Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Кырсык тооруган көмүр кендери


Баткен облусундагы шахтада калган үч адамды издөө учуру. 14-август, 2013-жыл
Баткен облусундагы шахтада калган үч адамды издөө учуру. 14-август, 2013-жыл

Шахталардын техникалык коопсуздугуна, адам өмүрүнө ким жоопкер? “Азаттык” ушул теманы арай көз чарай талкуулады.


Баткенде куткаруучулар шахта урандысында калган 3 кишинин бири - Бакыт Айдаровдун сөөгү табылды. Калган экөө изделип жатат. Жыл сайын Кыргызстанда көмүр кенин кол менен туш келди казып алуудан улам уранды астында калып, кырсыкка учурагандар ондоп саналат.

Талкууга тоо-кен тармагынын адиси Картайбек Муканбетов, Баткендин Максат аттуу тургуну катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда уруксатсыз көмүр казып, шахтада камалып калган учур биринчи ирет катталып жаткан жок. Шахталардын техникалык коопсуздугуна, адам өмүрүнө ким жоопкер? Мамлекетпи, жергиликтүү бийликпи же адамдар өздөрүбү?

Максат: Мындай окуя үчүнчү жолу кайталанып жатат. Мындан он жыл мурда беш кишинин өмүрүн алып кеткен окуя болгон. Андан кийин да эки киши өлгөн. Союз ыдырагандан баштап көмүрдү өз алдынча казуу күч алган. Көмүр киреше берет, кала берсе Тажикстанга чейин алып чыгып сатышат. Жергиликтүү тургундар көмүр казууну мыйзамдаштыралы, лицензия алалы деп чуркап, ал мүдөө ишке ашпай келет. Буга уруксат берип, мамлекетке да пайда алып келе тургандай салык төлөтүп, бирок көзөмөлдөш керек. Эл иштегенге даяр.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




Өкмөт башчы жылына бир чыгып, өзүнүн милдетинен кутулуш үчүн чындыгында эскертүү берет. Бирок эл макул деп коюп каза беришет. Насыя алып казган балдар бар, бирөөлөрдү жалдап. 200 миң сом сарптап алгандан кийин өмүрүн тобокелге салып, пайда көрөйүн деп шахтага түшөт да.

Картайбек Муканбетов: Бул чоң кенби, кичине кенби эреже боюнча лицензия алыш керек. Ошондо гана долбоор түзүлүп, анда экологиялык, техникалык жана иштегендердин коопсуздугу эске алынып жазылат. Атайын бөлүм болот буга байланыштуу. Газ чыгып кетсе, суу каптаса, өрт чыкса эмне кылыш керек баары иштелип чыгат. Баткенде болсо суу каптап кеткени айтылып жатат. Эч качан шахтаны сайдын таманында ачпаш керек. Эгер айласыздан ачылса, сел келе турган жол тосулушу керек. Көмүр казган жердин эки оозу болушу зарыл, бир жагы кулап түшсө же суу кирсе, экинчи оозунан чыгып кеткенге ыңгайлуу. Дагы бир маселе, шахтаны жаап койгон элек деп жатышат. Шахтаны жабуунун да өз эрежеси бар. Аны эч ким кире албай тургандай кылып оозун уратып коюш керек. Жаптык деп кете берип, эртеси тургундар келип иштей берген болбойт.

XS
SM
MD
LG