Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Жоюлуп кеткен Энергетика министрлиги ээнсиреп турат


Өлкөнүн экономикасынын негизги арка-бели эсептелчү Энергетика министрлиги жоюлуп кеткенден бери кийинки тагдыры так чечилбей, арасат бойдон турат.

Буга чейинки Энергетика жана өнөр жай министрлигинин бир топ милдеттери Экономика министрлигине өткөрүлүп, ал эми энергетика тармагы улуттук холдингге айланышы керек эле. Тийиштүү чечимди өкмөт 16-ноябрда кабыл алган.

Жоюлуп кеткен министрлик имаратынын сыртында дагы деле “Энергетика жана өнөр жай министрлиги” деген жазуу турат. Бирок имараттын экинчи кабатында отурган мурдагы жетекчилердин бири да жок. “Министр” деп иш бөлмөнүн сыртына жазылганы менен, кире бериштеги катчы ал бөлмөлөр бош экенин, имарат боюнча жалгыз гана статс-катчы калганын айтты.

Мурдагы Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов гана имаратта жалгыз калган экен. Ал министрликтеги кайра түзүүлөргө байланыштуу кызматкерлердин маанайы пас экенин жашырган жок. Баетов Энергетика министрлигинин башкы аппаратында иштеген 60 адамдын 50 кызматкери, анын ичинде министрдин үч орун басары да Экономика министрлигине өткөнүн маалымдады.

Батыркул Баетов мекеменин ишин жабуу боюнча комиссиянын төрагасы болуп, болгон буюм-тайымды, компьютер жана башка жабдык-эмеректерди эсептеп өткөрүп берүү иштерин жүргүзүп жаткан экен.

- Энергетика министрлигинин иши токтоп жатат. Азыр министрликтен, Мүлк фондунан, Финансы жана Экономика министрликтеринен комиссия түзүлүп, бардыгын эсепке алып жатабыз. Бул үчүн атайын токтом чыккан, ага ылайык бардык мүлктү өкмөткө тапшырып бүтүшүбүз керек.

Өкмөттүн жаңы программасына ылайык, жоюлган министрлик энергохолдинг болуп, анын карамагына “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалал-Абад электр”, "Ош электр" бөлүштүрүүчү компанияларынан тышкары “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” акционердик коомдору кирмекчи.

Энергохолдинг башкарууну бириктирет

Энергохолдингди түзүүнү уюштуруу иштерин премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалган мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жүргүзөт. Анын айтуусунда, холдингдин түзүлүшү менен энергетика тармагына жалпы бирдиктүү башкаруу саясаты кирет.

- Бизде энергетика жаатында көп жылдан бери башаламандык болуп, бир нече мамлекеттик органдар башкарган. Бир жылдары аны Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик, андан кийин атайын өкүлчүлүк түзүлгөн, кийинчерээк Монополияга каршы агенттиги да энергетика тармагын башкарган. Мындан башка энерго секторду бөлүп-жарып бир катар акционердик коомдор түзүлгөн. Ушул башкаруучу армия учурда эффективдүү эмес системага айланды. Эми булардын бардыгына бир вертикалдуу башкаруу компаниясы болот.

Оппозиция коррупциядан чочулайт

“Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталып, 23-декабрда парламент долбоорду кароого киришмек. Бирок долбоор парламентте карала элек. Мыйзам чыгаруучулар арасындагы оппозиция башынан эле жаңы демилгени жактырбай, министрликти жоюу коррупцияны күчөткөндөн башкага жарабасын айтып келатат.

21-декабрда “Республика Ата-Журт” фракциясынын жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов энергохолдингдин тагдыры бир учурдагы Орусиянын РАО ЕЭС компаниясынын кейпин киерин жашырган жок.

- Биз жакшы билебиз Орусияда РАО ЕЭС деген холдинг бар болчу. Анын аягы өтө кейиштүү бүттү. Ошол сыяктуу эле энергохолдинг маселени чечпейт. Себеби энергохолдингдеги жоготуулар, коррупция миллиард сомду түзөт. Бул боюнча өкмөт жакшылап ойлонбосо, холдинг маселени чечпейт.

Кыргызстандын энергетика тармагы эгемендиктин алгачкы жылдары “Кыргызэнергохолдинг” мамлекеттик ишканасынын ээлигинде туруп 2002-жылы иштеп чыгаруучу, жеткирүүчү, бөлүштүрүүчү 6 компанияга бөлүнүп чыккан.

Энергетика системасын мамлекеттик холдингдин алдына бириктирүү маселеси ушул жылдын апрель айында Коргоо кеңешинин жыйынында сунушталган. Жаңы холдингдин директорлор кеңеши 9 адамдан туруп, ал эми энергетика жаатындагы саясатты жүргүзүү укугу Экономика жана өнөр жай министрлигине берилмекчи.

XS
SM
MD
LG