Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Боронов: Быйылкы жаз да оор болот


Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кар көчкүнүн кесепети, жаздагы ыктымал жаратылыш кырсыктары тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Кар көчкүдөн улам Кыргызстандын бир катар аймактарындагы жолдор жабылды эле. Алар качан ачылганы жатат? Өзгөчө Бишкек-Ош жолунун абалы кандай?

- Өзүнөргө белгилүү болгондой, Бишкек-Ош жолуна көчкү абдан интенсивдүү түрдө түшө баштады. Акыркы мезгилде кар жаап туруп эле артынан күн ысып кетип жатканына байланыштуу. Мындан улам абалды өкмөт башчыга билдирип, эки-үч күнгө ичинде көчкүнү аткылап түшүргөнгө чейин жолду жаба туруу боюнча чечим кабыл алганбыз. Азыр аттыруу иштери жүрүп жатат. Дагы кошумча эки артиллериялык эсептерди кошконбуз. Азыр Бишкек-Ош жолунун эки жеринде, Чычкан капчыгайында аттыруу болуп жатат.

Ошого байланыштуу жол жабык. Транспорт министрлиги менен да сүйлөшүлгөн. Ош-Бишкек аба каттамы боюнча учак мурда эртең менен жана кечинде гана учса, азыр канчалык керек болсо ошончолук көбөйтүп берүүгө макулдугун беришти.

- Натыйжада азыр Бишкек-Ош жолу качан так ачылары белгисизби?

Бишкек-Ош жолу
Бишкек-Ош жолу
- Эки-үч күнсүз ачылбайт. Ал жакта артиллерия иштеп жатат да. Алар атып бүткөндөн кийин гана ачабыз. Болбосо, убактылуу жаап туралы деп жаап турсак, канчалык кабар берсек деле болбой, постторго барып туруп алып, ал жерде милциянын балдарына баш бербей, өтүп кетип жатышып, көчкүнүн алдында калган учурлар болуп жатат. Мына акыркы жолу көчкүнүн алдында калгандар да ошондой болду.

- Кыргызстан боюнча кар көчкү түшүү коркунучу дагы кайсы аймактарда сакталууда?

- Ош - Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында, Төө-Ашуунун Суусамыр жак бетинде, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашууда, Барскоон ашуусунда кооптуу жерлер бар. Анан Чаткалда да абал оор болуп жатат. Кар көп. Техника тазалап бүтөөрү менен кайра эле көчкү түшүп жатат.

Эки күн мурда Чаткалда 17 жерден көчкү түштү. Андан кийин Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда да коркунуч сакталууда. Учурда Транспорт министрлигинин техникалары иштеп жатат. Менин орун басарларымдын бардыгы ошол жер-жерлерде жүрүшөт.

- Азыр тилсиз жоонун кесепетин жөнгө салуу үчүн кызматкерлер, техника жетиштүүбү?

- Эми техника жетиштүү деп айтыштан өтө алыспыз. Кечээ премьер менен ушул маселелер сүйлөшүлдү. Транспорт министрлигине тез аранын ичинде техникаларды жаңыртып алып берүү боюнча өкмөт башчы чечим кабыл алды. Мындан тышкары мындан үч күн мурда мекемелер аралык комиссиянын отуруму болгон. Анда техникаларды жаңылоо боюнча чечимдер кабыл алынды.

- Соңку күндөрдөгү кар көчкүлөр, анда адамдардын каза болушу коомчулукта сын-пикирлерди жаратып жатат. Маселен, көчкүнү алдын алышкан жок, эски артиллериялык техникалар менен аттырылып, кар көчкү түшпөй койду деп “Азаттыктын” өзүнө да жергиликтүү тургундар телефон чалып жатышат. Алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзүлгөн беле?

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү
- Сөзсүз түрдө. Өзүңөр билгендей, бүгүнкү күнгө чейин кар кайра-кайра жаап жатат. 27сине да "дагы катуу кар жаайт деген" төрт күнгө шашылыш эскертүү берип жатышат. Быйыл биз мурда болуп көрбөгөндөй аттыруу жасадык. 361 снаряд атылды. Ушунун төрттөн үч бөлүгү ушул Бишкек-Ош жолундагы карды түшүрүүгө жумшалды.

Эгерде бизде ушундай алдын алуу иштери болбосо, мындан да көп көчкү түшмөк. Акыркы түшкөн кар көчкү мурунтан жааган карлардан эмес. Аттырылгандан кийин кайра үч-төрт күн кар жаап, кар үйүлүп калып эле, жаңы көчкүлөр пайда болуп жатат. Аттыруу иштери Сары-Таш - Кара-Мык жолунда да жүрүп жатат.

- Эми быйылкы жазда да суу-ташкындары көп болот деп эскертүү берилүүдө. Жазгы жаратылыш кырсыктарына даярсыздарбы?

- Жаратылыш кырсыктары күтүлбөгөн жерден болот. Биз белгилүү жерлерге мерчемделген даярдыктарды көрүп койгонбуз. Бирок өзүңөр көргөндөй, быйыл өтө башкача жыл болуп жатат. Күтүлбөгөн жерден көп нерселер болуп кетип жатат. Бир жерден күтүп жатсаң, башка жерден кетип калышы мүмкүн. Биз мерчемдүү жерлердин бардыгында даярдыкты көрүп койдук. Бирок тилсиз жоону айтып болбойт, кокустук болуп кетиши мүмкүн.

Сиздер аркылуу айтып кетет элек, ар бир адам кырсыкка өзү даярданышы керек. Себеби жаз бизде жаратылыш кырсыктары боюнча өтө кооптуу болгону турат. Азыр эле көрүп келдик, республиканын бүт аймактарында кар нормадан жогору.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG