кылса болот эле.
Тарых билет, Акаев, Кыргыз мамалекети учун жакшы эле жумуштарды жасап кетти. Жаман жагы- элди тоноп, качып кеткени болду. Кекиртегин кысканда-Кыргызстан жакшы эле бутуна турмак эле!!!!!

кимден: Ариец
14.11.2011 11:49
Муну Текебаев чечбейт, анан элдинн атынан суйлогонду койсун. Эки президент тең мыйзамдуу турдо (элдик шайлоо) бийлике келген.Апежебиз болсо бийлике мыйзамсыз келип, каяктагы мыйзамдуулук жонундо мыйзамдуу бийликти откоруп жатат. ТАРЫХ баарына тараза. Келечек муунга уят болбосок эле болду, МЫЙЗАМСЫЗ нерселерди мыйзамдуу деп. Убакыт келди АКТЫ АК, караны кара дей турган

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.11.2011 08:20
Омурбек аке,спикерлик орун сизге гана жарашат.100 депутаттан сиздин жалгыз башыныз артык,элге пайдалуу мыйзамдарды ушинтип кобуроок жазып турунуз,азыр бул суткорлордун кобунун кекиртегин мыйзамдар менен тыйып турган киши жалгыз сиз болосуз.
Дайым уй булоонуз менен аманчылыкта болунуз.

кимден: Austria каяктан: Austria
12.11.2011 23:12
Kyrgyz atuulu: RF: akylynys jetbei jatsa uirotot da. Alardy taryhdan alyp salabys degen jok, ex-prezident degen status berilbesh kerek dep jatat, tüshünüügö araket kylsanys, ancha dele kyiyn emes.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.11.2011 22:58
Омурбек мырза жаны жылга жаны пример министир же спикер болуп келишинизди эл кутуп жатат кыргыздын турмушундагы боло турган озгорушту эртерек эгеменду жол менен келтирин

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.11.2011 19:31
эх акылы жок наадандарым ай. Текебаевдын элге кылган иштерине,тиги экоо 20 жыл башкарып жетише алган жок.Оз агасын баалай албаган озго агасын сагалайт. 20 жыл бактык баягы экобун,жешти,чачышты,эл жонунан тойлошту,эми олгучо дагы сыйлаш керкупи. Бозпиек менен 7 апрельдеги кыргынга эки президенттин тен туздон туз айыбы бар

кимден: shirin
12.11.2011 18:30
men dal ushul myizam jonundo murda ele oilongom, expresident degen sozgo da ulayik adam bolush kerek dep. karapaiym elden bolson, aila jok, tuura nerse oilop tabasynby, tuura emespi. ushunusuna da shugur, mynadan bul jagyn dele epteshse jaman bolboit.

кимден: Чынара каяктан: Бишкек
12.11.2011 12:28
Депутаттар! Эмне учун байлаган койдой Текебаевдин
артынан ээрчишинер керек.Тарыхты чийдирбегиле,
аны укпагыла кийин шайтандын аркасы менен уят
болуп каласынар. Керек болсо ал Акаев кыргызга
кылган эмгегин чет-бучкагын да кылган жок сайрап гана
келе жатат, бузукуланып гана...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине