Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

ЕККУ: Шайлоо айрым талаптарга жооп берген жок


ЕККУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстанда президенттик шайлоо тынч өттү, бирок айрым талаптарга жооп берген жок деп билдирди.

Анын алдында КМШнын байкоочулары добуш берүүдөгү кемчиликтер катталганын, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир этпесин, жалпысынан шайлоо мыйзам чегинде жүргөнүн жарыялады.

Европалык уюмдардын байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу жакшы болот деген үмүт акталбай калганын айтып чыгышты.

Валбурга Хабсбург Дуглас
Валбурга Хабсбург Дуглас
Добуш берүү негизинен жаңы мыйзамдар менен, ЕККУнун мурда-кийин берген сунуш-кеңештерин эске алып өткөрүлгөнү менен, айрым эл аралык талаптарга жооп бербеген көрүнүштөр болду деп билдиришти.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынан келген делегациянын жетекчиси Валбурга Хабсбург Дуглас 31-октябрда Бишкекте маалымат жыйында үгүт маалында талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, маалымат каражаттарына кысым болбогонун жакшы жышаан катары сыпаттады, бирок шайлоого көлөкө түшүргөн жагдайларга басым жасады:

- Шайлоо күнү эч кандай зордук-зомбулуксуз, тынч жагдайда өтүп, добуш берүү жараянына жалпысынан оң таасир тийгизди. Бирок тилеке каршы, бир топ шайлоочулар өздөрүн тизмелерден таппай, бул добуш берүү күнү чоң көйгөйгө айланды. Добуштарды саноо жана таблицага түшүрүү башталганда абал начарлап кетти. Ушундан улам байкоочулардын терс баасын алды. Көп учурда байкоочуларга добуштарды саноого жана аны таблицага түшүрүү процесстерине байкап турууга жол берилген жок.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын иши бир кыйла ачык эмес болду деп айтып чыгышты. Мисалы, Боршайком жабык жыйындарга чогулуп, коопсуздукка шылтап, бюллетендерди басып чыгаруу ишине байкоочуларды аралаштырбай койгону терс бааланды.

ЕККУнун билдирүүсүндө БШК расмий каттап, шайлоо жүрүшүнө катышкан талапкерлер арасында бир да аял жана улуттук азчылыктын өкүлдөрү болгон жок деп белгиледи.

Анын алдында Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигинин байкоочулар миссиясы маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо процессине баа беришти. Анда тизмеден өзүн таппай, добуш бере албай калган жагдайлар, бармакка басылган сыянын өчүп калышы, айрым шайлоо комиссияларында иштердин чалагайымдыгы өңдүү кемчиликтер белгиленди.

Бирок миссиянын жетекчиси Сергей Лебедев мунун баары шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт деп билдирди:

- Шайлоо жалпысынан мыйзам чегинде өттү. Миссиянын ою боюнча, шайлоо комиссияларына саясий партиялардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын катышуусу, ошондой эле бир катар байкоочулардын болушу шайлоо процессинин ачык-айкын болушун бир топ камсыздады.

КМШнын байкоочулары шайлоо мыйзамдарын дагы жакшыртуу керек, тизмелер боюнча иштерди жылдыруу зарыл деген сунуштарды беришти.

Кыргызстанда 30-октябрдагы президенттик шайлоого жалпысынан 800дөй эл аралык байкоочу катышты. Алар 50дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү жана 40тай эл аралык уюмдун мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG