Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Шайлоо: арыздангандар аз, эсеп алдыда


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоого саналуу күндөр калды. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө атаандаштар бири-биринин үстүнөн арызданган менен бир да партия шайлоодон четтетилбей турган болду.

25-ноябрда Кыргызстандагы 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештерге шайлоо болот. Саясий партиялар ортосундагы күрөш өзгөчө Бишкек шаары жана башка ири шаарлардын кеңеши үчүн катуу жүрүүдө.

Бишкек шаардык кеңеши үчүн 23 партия ат салышууда. Талдоочулардын баамында, алардын ичинен атаандашуу беш-алты партиянын ортосунда курч мүнөздө болууда. Алар: КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Замандаш”. Бул партиялардын ичинен “Республика” менен КСДП партиялары бири-бирин негизги атаандаш катары көрүшүүдө. Ошондой эле көрнөк-жарнактар боюнча да ушул эки партия башкалардан артыкчылыкка ээ болгону байкалат.

Булардан сырткары жаштардын “Адилетүү Кыргызстан”, “Тоскоолсуз жашоо үчүн” жана оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиялары өз электоратын табуу үчүн олуттуу аракеттерди жасап жатканы байкалат.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Бишкек шаардык кеңеш үчүн күрөшкө мындай баасын берди:

- Шайлоо өнөктүгү бүтүп баратат. Мындай карасак КСДП сөзсүз өтөт. Бул - бийлик партиясы. Мына мэрияда, башка бийлик органдарында канчалаган чиновниктер отурат. Башка партияларды карасак “Республика” бар. Булар акчаны көп чачышты. “Замандаш” да иштеп жатат. Балким ушулар өтөт.

“Ар-намыс”, “Ата Мекен” партиялары да 7% тосмодон өтүп, бирок азыраак мандатка ээ болуп калышы күтүлөт, деп кошумчалады Марат Казакпаев.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, шайлоо өнөктүгү учурунда атаандаштар бири-биринин үстүнөн көп арыз жазган жок. Бир гана “Кыргызстан транспортчулары” партиясы “Республика” партиясына арыз жазган. Аны БШК 21-ноябрда карап, “Республика” партиясына эскертүү жарыялады.

Белгилүү болгондой, “транспортчулар” “Республика” партиясы 17-ноябрда "Аккула" ат майданында ат оюнун уюштуруп, ал жерде байгеге акчаларды коюу менен шайлоочуларды сатып алууга аракет жасады деп айыптаган эле.

Шайлоого үч күн калганда кайсы бир партияны шайлоодон четтетүүгө мыйзам да жол бербесин Жеңиш Акматов белгилеп кетти:

- Шайлоо кодексинде ошентип жазылган: шайлоо үч күн калганга чейин мыйзам бузуулар боюнча шайлоо комиссиясы жана сот каттоодон алып сала алат деп. Кечээ акыркы күн болчу. Бүгүндөн баштап алалбайбыз.

Акматовдун айтымында, “транспортчулар” берген арызын кайра кайтарып алышкан. БШК болгону факты боюнча гана маселени карап, “Республикага” эскертүү берди.

“Республика” партиясы өз кезегинде бул эскертүүнү басым катары баалап, шайлоо учурунда бийлик тарабынан жасалган ар кандай басым, кысымдар элдин нааразылыгын күчөтөөрүн эскерткен.

Жалпысынан Бишкек шаардык кеңеши үчүн 23 партия ат салышууга чыккан. Бир да партиянын каттоосу жокко чыгарылган жок. Ошондуктан шайлоочулар 25-ноябрда 23 партиянын ичинен каалаганына добушун бере алат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG