Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Алмамбет менен Каныкейдин санжырасын билген барбы?


Ош шаарында "Ынтымак" үналгысы ачылган учур. 2012.
Ош шаарында "Ынтымак" үналгысы ачылган учур. 2012.

Кыргызстандагы этнологиянын заманбап этностор аралык саясатты жана чакан этностордун маданий салымдарын иликтөө көйгөйлөрү тууралуу ой-толгоо.

Чакан этносторду өзүбүз изилдей алабызбы?

Кыргызстандын этнологдору быйыл чын курандын (апрелдин) 4үндө жыйын өткөрүшүп, анда өлкөдөгү чакан этносторду изилдөө көйгөйлөрүн да козгошту. Бул – илимпоздук маселе болуп гана чектелбестен, демократиялык коомду куруудагы маанилүү атуулдук милдетке да жатат.

Азыркы дүйнөлөшүү заманында Кыргызстан жалпы адамзаттык асыл-нарктарды өздөштүрүүнү улантуу менен катар эле, өзүнүн айырмалуу, өзгөчө, кайталангыс, көөнөргүс маданий мурастарын да сактап келүүдө. Дал ушул өз алдынча маданиятыбызды сактоо – жалпы адамзаттык мураска татыктуу салым кошууга тете.

Кыргызстанда жалпы кыргыз улутунун кылымдар карыткан этностук карым-катнаштарынын бай тарыхы саясатчылар, тарыхчылар, этнографтар, түркологдор жана башка адистер тарабынан ар тараптуу иликтенип келет.

Бул иликтөөнүн зарылчылыгы – кыргыздар эзелтеден эле башка коңшу элдерден обочодо бөлүнүп калбастан, жакын коңшулары менен да, алыскы Чыгыш-Батыш менен да тыгыз маданий карым-катнашты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келгендигин таануу менен байланыштуу.

Демек, учурдагы кыргыз тарыхчылары менен этнографтарынын олуттуу изилдөө багыттарынын бири – көп этностуу Кыргызстан калкынын коомдук-саясий, маданий, диний, жана башка акыбалын этностор аралык мамилелерди изилдөөнүн кыртышында чагылдыруу болуп саналат.

Өлкөдөгү университеттер, улуттук академия жана башка илимий жана агартуучу мекемелер, “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы жана башка коомдук уюмдар дал ушул жааттагы изилдөөлөрдү 2010-жылы июнда Ош шаарында жана Сузакта орун алган айрым этностук тирешүү учурларынын сабагынан соң тездеткенин моюнга алууга тийишпиз.

2015-жылдын чын куран (апрел) айынын 4үндө өз ишин ийгиликтүү аяктаган Кыргызстан антропологдору менен этнологдорунун кезектеги илимий курултайы дал ушул өзгөчө ургаалдуу көйгөйдү изилдөөгө арналган баяндамаларга орун бергендиги бизди кубантат. Азыркы этнолог окумуштуулар этностор аралык мамилелердин көйгөйлөрүн өз учурунан кечикпестен изилдеп жатышы – замана талабына алардын дурус жооп берип жаткандыгынын дагы бир далили.

Евразия – эзелтеден бери көп этностор жуурулушкан орток мекен

Кыргызстандагы этностордун ынтымагы – жалпы кыргыз улутунун, Кыргызстан калкынын биримдикте өнүгүүсүнүн өбөлгөсү. Демек, өлкөдөгү этностордун тамырын тартуу – заманбап талап.

Бул жаатта эске алынчу жагдайлар, өксүктөр жана орчун милдеттер арбын.

Биринчиден, Кыргызстандын тарыхын жалпылап жазууда этнологдорубуз эсинен эч качан чыгарбай турган жагдай – эзелтеден эле Кыргызстан аймагы жана жалпы Евразия аймагынын бардык чөлкөмдөрү бир гана тилде сүйлөгөн этнос менен чектелбегендиги.

Ошондуктан кайсы-бир этнос кайсы аймакта саясий үстөмдүк кылбасын, баары бир бул этнос башка да тарыхый коңшулары менен дурус ымала түзүү аркылуу гана өз мамлекетинин узак мөөнөттүк өкүм сүрүшүн камсыз кылган. Энесай Кыргыз каганатында, маселен, кыргыздардан башка этносторду “кыштым” деп аташкан жана мамлекет бул этносторду да өз саясына алып, коргоп турган, мамлекетти чыңдоо үчүн тили буруу атуулдарга да таянган.

“Эти башка, сөөгү биздики”...

Кыргыздар өз мамлекетинин алкагында жана өз өлкөсүнө коңшу байырлаган башка этностор менен саясий ынтымагын чыңдап келгендиги “Манас” дастанында кыргыз ханы Манас башка этносторду өзүнүн куралдуу күчтөрүнө кошкондугу, теги башка баатырларды үзөңгүлөш катары колдонууну эч качан өөн көрбөгөндүгү, буга демейдегидей көрүнүш катары мамиле кылганы тууралуу дастандык сюжеттер аркылуу айгинеленет.

Манаска үзөңгүлөштөрдүн арасында теги кытай (Алмамбет), казак, ногой, башкыр, өзбек, ж.б. кейипкерлер бар. Манастын жары Каныкейдин да түпкү теги кыргыз эмес экендиги ачык баяндалат. Алмамбет менен Каныкейдин ата-теги тууралуу азыноолак маалыматтын өзү бурмаланбай берилип, кыргыз коому эзелтеден бери эле башка этностордун өкүлдөрү менен ээн-эркин жуурулушуп келгендиги тастыкталат. Бул – тиешелүү сюжеттери жана эпизоддору эки миңден ашуун мезгилден берки тарыхты камтыган “Манас” дастанынын түбөлүктүү сабактарынын орчундууларынын бири.

Түрк-мусулман кайра жаралуусу – этностордун орток мөмөсү

X кылымда Теңир-Тоодо ислам динин ыктыярдуу кабыл алган Карахандар каганатында көчмөн чигилдер саясий үстөмдүк кылганы менен, жалпы мамлекеттик тилди “хаканиялык түрк тили” деп аташып, “түрк” сөзү Улуу Түрк кагандыгындагыдай эле жалпылама саясий-этностук аталыш (политоним) болуп кызмат кылуусун уланта берген.

XI кылымда Карахандар каганаты доорунун залкар ойчулдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг” (1069-1070) жана Махмуд Кашгари Барскани жазган “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” - “Дивану лугати-т-түрк” (1072-1077) эмгектеринен деле түрк этносторун бирдиктүү улут катары бириктирген “түрк” политонимин учуратабыз.

XIV – XV Мавераннахрда эмир Темир курган мамлекетте дагы “түрк” сөзү ар кыл түрк тилдүү этносторду жалпылаган орток политоним болгон. Муну “Темирдин түзүктөрү” деген эмир Темирге таандык кылынып кийинчерээк жазылганы жоромолдонгон эмгектен деле, Улугбектин, Бабурдун чыгармаларынан деле көрө алабыз.

Фарсы адабиятынын классиги, акын Абдурахман Жами (1414-1492) орток чагатай түрк тилинде чыгармалар жазган Алишер Навайи (орусча Навои; бул адабий ысым “музыка ыргагынын (мелодиянын) ээси” дегенди туюнтат) менен замандаш жана дос болгон. Жами өз досунун “түрк” экенин мындайча баса белгилейт: “Ал өзү түрк болгонуна жана менин тегим фарсы экенине карабастан, биз бири-бирибизге ымалалашпыз”.

Орток мамлекеттерде байырлаган тарыхый коңшулар

X – XX кылымдарда Чыгыш Теңир-Тоодо, Тарим ойдуңунда, ошондой эле Памир жана Фергана аймактарында кыргыздардын жергиликтүү топтору башка этностор менен бирге ар кыл мамлекеттерде чогуу жашаган, бул мамлекеттердин эгемендигин чыңдоо үчүн бул этностор менен биргелешип күрөшкөн.

Маселен, XIX кылымдын 70-жылдары Кокон хандыгынын эгемендигин сактап калуу үчүн жүргүзүлгөн эң акыркы ири көтөрүлүштүн жолбашчысы – ферганалык кыргыз молдо Исак Асан уулу (айтылуу “Полот хан”) болгон. Мунун бардыгы эзелтеден эле бир мамлекетке баш кошкон ар кыл этносторду биримдикке тартуу тажрыйбасы Борбордук Азиянын коомдук тарыхында ырааттуу орун алып келгенин айгинелейт.

Азыркы тапта, Ала-Тоодогу кыргыздар түпкү калк катары өз этностук аты менен советтик жана пост-советтик мамлекетти түптөп, азыркы эгемен мамлекетин жаңы тарыхый кырдаалда өнүктүрүп жаткан чакта, бул мамлекеттин калайыгы полиэтностук (көп этностук) мүнөзгө ээ экендигин саясатчылар да, карапайым калайык да дурус аңдашат.

Кыргызстандагы чакан этностордун бараандуу салымдары бар

Полиэтностук чогуу-чаран жашоо мүнөзү – коомубуздун асыл-нарктарынын бири. Кыргызстандагы заманбап этностор аралык саясат дал ушул турмуш чындыгын кабыл алып, ошого ылайык этностордун өз ара ынтымагын чыңдоого үлүш кошо турган кадамдарды жүзөгө ашыруу аракеттери менен мүнөздөлүшү керек.

Бул жаатта өлкөбүздө ар кыл саамалыктар жана башка алгылыктуу иш-чаралар жок эмес.

Маселен, оболу 2014-жылдын октябрынан тартып Бишкек шаарында уюштурулган, ал эми 2015-жылдын 27-мартынан тартып Ош шаарында өткөрүлгөн “Немистер Кыргызстандын тарыхында” деген этнографиялык көргөзмө коомубуз үчүн абдан дурус маданий саамалык болуп калды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” кору башка жергиликтүү жана эл аралык демөөрчүлөр менен биргелешип уюштурган бул көргөзмөдөгү даректүү маалыматтар этностук азчылыкты түзгөн немистер Кыргызстандагы илимий изилдөөдө, анын экономикасын, илимин, маданиятын өнүктүрүүдө көөнөргүс салым кошкондугун жана кошуп жаткандыгын таасын чагылдырылат.

Дал ушул өрнөк Кыргызстандагы казак, өзбек, татар, башкыр, түрк, дунган, корей, орус, украин, беларус, жөөт, тажик, жана башка этностордун мамлекетибизди өнүктүрүүдөгү салымдары, алардын этностук-маданий турмушунун өзгөчөлүктөрү иликтениши керектигин эскертет. Ар бир чакан этностун тагдырын ар тараптуу изилдөө - заманбап кыргыз этнологиясынын комплекстүү илимий изилдөө темаларынан болушу ылаазым.

Эгерде Кыргызстандагы аз сандагы улуттар өздөрүнүн маданий өзгөчөлүктөрүн сактай алса, анда алар жалпы кыргыз маданиятына да татыктуу салым кошо алышат. Бул түшүнүк – ЮНЕСКО тарабынан дүйнөнүн чар тарабында байырлаган этностук азчылыктардын уникалдуу маданий чөйрөлөрүн сактап калуу үчүн кам көрүлүп жаткан азыркы тапта – жалпы планеталык гуманитардык ишмердиктин идеалдарына төп келген түшүнүк.

Башка мамлекеттерде да боордошторубузга кам көрүлүүдө

Чакан этносторго текебер мамиле жасаган айрым ашынган улутчулдарга төмөнкүдөй мисалдарды да келтирүү абзел: Түндүк Кытайда, тарыхый Манчужарияда (азыркы Хөйлуңжан вилайетинин Фу-Йү үйөзүндө жана башка жайларда) байырлаган азганактай фу-йү кыргыздарынын калган-каткан тобунун маданий өзгөчөлүктөрүн сактоо үчүн Кытай бийлиги кыйла камкордук кылууда.

Манастын айкели. Улуу-Чат ш., Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. 08.7.2014.
Манастын айкели. Улуу-Чат ш., Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. 08.7.2014.

​Кытай Эл Республикасы чыгыш теңир-тоолук (Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын алкагындагы жана андан тышкаркы аймактардагы) кыргыздардын манасчылык өнөрүн сактоого да мамлекеттик камкордук жасап жатат.

Орусия Федерациясында болсо бийликтер энасайлык кыргыздардын айрым бөлүктөрү жуурулушуп кеткен хакас, тыва, шор, алтай, телеңгит жана башка Саян-Алтай жана кеңирсиген Сибир аймагында жашаган чакан этностордун эзелтеден берки этностук-маданий өзгөчөлүктөрүн сактоого тийешелүү камкордук көрүп келишет.

Ала-Тоодо да чакан этностор камкордукка жана илимий изилдөөгө муктаж

Чакан этносторго карата ар тараптуу камкордукту азыркы доордо ири федерациялар менен конфедерациялар гана эмес, чакан демократиялык унитардык мамлекеттер да жүзөгө ашыруусу абзел. Бул камкордук – Кыргызстандын заманбап этностор аралык саясатынын да өзөккү милдети.

Кыргыз этнологдору ушул милдетти аркалоого огожо болуп, заманбап демографиялык жүрүмдү этностор аралык мамилелерди назарда тутуу аркылуу терең иликтөөсү зарыл. Кээде кыргыз этнологдору өлкөдөгү чакан этностордун микро дүйнөсүн изилдөөгө мойну жар бербей келишет. Маселен, Кыргызстандагы тажиктердин арасында жүрүп, тажикче үйрөнүүгө мойну жар бербей, тажик тилинен кирген маданий терминдерди калыс чагылдырбай жүргөн этнографтарга таң каласыз.

Кыргызстандагы башка этностордун кыргыз тилин үйрөнүшү – бул мамлекеттик тил саясатындагы олуттуу бир көйгөй. Бирок заманбап этнологдор – курулай чечен “саясатчылар” жана “аткаминерлер” эмес. Алар калыс байкоочу, бейтарап изилдөөчү катары жерге, кыртышка жакын болуп, ар кыл этностордун күнүмдүк турмушундагы этностук-маданий жүрүмдөрдү жана чыныгы кырдаалды так өзүндөй чагылдыруунун усулдарын үйрөнүшү, кесип ээси катары буга даяр болушу абзел.

Болбосо бир кезде А. Кошелев мырза кыргыз тилин эч билбей туруп диссертация жазып, “19-кылымда кыргыздарда бай-манаптар өздөрүнүн чагатайлык диалектин калыптандырып алышкан” деп турмушта жок нерсени ойлоп таап, бүтүм чыгарып, этнологдордун арасында шылдың болгон учурдагыдай халтуралык жазмакердик иштер болочокто жаралышы ыктымалдан алыс эмес (Сын макалабызды караңыз: Чороев Т.К. Начало настраивало на открытие или как надо изучать письменную культуру // Комсомолец Киргизии. — 1988. — 14 октября. — С. 5.).

“Тамо Каарам” берген улуу сабак

Айтылуу славян илимпозу жана дүйнөлүк маанидеги гуманист этнограф Николай Миклухо-Маклай (1846-1888) тууралуу бир ооз сөз кошо кетелик. Аны Жаңы Гвинеядагы папуастардын бонгу тилинде “тамо каарам” деп аташкан (“каарам” – “ай”, “тамо” – киши”). Бул “дене түсү айдыкындай ак болгон киши” дегенди туюнтат (аны этнограф өзү “Айдан келген киши” деп туура эмес которуп аңдап алган).

Эң башкысы, шовинисттик жана расисттик көз караштар кыйла кеңири таркап жаткан чакта, XIX кылымда, Николай Миклухо-Маклай “жалпы адамзат бирдей эле тектен келип чыккан” деген өз доорунда да, азыр да илимий чындык болгон, бирок дагы эле айрым расисттердин каршылыгына дуушар болуп жаткан илимий түшүнүктү ырааттуу колдогон. Ал папуастардын тынчтыгы, биримдиги, өзүнчө мамлекети жана өз алдынча маданий чөйрөсүнүн сакталышы үчүн коомдук ишмер катары да күрөшкөн.

Демек, Миклухо-Маклай алардын тилин жана этнографиясын изилдөө менен чектелген эмес. Биздин этнологдорубуз дал ушул окумуштуу инсанды пир тутушу керек деп санайм.

Ош окуясы илимпоздорду да ойготту

Албетте, этнологдорубуз өздөрүн гуманист катары тастыктоо үчүн сөзсүз эле Жаңы Гвинеяга, Океанияга же башка жактарга баруусу кажет эмес. 2010-жылкы июндагы Ош шаары менен Сузактын айрым бөлүктөрүндөгү сырткаркы күчтөрдүн чагымы менен уюштурулган этностор аралык тирешүүдөн кийин жергиликтүү этнологдор “биз Кыргызстандагы этностук азчылыктарды ого бетер астейдил үйрөнүшүбүз абзел”, - деген бүтүмгө келишти.

Маселен, азыркы тапта кыргызстандык казактар, немистер, татарлар, жөөттөр, дунгандар тууралуу иликтөөлөр орун алып жатат.

Ал эми Ысык-Көл аймагындагы калган-каткан сарт калмактардын этнографиясын биз урматтаган мажар илимпозу, кыргыздын күйөө баласы Давид Кара Шомфайи изилдеди. Кыргыздашып калган бул этностук чакан топту изилдеп жаткан жергиликтүү этнографтар барбы? Сарт калмактардын бир даары – Жунгар хандыгын түзгөн батыш монгол тилдүү этностордон куралса, бир даары – аларга жуурулушкан кыргыз топторунун өкүлдөрү болгону маалым. Дал ушундай кош тилде (маселен, түрк-тохар, түрк-согду, түрк-ханзу, түрк-монгол, түрк-парсы, ж.б.) сүйлөгөн буфердик этностор Ички Азияда жана Борбордук Азияда эзелтеден байырлашканы маалым.

Чыгыш Ферганада өздөрүн түрк, катаган, кашкардык, кыпчак, лакай, арап жана лөлү этносторунун өкүлдөрү деп санаган жана этностук өз таанымында кыргызга да, өзбекке да, тажикке да кирбеген чакан этностор байырлап келет; алардын арасында айлап-жылдап жата конуп, диалектилик өзгөчөлүгүн ырааттуу изилдеген этнографтарыбыз барбы?

Кыргызстандык дунгандардын тилин үйрөнүп, аларды КЭРдин ар кыл аймактарында байырлаган хуэйлер менен салыштырып иликтеген кыргыз адистерибиз барбы?

Ар кыл этностор аралык үй-бүлөлөрдүн турмуштук тажрыйбасын атайын иликтөөгө алган заманбап диссертациялар корголдубу?

Менимче, көпчүлүк кыргыз этнологдоруна башка этностордун тилдерин үйрөнүүгө мойну жар бербегендик, талаа этнографиясынын талаптарына ылайык узак мөөнөттүк изилдөө жүргүзүүдөгү мажирөөлүк, расмий статистикалык маалымат менен чектелүү жана башка өксүктөр таандык болууда.

Мултимедиа каражаттарынын зарылдыгы

Көпчүлүк кыргыз этнографтары тиешелүү маалымат берген кишини видео тасмага улам тартып, анын жеке керт башынын таржымакалын каттоо аркылуу коомубуздагы тарыхый кубулуштардын өнүгүшүн мултимедиялык усулдарга таянып чагылдыруу жаатына анчейин маани бербестен, кургак статистикалык, социологиялык жана башка сурамжылоолорго гана тап берип жатышат.

Видео тасманын даректик күчүнө келсек, жакында, маселен, Башкырстандагы кыргыздар тууралуу видео тасма YouTube интернет барагында жарыяланды. Кыргыздын эски элдик бийинин түрү тууралуу немистер тарткан 1924-жылкы тасма да YouTube аркылуу бизге жетти. Булар – ынанымдуу материалдар.

Биздин этнологдорубуздун этнографиялык табылгалары да видео каражаты аркылуу чагылдырылып, кечиктирилбестен интернетте жарыяланышы керек деп санайм. Бул да илимий жана кеңири коомдук чөйрөгө өз маалыматы менен оперативдүү бөлүшүүнүн ургаалдуу ыкмасы.

Этнологдор – коомдук ынтымактын жана биримдиктин өбөлгөчүсү

Этностор аралык мамилелерди калыс иликтөөнүн дагы бир коомдук зор мааниси – бул сыяктуу изилдөөлөр Кыргызстандагы ар кыл этностордон куралган коомубуздун атуулдук ынтымагын мындар ары ырааттуу чыңдоого да огожо болот, анткени кыргыздар менен тагдырлаш жашаган этносторду жакшы түшүнүү аркылуу кыргыз улуту өзүнүн маданий баалуулуктарын ого бетер арттыра алат.

Кыргызстанда адилет коом кура алсак, анда болочокто кыргызстандык немис же өзбек өлкөбүздөн тышкаркы чөйрөгө айылчылап сапарга чыкканда дастандагы Алмамбет баатыр сыяктуу эле бир учурда өзүн кыргызстандыкмын, кыргызмын жана өзүмдүн айырмалуу чакан этностук тегим да бар деп сыймыктана айтып калат. Мен он чакты жыл байырлап келген демократиялык жана унитардык Чехияда, маселен, тарыхый теги ар кыл этностон куралган бүгүнкү чех атуулдары үчүн дал ушундай жагымдуу кырдаал жаралган.

Өлкөбүздө ушундай атуулдук коомду чыңдоо үчүн кыргызстандык этнологдор да илимий мээнети жана коомдук ишмердиги аркылуу бараандуу жаратмандык салым кошооруна ишенсек болот.

Кыргызстандын мамлекеттик бийликтеринин этностор аралык саясаты да кыргыз этнологдорунун жогоруда бир аз саналып өткөн жана башка этнографиялык иликтөөлөрүнө каржылык, моралдык, уюштуруучулук жана башка колдоо көрсөтүүнү өзүнө камтышы керек.

XS
SM
MD
LG