Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:16

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Болочок президентке талап көп

“Хюман Райтс Уотч” эл аралык адам укугун коргоо уюму кийинки президент сөз эркиндигинин жана адам укугунун абалына кам көрүшү керектигин айтууда.

Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат, 1-ноябрь
x
Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат, 1-ноябрь
Текст көлөмү - +
Аталган уюм Кыргызстандын жаңы шайланган президентинин негизги милдеттеринин бири - сөз эркиндигине болгон чектөөнү алуу жана июнь коогалаңынан кийинки түштүк облустарында орун алып жаткан өзүм билемдикти токтотуп, сот адилеттигин калабына келтирүү керек экендигин билдирүүдө. 

Ал эми талдоочулардын пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы дурус деп бааланганы менен, адам укугун коргоо жаатында чоң көйгөйлөр бар. 

​​“Хюман Райтс Уотч” эл аралык адам укугун коргоо уюму сот адилетсиздигин жана кыйноолорду токтотмоюнча эки элдин жарашуусуна жана туруктуулуктун болушуна ишенүү кыйын экендигин белгилөөдө. 

Ош шаарындагы “Адам укугун коргоо жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун пикиринде, мыйзамдар толук аткарылганда гана адам укуктары камсыздалат:

- Мен сот адилеттигин, адам укугун жана сөз эркиндигин камсыз кылуунун бир гана жолун көрүп турам. Бул - Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдар ким тарабынан болбосун так жана туура аткарылышы керек жана ал мыйзамдарды бузгандар алардын ким экендигине, кайсы бийликке таандык экендигине карабастан жоопкерчиликке тартылышы кажет. Ошондо гана айтылып жаткан багыттар боюнча укуктар жана мыйзамдар сакталат деп ойлойм.

“Укук коргоо оор болуп жатат”

Адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдар мыйзамдарды бузууга бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү ортоктош болуп келатканын айтышууда.  “Эдвокаси” адам укугун коргоо борборунун өкүлү Жеңиш Тороев буларды билдирди:

- Мыйзам иштебегенден кийин адам укугун коргоо кыйын болуп жатат. Ош, Жалал-Абад жерлеринде ошол эле тартип коргоо органдары мыйзамды сыйлабай, кыянатчылык кылганы көрүнүп жатат. Ушундай арыздар менен бизге кайрылгандар көп. 

Фарид Ниязов
​​Ал эми шайлоодо утту делинип жаткан талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Фарид Ниязов Атамбаев сот адилеттигин камсыздоого аракет кылат деп ишендирүүдө. Ниязов июнь жана апрель окуялары боюнча жүрүп жаткан сот жараяндары боюнча буларды билдирди:

- Атамбаев мурда да, шайлоо кампаниясы учурунда да апрель жана июнь окуялары боюнча тергөө иштери аягына чыгышы керектигин бир нече ирет билдирген. Ошондой эле мыйзамдуулуктун жана акыйкаттын негизинде сот чечими чыгышы керек деп айтып келген.

“Хюман Райтс Уотч” уюму кийинки президент жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө тоскоол жаратып жаткан чектөөлөрдү алып, маалымат алуу эркиндигин камсыздап, аны таратуунун бардык мыйзамдуу жолдорун урматташы керектигин белгилеген. Анын ичинде кийинки өкмөттү жана анын саясатын сындаган жалпыга маалымдоо каражаттарын да камсыздоо зарылдыгы тууралуу сөз болот.

Медиа адистердин көпчүлүгү учурда Кыргызстанда толук болбосо да сөз эркиндиги бар деген ойду карманышууда. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө журналисттер журтчулугунун каалаганын эч кимден тартынбай жазууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул көрүнүш кийинки президенттин тушунда да уланат деген үмүттөрүн билдиришүүдө. Медиа адис Акмат Алагушев:

- Чынын айтканда ЖМКга эч тийишпей, ал мамлекеттен сырткары  турса жакшы болот. Менин оюмча мамлекеттик ЖМКлар болбошу керек. 5-канал , КТРК боюнча иштер ачык эле көрүнүп, түшүнүктүү эле болуп турат, аны курал кылуу аракети. Мында бир гана саясий маселелер болуп жатат. 

“Акча алдында алсыздык кылууда”

Журналист, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары кандайдыр бир күчкө жана басымга туруштук бере алганы менен материалдык кызыкчылыктардын алдында алсыздыгын көрсөтүп жатат деп эсептейт. Ал буга президенттик шайлоо учурунда негизги делген талапкер Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы ЖМКларга акча төлөө менен өзүн сындаган макала-материалдарды жарыялатпай койгон деген жүйөнү келтирди.

​​Замира Сыдыкова шайлоодо утту делинип жаткан Алмазбек Атамбаевдин бул саясаты кийин да уланышы мүмкүн деген ойдо.

- Өзүнүн күчүн салбаса да, акча менен ЖМКны алып койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Биз "Максим баарын сатып алды" деп айтчу элек. Айдарды да ошентип айтчубуз. Ал эми бул баарын чогуу эле, гезит болобу, сайт болобу өзүнө макул кылып койду.  

Фарид Ниязов Атамбаев сөз эркиндигин колдоп келгенин, аны президент болуп турганда да улантарын айтууда.

- Алмазбек Атамбаев көптөгөн жылдар бою Кыргызстанда сөз эркиндиги жана шайлоо эркиндиги болушу үчүн күрөшүп келди. Андыктан мамлекеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарында  болуп жаткан өзгөрүштөргө Атамбаевдин салымы бар экендиги талашсыз. Булар - кооомдук каналды түзүү, анын иштешине колдоо көрсөтүү, сөз эркиндигин колдогон иштер. Албетте мындан ары да бул иштер уланмакчы. 

Ошол эле кезде Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаев журналистикадагы  ушак-айыңга, адамдын беделине доо кетирген көрүнүштөргө караманча каршы экендигин эскерте кетти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бурганак каяктан: Монгулор
09.11.2011 11:37
Зээним кейийт, Каримов эли учун иштеп 20 жыл ичинде кандай гана улуу курулуштарды курду, Ташкент шаары таанылгыс озгорду. Областтык денгээлдеги шаарлары да осту, поликлиникалары дуйнолук денгээлде кайра жабдылган, Назарбаев эли учун иштеди, артынанан озгоргон шаарлар, кокурогун которуп мен казакмын деп жашаган эли калат! А биздечи? Жер, жерге болунмой, эптеп эле бир кызматка келсе жемей, жемей... Бири бири менен айтышмай. Бишкектин айланасы кепелерге толгон, жер жетпейт деп, ошончо жерди акылсыздык менен басып алууга жол берип, элдин жашоо шартын коргулочу? Акаев менен Бакиев таланган экономиканы, ишеничи кеткен элди, тебеленген намысты, сатылган жерди калтырды. Карапайым эл эбак эле оз киндигин озу кесип калган. Президент жок дегенде стратегиялык маанилуу мекемелерди сактап, чек арабызды бекемдеп, мыйзамдуулукту орнотуп, жегендерди токтотуусу керек! Эми дагы 5-6 жыл чыдайлы, Атамбаев деле президент болуп жыргап алсын дейбизби? Жок!!! Бугундон баштап ак иштоого киришуусу керек! Эл эми уурулук башталса эле чечкиндуу кадамга барары шексиз!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.11.2011 15:43
атамбаев мырза ганси бозаны калтырып эле койгоунуз тура болот 2020 жылга чейин тераристерден коркпой эл жашар эле

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.11.2011 11:56
Бакиев элге тезек тердиргени . сууну сатып,суусу жок отурганды , электр энергиясын сатып свети жок отурганды кыштын суугунда ,эстен кетпейт. Анан Мадумаров менен Ташиев уялбай эле Бакиевти колдогону бул бир кана жердешчилик сезиминин ото жогорку денгелин далили. Максим Жаныштын Кыргыз элине кылган кыянаты, Бакс Адахандын жер сатканы элдин эсинен кетелек. Адаханды колдогондор.тегерегиндеги камчысын ,кылычын чапкандар 100% эмненси болсо да оз коробуздан кочкор салабыз дегендер ,баарынан жердештикти жогору койгондор.
Пикирге жооп

кимден: Адилет
09.11.2011 01:07
Бийликти алуу учун (апрель окуясы) жана бийликти сактап калуу учун (июнь окуясы) бээ куноо адамдардын канын токкон "УУРУлар","АРТИСТтер" жонундо да жазып кетсен жакшы болмок....)))
Эми жоопкерчиликтен качыш учун,колтийбестик алыш учун жанталашып шайлоонун ит-мышыгын чыгарган "ууруларды" мактайлыбы???

кимден: Асанкайгы каяктан: Тениртоо
06.11.2011 09:20
Атамбаеб 4-пирздент эмес, 3-пиртзден деп атагылачы. курманбек болсо бийликти күч менен алып күч менен кетти. ошого аны пирзден эмес, пирзденттикти басып алган алган деп атоого болор. ал таарыкка как ушундай жазылышы керек. пирздент болсо эмне үчүн күч менен кетип,кылмыштуу эсептелет. туугандарга айтар сөз сөз сүйлөмдөрдү туура иштетип туура колдонсок.

кимден: USA каяктан: SHerilphil
06.11.2011 02:01
^Baatyrdyn atyn alystan yk ,janyna kelcen bir kishi;-demekchi Akaevdin ychyryndagy Zamiranyn jazgan makalalaryn ,kylgan ishterin koryp Kyrgyzdyn jakshy insany dep oilochy elem,Bakiev USAge posol kylyp jibergende byl adamdyn dymy chykpai oltyrdy.Kyzmat biylik adamdy mankyrt kylyp koiot okshoit,Bir jolky kyrgyzdardyndyn chogylyshynda Bakievdin tyyganchylygy jonyndo coz bolso oozy kyishaibai tyryp tyygansys adam bolboit da deit,byl 1-den ,2-den men pasportymdy srogyn yzartaiyn dep pocolctvogo 2 ai zvonit etip ala albai koidym, akyrynda Zamiranyn sel phonyna chyktym,Silerde ech kim ishtebeibi zvonokko joop berishpeit decem karap koroiynchy dep ketip kaira keldi ,baary chylym tartyp eshikte jyrso kerek ech kim jok deit. Men yshyl sozdy mamlekettyn kyzgycy bolgon posoldon ykkanyma yshyl kyngo cheiyn tan kalam.Pocolstvodogy konsyldar jonyndo aitpai ele koioun.Yshynchalyk madaniatsys bilimsiz adamdar kelishet.Chet mamleketke posol konsyldardy jonotkondo abailap je bir konkyrs bolboiby,Amerikaga karoolchy je koichymandardy jonotyshot,karasan jyrogyn ailanat.

кимден: тимур
05.11.2011 21:14
Ошто эч кандай озум билемдик жок. Оштун жетекчилери строгий, жетекчи адам ошондой болот. Эмне ошондой эле Ош акимяттын устуно башкача туу сайып койуптурбу же башкача гимнди ырдайт бекен.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.11.2011 14:43
Ооба тв жана журналистердин козунчо строгий билебиз. Кеткенден кийин элден кечирим сураганын оз козум кулагым м-н уккам.

кимден: Ашым каяктан: Бишкек
05.11.2011 20:30
Замира Сыдыкова эн туура айтып жатат.Айрыкча КТР Оторбаев баш болуп Атамбаевдин ырын ырдап калышты. Интернетте дизель-форум баракчада да бир жактуу саясат башкарылып турарын сокур-дулой адамга да байкалып турат. Журналисттерде эн бир баалуу сапат КАЛЫСТЫК,ЧЫНДЫК жоголуп баратат.А.Мадумаров туура айтат "ушак кууган,негизсиз суйлогон журналисттердин тилин кесип,бутун сындырыш керек".
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.11.2011 14:41
Бакылдаган текени суу кечкенде коробуз. Адахандын эл алдында калп боорзуйлугун да корорбуз. Коркок киши. Баатыр киши эч качан Жанышка кылгандай кошоомат кылбайт. Выбор бутот андан аркысы да келет болот.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине