Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Быйылкы шайлоого кылмыш топтору аралашпайт го


Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.
Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

Өлкө жетекчилиги криминал менен күрөшүүнүн экинчи баскычын баштап, шайлоого чейин кылмыштуу топторду биротоло алсыратууну көздөөдө.

Мурдагы шайлоолорго кылмыштуу топтордун аралашкандыгы жогорку деңгээлде айтылып жүрөт.

Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, өлкөдө кылмыштуу топтордун каттоодо турган 505 aктивдүү мүчөсү бар. Бийликтин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү иш-чараларына ылайык, быйыл февраль айынан тарта 176 адам кармалган. Кармалгандардын 130у АКШ эң коркунучтуу маңзат төбөлдөрүнүн катарына кошкон криминалдык лидер Камчы Көлбаевдин тобуна киргендер.

Кыргызстанда издөө салынып, чет жактарда качып жүргөн Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевдер жакында эле Араб Эмирлигинде кармалышкан. Учурда Башкы прокуратура аларды Бишкекке алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда.

Былтыркы парламенттик шайлоого кылмыштуу топтор катуу аралашып, Жогорку Кеңешке кылмыштуу топтор менен жакындан байланышы бар айрым адамдар келип калышканы айтылган. Мындай билдирүү менен буга чейин “Ата Мекендин” айрым депутаттары чыгып, күч органдарынын жетекчилери да микрофонсуз сүйлөшүүлөрдө аны ырастап келишет. Бирок өлкөдөгү кырдаалдын былтыртан бери оор болуп турганы жана кагылыштар чыгып кетүү коркунучу болгондугу мындай фактыларды жашыруун кармоого аргасыз кылууда.

30-октябрда президенттик шайлоо болгону турат. Кечээ эле президент Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмазбек Атамбаев жолугуп, жакын арада уюшулган кылмыштуу топторго каршы күрөштүн экинчи этабын баштоо тууралуу сүйлөшүштү. Ак үйдөн алынган маалыматтарга караганда, былтыр шайлоодо кайсы бир саясатчылар криминалдык топтордун кызматынан пайдаланышкан. Ошол себептүү быйылкы шайлоодо криминалдын таасирин жокко чыгаруу боюнча жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Рахматулло Ахмедовдун айтымында, жакын арада ИИМ өлкөдөгү кылмыштуулукка байланыштуу жагдай боюнча кеңири маалымат берет. Ошону менен бирге күздө өтчү президенттик шайлоодо коопсуздук чараларын уюштуруу, кылмыштуу топтордун таасирин ага чейин азайтуу иштери аткарылмакчы:

- Мына жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, ушул жылдын башынан бери бүгүнкү күнгө чейин кылмыштуу топторго тиешеси бар делген 180ге жакын адам кармалып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып атышат. Издөөдө жүргөн адамдардын качып, жашырынып жүргөн жерин тактоо, аларды кармап жоопкерчиликке тартуу иш-чаралары эч качан токтобойт. Бул багытта биз менен кызматташтыкта болгон чет мамлекеттер менен мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде өз ишибизди алып барып атабыз.

“Ата Мекен” партиясы былтыр парламенттик шайлоо астында криминал менен күрөшүүнү башкы максаттарынын бири катары белгилеген. Кийин шайлоодо аз добуш алып калып, партия мүчөлөрү шайлоого уюшкан кылмыштуу топтор катуу аралашканын, бул жагдай да шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизгенин айтып чыгышкан. Ал тургай “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Турат Мадылбеков шайлоодон кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, парламентте криминал менен байланышы барлар отурушканын айтып чыккан. Бирок алар кимдер экенин атоодон баш тартып, коомчулук аны билип эле турганын айткан.

Азыр болсо ал күздөгү парламенттик шайлоодо кылмыштуу топтор былтыркыдай активдүү боло албасын, бирок жарым-жартылай криминалдашкан топтор, спортчулар пайдаланыларын айтууда:

- Жанагы 176 адам кармалды дегендин баары тең кармалды дегенге ишенбейм. Бирок күзгү шайлоого байланыштуу коркунучтардын баары артта калды деп ойлойм. Анча-мынча спортчу чалыштар эле аралашпаса, анча коркунуч жок. Бирок акырындык менен кылмыш топторун жер-жерлерде пайдалануулары мүмкүн шайлоодо.

Президент август айынын башында Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландоодо. Бул кеңешти президент өзү жетектейт. Анын курамына премьер-министр, парламент төрагасы, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, каржы министри баштаган адамдар кирет. Жыйында өлкө жетекчилиги коопсуздукту бекемдөө, шайлоого даярдануу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашат. Натыйжада күзгө чейин дагы бир катар кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалса, шайлоонун алдында криминал тараптан коркунуч азыраак болору болжонууда.

XS
SM
MD
LG