Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Кыска убакытта “кычыраган” тизме даярдалабы?


Бишкектин Бакай-Ата конушундагы ыкчам топ иш учурунда, 15-октябрь, 2011-жыл
Бишкектин Бакай-Ата конушундагы ыкчам топ иш учурунда, 15-октябрь, 2011-жыл

Президенттик шайлоого жарым ай калганда шайлоочулардын тизмесин тактоо иши маселе жаратууда. БШК атайын ыкчам топтор үймө-үй кыдырып, тизмелерди тактап жатканы менен айрым жарандар бул топторго кайдыгер мамилеге кабатыр.

Талдоочулар президенттик шайлоого чейин так, жаңыланган тизме даяр болоорунан күмөн санашып, шайлоонун жыйынтыгында талаштуу жагдайлардын чыгышы ажеп эмес дешет.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:



Бишкектеги Бакай-Ата конушунун тургуну Назира Ырысбаева участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө кирип, октябрдын башынан бери ар бир үйдүн эшигин каккылап, тизмелерди тактап жүрөт.

Кеминде төрт кишиден турган ыкчам топ шайлоочулардын идентификациялык номурларын жазып алып, борборлоштурулган негизги тизмеге киргизүү менен алек:

- Барганда биз бул жердеги тизмеден карайбыз. "Ушул адамдар бизде бар бекен, же жок бекен" дейбиз. Бар кишилердин идентификациялык жеке номурларын жазабыз, өздөрүнө кол койдурабыз. Эгер тизмеде жок болсо, ал кишилерге "участкалык комиссияга арыз жазып, катталгыла" деп айтабыз. Ал эми бул катталган тизмелерди негизги тизмеге, базага киргизебиз.

Үймө-үй кыдырууга Кыргызстандын аймактарында 6 миңге чукул ыкчам топтун өкүлдөрү катышууда. Бул топ шайлоо комиссияларынын, жарандык коомдун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн куралган.

Боршайком мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун айтымында, айрым жарандар бул топторду үгүт жүргүзгөн адам катары кабыл алып, паспортторун көрсөтүүдөн жана кол коюудан баш тартууда. Мындан улам тизмени тактоо иши кечеңдеп жатат:

- Канчалык биздин жарандарыбыз ыкчам топтордун сурагандарын аткарып берчү болсо, биз анда толук, жүз пайыз тизмени оңдогонго шартыбыз бар. Адамдар маалыматын бербей, айткан сөзгө ынанбай, 20-октябрга чейин шайлоо участкасына барып, өзүн тизмеге киргизгенге аракет жасабаса, биз жетелеп бара албайбыз да. Анда тизме толугу менен жүз пайыз жакшы болот деп айта албайм. Эки тарап чогуу бир ишти жасаганда гана жетише алабыз.

Он жылдан бери такталбай, дайыма бурмаланып келе жаткан тизме бир шайлоонун ичинде такталып, эч качан туура болуп чыкпайт... Д. Ошуракунова
БШКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда шайлоочулардын тизмеси 2001-жылдан бери негиздүү жаңыланган эмес. Натыйжада азыркы тизмеде көзү өтүп кеткендердин ысымдарын табууга болот. Ошондой эле жашы жеткенине карабастан шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандар көп. Мындан жагдай бирөөнүн ордуна добуш берүү көрүнүштөрүнө себеп болгону айтылып келет.

Тизменин тактыгынан күмөн санагандар бар

Кыргызстандагы шайлоолорго көз салып келе жаткан “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова шайлоо комиссиясынын ырааттуу иштебей келиши да азыркы кыйынчылыктардын бир себеби болуп жатканын айтат. Анын пикиринде, буга чейинки шайлоо жараяндарында, эгер адамдын ысымы негизги тизмеде жок болсо, дароо кошумча тизмеге киргизилип добуш берүү улана берген. Бирок бул кошумча тизмелер убагында ирээтке салынып, негизги тизмеге кошулган эмес.

Бул жолу кошумча тизме колдонууга мыйзам жол бербейт. Бул ого бетер тизме түзүүгө олуттуу мамилени талап кылып турган кез. Бир топ байкоочулар, анын ичинде БШКнын мурдагы мүчөлөрү да шайлоочулардын тизмесин мынчалык кыска мөөнөттө такталып чыгарына күмөнү чоң болууда. Байкоочу Ошуракунова да ушундай көз карашта турат:

- Шайлоочулардын тизмеси он жылдан бери такталбай, дайыма бурмаланып, ушинтип келе жаткан нерсе, бир шайлоонун ичинде такталып, эч качан туура болуп чыкпайт. Анткени бардык жарандар, мамлекет ага активдүү катышкан жок. Андан кийин убакыт да аз болду. Жалпы бир тизмени түзүп чыгуу биринчи жолу болуп жатат. Ошондуктан бир айдын ичинде сапаттуу тизмени күтпөш керек. Бул үчүн бир нече шайлоо болобу, бир нече жыл керек.

Эми президенттик шайлоого он күн калганга чейин ыкчам топтор үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын тизмесин тактап чыгышы абзел. Бул мөөнөткө чейин жашаган жерден добуш бере тургандар жарандар да ылайыктуу шайлоо бекеттерине барып, тизмеге кириши керек. Тизме кирбей калгандар шайлоо күнү добуш бере албай калат.

БШК бул тизмелерди ирээтке салып, шайлоого үч күн калганга чейин жаңыланган тизмени жарыяламакчы. “Азаттыктын” сурамжылоосуна ылайык, "тизмем такталды" деген шайлоочуга караганда "такташа элек" деген шайлоочунун саны арбын болууда.

Мигранттардын ордуна добуш берилеби?

Акыркы маалыматтар боюнча, азыр тизмеде болжол менен 2 миллион 800 миңдин тегерегинде шайлоочу бар. Бирок алардын 1 миллионго жакыны чет өлкөдө жүргөнү айтылып келет. Боршайкомдун мурдагы курамынын төрагасы Акылбек Сариев бул жолу мигранттардын ордуна добуш берген учурлар болушу мүмкүндүгүн белгилейт:

- Мигранттардын ордуна добуш берилет. Кеп ошондо. Чыр ошондон чыгат. Ошол добуш берген кишилерди карасаңар, өзү чет мамлекетте жүргөн болсо да шайлоого катышкан болуп чыгып калат. Өткөндөгү кол чогултуу маселесинде кандай чыр чыкты эле! Ошондой эле кеп да.

Жаңы мыйзамга ылайык, быйыл чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктан элчилик жана консулдуктарда атайын каттоодон өткөндөн кийин гана добуш бере алат. Мындан улам добуш берүүчүлөрдүн саны кыйла азаяры күтүлүүдө.

Былтыркы күздөгү парламенттик шайлоодо эски тизме боюнча Кыргызстанда 2 млн. 836 567 шайлоочу бар деп белгиленген. Алардын 56 пайызга жакыны гана депутаттарды шайлоого катышкан. Бирок кошумча тизме аркылуу добуш берүүдө чаташуулар болуп, ал саясий талаш-тартыштарга чейин өсүп жеткен. Тизмеге байланыштуу мыйзамга киргизилген жаңы эреже дал ошол өксүктү жоюп, шайлоонун тазалыгын камсыздоо максаты менен да түшүндүрүлүп келет.

Бүгүнкү тизме тактоого кол жетпей жаткандыгын баамдагандар эми добуш берүүгө кирбей калган шайлоочуларды талапкерлер кайталап добуш берүүгө пайдаланбас бекен деп шектенип турушат.

XS
SM
MD
LG