Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Өкмөт: энергетика кошумча чектөөгө муктаж


Кыргыз өкмөтү 1-октябрдан 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясын колдонууну 30 пайызга азайтуу чечимин кабыл алган.
Кыргыз өкмөтү 1-октябрдан 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясын колдонууну 30 пайызга азайтуу чечимин кабыл алган.

Кыргыз өкмөтү электр энерияга кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Энергетика министрлигинин маалыматында учурда тармак кризистик абалда турат.

Кышка даярдыкты талкуулаган өкмөт жыйынында Энергетика министрлиги кышкысын электр энергиясына кошумча чектөө киргизүүнү сунуштады. Министр Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, учурда быйыл суунун тартыштыгына байланыштуу тармак кризистик абалга кептелди:

- Азыр биз кризистик кырдаалда жашап жатабыз. Быйыл электр энергиясын берүүдөгү тартыштык 1,6 миллиард кВт/сааттан 2,3 миллиард кВт/саатка чыкты. Азыртадан муну колго албасак, кийинки жылдары 5 миллиард кВт/саатка жетиши мүмкүн. Бул бүткүл тармакка зыянын тийгизет. Ушундай кырдаалга байланыштуу биз чектөөлөрдү 2,3 миллиард кВт/саатка чейин көбөйтүү боюнча сунушту берип жатабыз.

Буга чейин кыргыз өкмөтү быйылкы кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча 1-октябрдан 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясын колдонууну 30 пайызга азайтуу чечимин кабыл алган. Бул чечим жылуулук үчүн электр кубатын берүүнү токтотуп, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн дегенди билдирет. Эми болсо Энергетика министрлигинин сунушунун негизинде бейшемби күнү чогулуп, жаңы чектөөлөрдү кабыл алганы жатат.

Кыргыз өкмөтү жай ортосунан тарта эле быйыл кыш катаал болорун эскертип келген. Атүгүл премьер-министр Жоомарт Оторбаев кышка даярдыкты өкмөттүн негизги милдети деп таап, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча калкка кайрылуу менен чыккан. Кайрылууда өкмөт башчы жылуулук үчүн 3 фазаны колдонууга, электр энергиясы менен көңүл ачуу мекемелерин, сауна, автожуугучтарды жылытууга, темир эритүүгө чектөө кирерин билдирген. Андан сырткары жылытуу мезгилинде курулуш объекттерине электр энергиясын берүү кескин чектелет деген. Бул өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон курулуш, тейлөө тармагын кризиске кептеп коерун аталган тармак өкүлдөрү айтып чыгышкан.

Бирок Жоомарт Оторбаев өкмөт жыйынында бул тапшырма аткарылбай, электр энергиясы мурдагыдан да көп колдонулуп жатканын айтып, буга чара көрбөгөн жетекчилерди сындады:

- Биз электр энергиясын үнөмдүү пайдаланып, аны 30 пайызга чейин кыскартабыз дедик эле. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз буга көңүл бурбай жүрөбүз. Жалпысынан лимит 30 пайызга кыскаргандын ордуна 280 миллиард кВт/саат ашыкча пайдаланылды. Айрыкча Чүй облусу менен Бишкек шаары. Кырдаал кыйын болуп жатканда биздин тапшырмага көңүл бурбасаңар кантип кыштан чыгабыз?

Оторбаев бул лимиттерди сактоо үчүн электр энергиясын жылуулук үчүн үч фазадан колдонгондорду үй-үймө кыдырып, тыюу салууну буйруду.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов бул кадамдар өкмөттүн айла кеткендеги чаралары экенин билдирүүдө. Эксперт өкмөт тиешелүү чараларды көрбөгөнү үчүн тармак азыркыдай абалга кептелди деген пикирде:

- Эми өкмөттүн кадамы аргасыз иш да. Мындай кылбаса бардык жабдыктардан кол жууйт. Бирок мунун алдын алууга болот эле. Бул тармактагы эксперттер канча жылдан бери эле энергетика тармагындагы башкарууну өзгөртүп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү, энергияны үнөмдүү пайдаланууну айтып келген. Бирок ага көңүл бурбай келип, мына эми дал ушундай кырдаал жаралып отурат.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев энергетика тармагын мындай кырдаалга кептегени үчүн тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керек экенин билдирүүдө:

- Кышка даярдык начар, Ош беш айдан бери газсыз отурат. Бюджеттин абалы да чеке жылытпайт. Өкмөт кышка жакшы даярдык көрбөй, кыйын абалда турабыз. Бул үчүн өкмөт өз жоопкерчилигин сезип, отставкага кетсе деле болмок.

1-сентябрга чейин Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 11 миллиард 793 миллион куб метрди түздү. Бул мурдагы жылдардан 4 миллиард кубга аз. Энергетика министрлиги ар кыл чектөөлөрдү киргизүү менен кийинки жылдын апрель айында суунун көлөмүн 7 миллиарддан түшүрбөй сактап калуу аракетин көрүүдө. Бул чектен ылдыйлап кетсе, суу сактагычтын жабдыктары иштен чыгышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG