Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Евро-2012: Күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүүдө


Украина -- Киевдеги стадиондо ЕВРО'2012 мелдеши үчүн билеттин жасалгасы көрсөтүлүүдө, 23-апрель, 2012.
Украина -- Киевдеги стадиондо ЕВРО'2012 мелдеши үчүн билеттин жасалгасы көрсөтүлүүдө, 23-апрель, 2012.

Футбол боюнча Европа чемпионатын кыргызстандык күйөрмандар да чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Кыргызстандын шаарларында да спорттук мелдештерди көрсөтүүгө ыӊгайлашкан кафе-барлардын ээлери ири кирешенин жытын сезип, колдорун ушалап турган кези. Эми 20 күн бою күнү-түнү кардар үзүлбөйт эмеспи. Энергетиктерге да бир аз киреше түшөт дегендей. Күйөрмандар болсо түнү менен көгүлтүр экрандан көзүн албай кумарга батып чыкчудай.

Бишкектеги спорттук барлардын администратору Светлана мисалы, Футбол мелдеши маалында үстөлдөрдө бош орун калбасына ишенет. Мелдеш башталчу жума күнгө карата мурдагыга караган көбүрөөк челек сыра камдап коюшуптур.

- Бешинчи күнү бул жерде бош орун калбай калат го дейм, анткени алдын ала эле үстөлдөрдүн көбүн футбол күйөрмандары ээлеп койгон. Менимче, чемпионат абдан кызыктуу болот. Гол киргизгендең бул жерде бир шумдук болот да: баары кубанычка батып, бийлеп, күлүшөт. Кээ бирлери өзүнө сыраны куюп, кээ бирлери үстөлдүн үстүнө чыгып, бийлешет. Бирок биз коркпойбуз. Биз да алардын кубанычын бөлүшүп, ырахаттанабыз.

Футбол дегенде жантыгынан жата калган Мирбек Токтогараев Европа мелдештери качан башталат деп, чыдамсыздык менен күн санап жаткан чагы:

- Эми билбейм, негедир Орусия командасын сүрөгүм келип жатат. Азырынча салыштырып карай элекмин. Бирок сөзсүз түрдө Орусия, андан тышкары көптөн бери Германиянын курамалары ойногону жагат. Алар туруктуу жарымфинал-финалдарга чыгышат, ошол үчүн Германияга да ийгилик каалап, назар салат болушум керек.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун баамында, кыргызстандык күйөрмандар адатта мыкты оюнчуларды, ал эми өлкөлөр арасынан мурдагы СССР курамына киргендерди сүрөөнгө алышат:

- Менин оюмча, күйөрмандар өлкөлөрдү эмес, сүйгөн футболчуларын сүрөшөт. Криштиану Роналду - Португалия, Италия, Англия – ушундай чоң-чоң футбол өлкөлөрүнө. Германияга, андан тышкары Орусия жана Украинага болот ко, менин оюмча, СССРдин мурунку өкүлдөрү катары деп. Батыш өлкөлөрү кызыктуу футболду көрсөтүп жатышат. Испания, маселен, Дүйнө чемпионатында уткан өлкө. Ошол Испаниянын арасында мыкты оюнчулар көп. Хави, Иньеста... көп алар. Азыр жаштардын фаворити Криштиану Роналду болуп жатат, ал Португалия үчүн ойнойт.

Ал арада букмекерлер да уйкудун калууда. Бишкектеги букмекердик кеңселерге ышкыбоздор келип, ар кайсы командага байгесин сая баштады.

Букмекерледин бири Бекназар Аруновдун айтымында, көбүнчө оюн башталар алдында байге саюулар арбыйт:

- Испания, Германия жана Нидерланды курама топтору фаворитте турушат. Эң аз бергендер – бул Дания жана Нидерланддар үчүн. Күйөрмандар байгеге орточо баа менен 100 сомдон коюп жатышат.

Бирок топ деген томолок, ойго келбеген сюрприздер болуп калат дейт Бекназар Арунов:

- Маселен, Евро Чемпионатынында Грекия утканда абсолюттук сюрприз болгон. Ошол үчүн мындай нерселерди да эске алыш керек. Азыр Дания жана Ирландияга аз коюп жатат, анткени алардын мүмкүнчүлүктөрү аз да. Бирок фавориттерге караганда, эгер Дания же Ирландия утуп калса, байге койгондор бир топ эле акча алышат.

Ал эми токтолуп калган күйөрмандар албетте үйүнөн көрүшөт. Быйыл коомдук телеканал менен НТС каналы Чемпионатты көрсөтүү үчүн лицензия сатып алышкан.

Польшада жана Украинада өтө турган оюндарды кыргызстандыктар Бишкек убактысы боюнча, саат 22.00 жана түнкү саат бирлерде түз көрө алышат.

Бет ачар оюндун ачылышы Бишкек убактысы боюнча 21:45де Варшавада башталат.
XS
SM
MD
LG