Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:15

Саясат

Абдырахманов: Мэрлерди эл шайлашы керек

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдырахманов Бишкек жана Ош шаар башчыларын түздөн-түз шаар калкы шайлаш керек деп эсептейт.

Өмүрбек Абдырахманов
Текст көлөмү - +
- Бишкек жана Ош шаар башчылары шаардык кеңештин шайлоосу менен өкмөт башчысы дайындаш керек деген пикирге сиз каршы экенсиз. Шаар башчларын эл шайлаш керек деген жүйөөңүз эмнеге негизделген?

- Оппозицияда жүргөн илгертен бери эле бардыгыбыз мэрлерди эл шайласын, президентти, депутаттарды шайлаган эл кантип эле өз мэрлерин шайлап алганга акылы жетпейт деп айтып келгенбиз. Тилекке каршы, бийликке келгенден кийин эле мэрлерди бийлик аркылуу дайындап алабыз деген ойлор көбөйүп бара жатат.

Бишкек шаардык мэриясы
​​Жакында мэрлерди шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганы турат. Ошондо дагы азыр бийликте отурган бир топ адамдар “жок, элге ишенип болбойт, ошол жердеги депутаттар шайлашсын” дешет. Ал эми депутаттарга ким сунуш кылат?

Илгери Советтер убагында депутаттарга биринчи катчы сунуш кылчу. Азыр болсо премьер-министр сунуш кылат дейт. Демек, формасы жагынан өзгөрүү болгону менен маңызы жагынан эч кандай өзгөрүү жок. Анын үстүнө азыркы Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын депутаттарынын коррупцияга каршы күрөшүп, оңолууга жасаган аракеттерин көргөн жокпуз. Алар ошо депутаттыгынан анча-мынча жерлерин, бизнес иштерин бүтүрүп алышып, мэр менен коюн-колтук алышып, эч кандай өзгөрүүнү алып келген жок. Дүйнөнүн баарында мэрди эл шайлайт.

- Сиз мүчө болгон фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев мэрлерди өкмөт башчы дайындашы керектигин айтууда. Бир эле фракциянын ичинде мына ушундай эки карама-каршы пикир эмне себептен чыгып жатат?

Ош шаары
​​- Бул эң сонун нерсе. Мурда Брежневби, же болбосо Акаевби, же Бакиевби, лидердин айтканын баары аткарчу. Биз Текебаевдин айтканын сыйлайбыз. Бирок азыр ар ким өз оюн айтканга мүмкүнчүлүк болду. Ошондуктан  Бишкектин, Ош шаарынын элине кайрылалы деп жатам. Алар кандай ойду айтат? Өздөрү шайлап алалы дейби, же “жок, биз 20-30 депутатка бердик” дешеби? Биз  ошондой бир маселени көтөргөнү турабыз.

- Айрым саясатчылар айткандай, эгер мэрлерди эл шайлай турган болсо, шаар башчылыгына мамлекеттин багытын билбеген, улутчул же башка ылайыксыз адамдар келип калбайбы?

- Бул авторитардык адамдардын ой-толгоосу. Эл шайлаган мэр эч качан тескери иштебейт. Эл экинчи жолу шайлабай коёт. Бул биринчи жагы. Экинчи жагынан мыйзам деген бар. Дүйнөдө башкаруу мыйзам аркылуу болот. Эгер ошол мэр мыйзамды бузса, прокуратура турат, бийлик турат, ошол эле премьер-министр турат. Алар элге айтып чыгып, мэрди кызматтан алып коюшат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: osh
18.01.2012 18:08
Eng tuura shaar meerin el ozu tandashy zaryl oshol aitkan ters jakka ketip kalat dep oz chontogun oilogon deputattardy da el shailagan kantip anan emi eldi mangkurt dep jatasyngar.El jakshy bilet kimdin kandai isteerin . anan men oz elime kairylyp ketet elem emnege biz dag bashka ozubuzdun Oshtuk talantuu bilimduu elin oilogon jashtardy el uchun ishteshine kam korboibuz tuura azyr bizge Melis Myrzakmatovdoi jumush kylgan ech kim kelbegeni ras, birok Melis dep ee jabylyp tushkonubuz da tuura emes dep oiloim tuugandar. emne uchun biz oshol Melisten da jakshy ishtegen adamdy taap chykpaibyz?emne jok deibizbi baar elim baar toltura bolgonu ozubuz ishenip alganbyz ushul ele jakshy dep. Kelgile myndai kylyp korobuz jangy taza jash muundan birdi el ozubuz shailaibyzda any baikaibyz jana talap kylabyz jakshy ishteshin korosungor al jash el ishengeni uchun ushul melistei korgonu uchun andan da algylyktuu jumushtardy jasait. Eger ishin bilbese kaira ele oshol Melisti shailap alabyz myndan ech jamandyk bolboit bolgonu oshol chygaan jashtarybyzdy ishtete bilishibiz kerek. BUL JOGORUDAGY AITILGANDAR EL OZU MEERIN SHAILAGANDA GANA BOLOTURGAN ISH EGER DAGY ELE DEPUTATTAR SHAILASA ANDA LAKSHYSY MELIS KALGANY ELE JAKSHY eger el ozu shailasa anda sozsuz jashtardan alyp kelyy gerek myndan onuguu gana bolot dep ishenem

кимден: kirgiz jarani каяктан: osh
17.01.2012 22:20
Osh merini ozuñar kizmatinan ketira albay emi Osh elini jana boloyun deb jatasinarbi jetpeybi 2010 jildin kurmandiktari silerge, suranich toktotkula oshondoy sayasatiñardi.

кимден: Elbek каяктан: KNR
17.01.2012 18:36
Abdrahmanov tuura aitasyz,merlerdi el shailashy kerek.O.Tekebaev biulike kelip eldi unutup kaldy korunot.Eger premer daiyndap deputattar shailasa anda janagy ele premerdin adamy kelet da el uchun emes,premer uchun ishtep kalat.Merlerdi el shailait.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.01.2012 23:06
Туура . Мэр элдин адамы болуш керек...премьердики эмес же бир ууч коррупционер депутаттыкы болбош керек

кимден: Каныкей каяктан: Ош
17.01.2012 14:11
Омурбек Чиркешович ! Демократия деп эле кыйкырып жатып калчу элениз го . Эми Оштун мэрин кантип окмот дайындасын же казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарсабы? Эл шайлайбы, депутатарыбы Ошто бир эле мэр бар.Ал Мелис мырзакматов.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)