Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Үч-Коргондогу шайлоо жазга жылды


Үч-Коргон айыл өкмөтү.
Үч-Коргон айыл өкмөтү.

Кечээ 31-октябрда Кыргызстандагы “Тажиктер коомунун” төрагасын шайлоо үзгүлтүккө учурады.

Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган тажиктердин 75 өкүлү “Тажиктер коомунун” төрагасын шайлоо үчүн Үч-Коргон айылына чогулган. Бирок шайлоо башталбай жатып токтоп калды. Этникалык тажиктердин өз ара чатагы залда Жогорку Кеӊеш депутаттарынын жана облус губернаторунун отурганына карабай уланып, шайлоо жазга калды.

31-октябрда Кыргызстандын ар кайсы районунда жашаган 55 миӊ тажик элинин 75 өкүлү өз төрагасын шайлай албай кайра тарап кетишти. Буга “Тажик коомунун” төрагасын шайлоо тууралуу жобонун айынан чыккан чыр себеп болду. Коом жетекчилигине азыркы төрага Равшан Сабиров да талапкер эле. Экинчи талапкердин аты эч кимдин оозунан ачык чыкпаганы менен, ал Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы экени айтылып жатты.

Тажик диаспорасынын төрагасын шайлоо «Тажиктер коомунун» 20 жылдыгы менен бир күндө өтөрү пландалган. Ага Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги баш болгон жоон топ делегаттар, кыргыз тараптан Жогорку Кеӊеш депутаттары менен кошо Баткен облусунун жергиликтүү бийлик төбөлдөрү катышып жаткан. Төрага шайлоосу башталбай жатып талашка түшкөн учурда Жогорку Кеӊеш депутаты Мурадыл Мадеминов төрагалык кызматка шайлоону жоюп салууну сунуштап чыкты:

- Төрт ай ичинде шайлоо жобосун өзгөртүп чыгыңыздар. Же шайлоонун ордуна кезектешип башкаруу киргизиӊиздер. Төрагалык мөөнөттү беш жыл кылып, эстафетаны бир мөөнөт Жалал-Абад алсын, кийинкисин Баткенге, Чүйгө өткөрүп бериӊиздер. Мен Кадамжайда бир тажик эли, бир кыргыз эли болушун каалайм. Алардан ичара бөлүнгөнүн көргүм келбейт.

Бирок Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов чатактын азыр токтобосун айтып, төрага шайлоону жазга чейин жылдырып турууну чечти.

- Шайлоону май айына чейин токтото туралы. Ага чейин ойлонуп, сунуштар болсо эске алалы. Шайлоо Үч-Коргондо болобу, Андаректе болобу, аны акылдашалы.

"Тажиктер коому" айлык маянасы, кызматтык унаасы жок кызмат. Ага Кыргызстандагы 55 миӊ тажиктин 600ү гана расмий мүчө болуп катталып, жылына бир жолу 120 сом мүчөлүк акы төлөшөт. Аны азыркы күнгө чейин жетектеп келген Равшан Сабиров маянасыз кызматтын талашы тууралуу буларды айтты:

- Ошол «Тажиктер коому» түзүлгөндөн бери 20 жыл бою ошол устав менен эле жашап келгенбиз. Жыйырма жылдык юбилейге келип бул уставдын жакпай калгандыгы мени таӊ калтырды. Бирок мен ошол коомду башкарган алты жыл ичинде уюмдун баркын эл талаша турган деӊгээлге көтөрө алганыма кубанам.

Улуттук диаспораларда жарытылуу маяна болбогону менен, парламенттик жана президенттик шайлоолор учурунда бул уюмдар менен түрдүү саясий күчтөр эсептеше баштайт. Муну айткан талдоочу Төлөгөн Келдибаев «Тажиктер коомунун» төрагасын шайлоо болбой калганына бийликтин колу бар деген ойдо:

- КСДП партиясы жергиликтүү бийликтин колу менен парламенттик шайлоодо өзүнө караштуу кишини алып келгенге аракет кылып жатат. Булар диаспора башына КСДПга мүчө болгон адамды алып келмекчи. Мунун баары кийинки шайлоого даярдык.

Ал эми талаштуу жыйындын акырына чейин күбө болуп отурган Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү Жеңиш Разаков болсо серепчинин айтканын четке кагууда:

- Биз ал чатакка аралашкан жокпуз. Ички ишиңер, өзүңөр чечип алгыла дегенбиз. Кыргызстандагы тажиктердин 50 пайызын Үч-Коргондо жашагандар түзөт. Ал жердегилер төрага Үч-Коргондон шайланышын көздөп жатканын уктук. Бул жерде бийликчил партиянын тиешеси бар дегенге кошулбайм.

Кыргызстандагы 55 миӊ тажиктин 50% үчкоргондуктар түзөт. Лейлек, Кадамжай, Кара-Суу, Өзгөн, Ала-Бука жана Чүй өрөөнүндө да тажиктер жашайт.

XS
SM
MD
LG