Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

"Вечерний Бишкек": Рябушкин дагы бир сотто утту


Биринчи май райондук соту доогер Александр Рябушкиндин арызын канааттандырып, “Вечерний Бишкек” басылмасынын акцияларын жана "Рубикон" ишканасынын калган 50 пайыз акциясын ага өткөрүп берүү чечимин чыгарды.

Басылманын жетекчиси Александр Ким сот чечимине макул болбой, эми шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турган болууда.

"Вечерний Бишкек" басылмасынын айланасындагы соттук териштирүүлөр уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Биринчи май райондук соту доогер Александр Рябушкиндин арызын канааттандырып, “Вечерний Бишкектин” акцияларын жана “Рубикон” ишканасынын 50 пайыз үлүшүн Рябушкинге өткөрүп берүү боюнча аныктамасын чыгарды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкекти” Александр Рябушкинге кенемте иретинде 388 млн. сом төлөөгө милдеттендирген болчу. Бирок Александр Кимдин эсебинде мындай акча болбогондуктан, Рябушкин 12-август күнү кайрадан Биринчи май райондук сотуна кайрылып, мурдагы чечимдерди аткартуунун башка жолун карап берүүнү өтүнгөн.

Александр Ким сот “Вечерний Бишкек” менен “Рубикондун” мүлкүнүн баасын аныктабастан эле аны Рябушкиндин доосуна чегерип койгонуна макул эмес. Мындан улам ал кайрадан шаардык сотко апелляциялык арыз жолдогону жатат.

- Албетте мен Рябушкин доолап жаткан 400 миллионго жакын акчаны төлөп бере алмак эмесмин. Ошондо Рябушкин жаңы арыз жазып, соттун чечимин аткаруу жолун өзгөртүүнү суранып, акчанын ордуна “Вечерний Бишкектин” мага тийиштүү 65 пайызын жана "Рубикондун" 50 пайыз үлүшүн сурап жатат. Сот болсо мүлктү ага бекер эле берип койду. Бул мүлктүн баасы кымбат турат. Рябушкин өзү 10 жыл аралыгындагы кирешени эсептеп көрсөтүп жатат. Эгер бул кирешелүү бизнес болсо, анда аны сатыкка алып чыгып, баасын аныктап, биринчи кезекте мамлекетке салык төлөп, анан Рябушкинге акчасын берсе болмок да. Алар баарын жөн эле чечип коюшту. Алар акцияларды номиналдык баа менен карап, “Вечерний Бишкекти” болгону 650 миң сомго эле баалашты. “Рубиконду” жөн эле алып коюп жатышат. Бул мүлк Рябушкин сураган 388 миллион сомдон алда канча кымбат турат. 5-6 жыл мурда "Акипресс" биздин мүлктүн баасын аныктаган эле. Анда азыркыдай кеңейе элек кез болчу, киреше дагы азыраак эле. Ошондо эле алар 15 миллион доллар деп баалаган.

Александр Рябушкин Александр Кимдин дооматтарын четке кагып, болгону эки сот инстанциясы чечип берген 400 миллионго сомго чукул доосун өндүрүп алууну гана максат кылып келе жатканын белгилейт. Ал эгер Александр Ким “Вечерний Бишкектин” мүлкүн эмес, талап кылып жаткан акчаны эле төлөп бере турган болсо, ага деле макул болоорун билдирүүдө.

- Мага Александр Ким карыз. Соттор чечим чыгарды. Алар бул чечимдерди Жогорку Сотко берип, жокко чыгарган жок. Демек шаардык соттун чечими күчүндө. Мен чечимди сот аткаруучуларга бердим. Алар Александр Кимге кайрылып, 10 күндөн ашык банктардан акча издешти. Акча жок болуп чыкты. Ошондуктан мен чечимди аткаруунун жолун өзгөртүп, анын колдо бар мүлкүнө көңүл бурдурууга аракет кылдым. Соттун чечимин аткаруунун ар кандай формалары бар. Ошого жараша сот ушул жолду тандады. Балким шаардык сот кайра башка чечим чыгараар. Мен алардын мүлкүн талашкан эмесмин. Мен белгилүү суммадагы акчаны талап кылып жатам. Ошону берсин, маселе чечилет.

Ушул жылдын 17-июнунда бир нече соттук териштирүүлөрдөн кийин Жогорку Сот Александр Рябушкинди “Вечерний Бишкек” ээлик кылган "Рубикон" фирмасынын 50% акциясына ээ экенин тастыктаган чечим чыгарып берген.

“Вечерний Бишкек” гезити Жогорку Соттун чечимин мыйзам бузуу катары баалап, бул чечимдин артында таасирлүү адамдар турарын билдирген.

Басылманын баяндамачысы Нарын Айып бул жолу дагы Биринчи май райондук сотунун эч кандай эсеп-кысап жүргүзбөй туруп чечим чыгаруусун алдыдагы шайлоолор менен байланыштырат.

- 12-августта Рябушкин жанагы кабыл алынган чечимди аткаруу жолун өзгөртүп берүү боюнча деп арыз жазыптыр. Анткени убакыт кетип жатат да. Мүлктүн баарын санап чыгуу үчүн бир нече ай кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан булар шайлоонун алдында батыраак алып алуу үчүн ушундай чечим чыгарып жатышат. Мүлктү санаса, балким 388 миллион эмес, 1 миллиард сом болмоктур. Аны санабай эле жөн эле баарын берсин деп коюп жатпайбы. Кайсы мыйзамга таянып жатасыңар десе, жооп беришпейт. Тиги шайлоонун алдында, 4-сентябрдагы өнөктүк башталганга чейин баарын бүтүрүп салыш керек болуп жатат. Ошондуктан 10 күндүн ичинде "Вечерний Бишкектин" юристтери 28-августка чейин доо арыз берет, анан сот 29-августта карап туруп эле аны дагы бир аныктама менен бекитип салат же четке кагып коет. Ошону менен иш бүтүп калат.

Эгер шаардык сот “Вечерний Бишкектин” апелляциялык арызын канааттандырбай, Биринчи май райондук сотунун аныктамасын күчүндө калтырса, анда Александр Рябушкин басылманын жана “Рубикондун” толук кандуу кожоюнуна айланат.

“Вечерний Бишкектин” жетекчиси Александр Ким бул талаш-тартыштын артында президенттин айланасындагы адамдардын кызыкчылыгы бар экендигин, алар бир жагынан шайлоо алдында маалымат каражатын колго алуу максатын көздөсө, экинчи жагынан өлкөдөгү кирешелүү бизнестерди көзөмөлдөөгө аракет кыларын белгилейт.

Рябушкин өз кезегинде мындай пикирилерди четке кагып, соттун чечимдери аркылуу өзүнүн үлүшүнө ээ болууга гана далалат кылып келе жатканын, артында эч ким жок экендигин айтып келүүдө.

Александр Рябушкин “Вечерний Бишкектен” үлүшүн кайтарып алуу максатында 2005-2010-жылдары сотторго кайрылып, анда анын арыздары четке кагылган. Ал кайрадан 2014-жылы август айында пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин “Вечерний Бишкек” менен соттошуп келе жатат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG