Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Элзат, Судан жана Гарвард


“Азыркы кыргызстандык” түрмөгүнүн кезектеги каарманы АКШдагы атактуу Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү Элзат Мамуталиева.

Ал учурда табигый кырсыктардан жапа чеккендердин абалын оңдоо багытында иш алып барган “Кызыл чырым жана кызыл жарым ай” эл аралык уюумунун Судандагы өкүлчүлүгүндө иштейт. “Азаттык” менен маегинде журтташыбыз Гарвардга кантип окуп калганы, өзүнүн жумушу жана жашаган өлкөсү туурасында ой бөлүштү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:59 0:00
Түз линк

"Кызыл чырым жана кызыл жарым ай" коомунун 2013-жылдагы мониторинг жүргүзүү учуру. Кампала, Уганда
"Кызыл чырым жана кызыл жарым ай" коомунун 2013-жылдагы мониторинг жүргүзүү учуру. Кампала, Уганда

Элзат Мамуталиева “Кызыл чырым жана кызыл жарым ай” уюмунда он жылдан ашуун убактан бери иштейт. Жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүп, ата-эне үмүтүн актасам, көңүлгө жаккан жумуш тапсам деп турган Элзаттын бешенесине эл аралык деңгээлде аброю бар уюмга иштеп калуу 2011-жылы буюрат. Ал уюмдагы жумуш жолун Алматыдагы бөлүмүнөн баштайт.

- Гуманитардык жардам берүү боюнча бир программанын ассистенти болуп орношуп, ушул багытка кызыгуум пайда болгон. Бактыма жараша болсо керек он жылдан бери “Кызыл чырым жана кызыл жарым ай” уюмунда иштеп келатам.

Журтташыбыз Элзат Мамуталиева ар кайсы өлкөлөрдөгү калктын жакыр катмарына жана табигый кырсыктан жапа чеккендердин абалын оңдоо, оор шартта жашагандарга жардам берүү багытында иштеп келатат. Өзүнүн айтымында, буга чейин Азиянын бир катар өлкөлөрүндө, Индонезияда, Пакистан, Непалда иштеп келген.

Учурда журтташыбыз Элзат Мамуталиева аталган уюмдун Чыгыш Африканын Судан мамлекетиндеги, тагырагы борбор калаасы Хартумдагы бөлүмүндө иштеп жатат. Хартумдагы, деги эле Судандын жашоо-шарты туурасында азын-оолак айтып берди.

- Жашоонун деңгээли Кыргызстанга караганда абдан эле төмөн. Бул жакта өкмөт жарандарды көбүрөөк көзөмөлдөйт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жагында кыйынчылыктары көп. Экономикасы да анчалык жакшы өнүгө элек. Судан адам укуктары багытында Америка жана Батыш мамлекеттери тарабынан сынга кабылып келет. Анын айынан көп санкциялар коюлуп, ошонун негизинде экономикасы өнүккөн эмес. Эли абдан жакшы, боорукер. Исламга жараша көбүрөөк консервативдүү болушат. Аялдар ачык кийинип жүрө албайбыз. Биз дагы ушул жактын салтына жараша жүрөбүз. Бул жакта суу тартыш. Борбор шаары Хартумда көп кыйналбаганыбыз менен аймакка чыкканда, Эфиопия менен чектеш Кассала аймагында эл абдан эле кедей жашашат экен. Суу жок, тамак-аш жагынан кыйналышат экен. Бул жакта ичимдик сатылбайт, ичилбейт. Элдери намазга жыгылат. Жума күнү эч ким иштебейт.

Элзат Мамуталиева Гарварддагы курсташ, группалаштары менен
Элзат Мамуталиева Гарварддагы курсташ, группалаштары менен

Биздин маектеш дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири Гарвардын бүтүрүүчүсү. Быйыл университеттин магистратурасын (мамлекеттик иштерди жөнгө салуу багытында) аяктап, дипломун колуна алып кубанып отурган чагы. Элзат айым Гарвардга өтүү, ал жактагы окуу тууралуу айтып берди.

- Жаңы эле Гарвардды бүтүп келатам, жакында эле дипломубузду колго алдык. Бул бир жылдык окуу болчу. Өз ишимде көп эле тажрыйба алдым деп ойлойм. Бирок менин Кыргызстанда мамлекетик ишке аралашсамбы деген пландарым бар. Ушул убакытта алган тажрыйбам менен бөлүшүп, өз салымымды Кыргызстандын өнүгүшүнө кошсом деген тилегим бар.

Гарвард он жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адистерди алат экен. Мен да документтеримди тапшырып көрдүм. Окууга өткөнүмө бир чети таң калып, бир чети аябай кубандым. Ал жактагы бир жыл абдан жакшы, кызыктуу тажрыйба болду. Ал жакка өтүп калганым да бактыма жараша болду деп ойлойм. Башында окууга кабыл алынгандардын бардыгы таң калып, бири-бирибизди карап, сынап отурабыз. Ошондо мугалимдер “таң калбагыла эми, биз баарыңардын документиңерди жакшылап карадык. Биз ката кетирген жокпуз. Силер тажрыйбаңарга, билимиңерге жараша ушул жерде отурасыңар” деди. Ушул эле жылы Гарварддан Мурат Мадыков деген кыргызстандык жигит бүтүп кетти. Биздин эсеп боюнча он чакты кыргызстандык бүтүптүр бул окуу жайды. Азыр Гарварддан бүткөн кыргызстандыктардын клубун түзөлү, чогулуп туралы деп демилге көтөрүп жатабыз.

XS
SM
MD
LG