Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Партиялардын добуш топтоо амалы


Ушул күндөрү шайлоочулар өзүн тизмеден тактай алышат
Ушул күндөрү шайлоочулар өзүн тизмеден тактай алышат

Кыргызстанда парламенттик шайлоого үгүт иштери менен кошо, саясий партиялар тарабынан добушту көп алуунун түрдүү айла-амалдары да иштелип жаткандыгы айтылууда.

Акыркы маалыматтарга караганда, шайлоочулар арасында паспорт көчүрмөсүн, биометриканы тапшыргандыгы тууралуу маалыматтарды чогултуп, добуш берүү убагында шайлоочуга бериле турган талон алдын ала жасап жаткан учурлар катталууда.

Таанышты кыйбай берилген паспорт

Ош базарында соода кылган Умида Расулованын айтуусунда, базаркомдор сатуучулардын паспорт көчүрмөсүн сураган фактылар көп кездешет. Расулова билдиргендей, базардагы кожоюндар көбүнчө Бишкектин четинде жана алыстан келип соода кылгандарга кайрылып, шаардын ичинде эле добуш берүүгө чакырууда. Тааныштар кайрылып жаткандан кийин базардагы соодагерлердин көбү макул болушуп, паспорт көчүрмөлөрүн беришүүдө.

- Базаркомдорду баарыбыз эле тааныйбыз да. Ошондуктан алар суранып, Бишкекте эле добушуңарды бергиле деп, паспортубузду чогултуп алышууда. Биз ал жактан арыз жазышыбыз керек экен, көбү барып жатат. Шайлоо күнү участокко өздөрү машина менен жеткирип, кайра алып келерин айтышты. Баары эле билип атат, алар биздин паспортубуз менен акча жасап жатканын, бирок аларды жакшы тааныгандыктан унчуккан деле жокпуз.

Бишкекте кошумча 39 участок ачылат
Бишкекте кошумча 39 участок ачылат

Партиялар шайлоочулардын паспорт көчүрмөсүн чогулткандан тышкары, добуш берүү убагында шайлоочуга бериле турган талонду жасап жаткандыгы тууралуу маалыматтар кеңири тарады. Каттоо кызматы атайын талон аркылуу шайлоо бюллетени берилет деп маалымат тараткан соң жасалма талонду башка партиялар алдын ала камдап жатканын өкмөт дагы танбайт.

Шайлоо иштерин уюштуруу боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, шайлоо күнү участоктордо таптакыр башка талондор берилет. Жаңы талондор үлгүсү жана өңү менен айырмаланат. Эржигитов шайлоого чейин коомчулукка талондор көрсөтүлбөй турганын айтты.

- Саясий партияларга айтарыбыз, ал талонду жасап убара болбой эле коюшсун. Биз шайлоо күнү башка талондорду беребиз. Анын өңү да башкача болот, көлөмү да азыркыдай эмес. Биз ошол талондор жасалып жатканынан кабардарбыз. Бирок шайлоочулардын колуна ал талон берилгени менен, бюллетень берип жатып кайра талонду алып коёбуз. Аны үйлөрүнө алып кетишпейт.

"Автобус менен ташымай башталат"

Байкоочулардын айтымында, партиялар добушту көп алуунун түрдүү айла-амалдарын издеп жатат.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин билдиришинче, партиялар өз талапкерлерин округ-округга бөлүп койгондуктан, талапкерлер тийиштүү добушту алуу максатында аймактан келген шайлоочулардын добушу үчүн Бишкекте кызуу күрөш жүрүүдө.

Партия талапкерлери шайлоочуларды өзүнө ыңгайлуу участокко алып барып, арыз жаздыртуу үчүн акчаны таратып жаткан маалыматтар бар, - дейт Акылбек Сариев. Натыйжада шайлоо күнү шайлоочуларды автобус менен ташыган көрүнүштөр кадимки процесске айланганы калды өңдөнөт.

- Жалгыз киши мунун баарын жасай албайт. Бири экинчисинен өтүнөт, ал дагы башкасынан өтүнүп, маалыматтарды чогултуп берип атышат. Катталган шайлоочулар ошол участокко шайлоо күнү бара турган шарттары болбой калышы мүмкүн. Анан барбай калгандарды акча менен болсо дагы бир ыгын табышат.

2011-жылдагы шайлоодон бир көрүнүш
2011-жылдагы шайлоодон бир көрүнүш

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын башка участокко барып добуш берүүсүндө мыйзам бузууну көргөн жок.

БШК мүчөсү Айнура Шаимкулова билдиргендей, шайлоо дареги менен добуш берем дегендер Бишкек шаарынын тургуну болбошу керек. Экинчиден, паспорт көчүрмөсү эмес, өзү барып ошол участокко арыз жазыш керек.

- Паспортун берип коюп, шайлоодо барам деген болбойт. Шайлоочулар 2-форманы толтуруп, ошол арызды өздөрү жазып, кол коюш керек. Ошондон кийин гана алар шайлоо дареги боюнча катталган болот. 19-сентябрга чейин өздөрү барышы керек, паспорт көчүрмөсүн бирөө аркылуу берип койсо каттабайбыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкекте аймактан келип шайлоого катыша турган 200 миң шайлоочу бар экенин болжолдоп жатат. Натыйжада алар үчүн кошумча 39 шайлоо участогу ачылса, Ошто ушундай эле убактылуу 8 шайлоо участогу иштейт.

Партиялар кошумча участоктордо да чоң электорат жатканын туйгандыктан, учурда тааныш-билиштерин өзүнө тийиштүү участоктордо добуш берүүгө чакырыгын улантууда. Жогоруда айтылгандай, айрым партиялардын агитаторлору шайлоочулардын паспортторунун, биометрикалык номерлеринин көчүрмөсүн жыйнап жатканы белгилүү. БШК болсо жарандардын паспортторунун, биометрикалык номерлеринин көчүрмөсү добуш берүүдө эч кандай таасир эте албайт деп ишендирет.

Шайлоочуну идентификациялоо кандайча жүрөт?

XS
SM
MD
LG