Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Талапкерлер сотко кайрылат


БШК мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө, 30-октябрь, 2011-жыл
БШК мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө, 30-октябрь, 2011-жыл

Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган бир катар талапкерлер сотко кайрылууну көздөп жатышат. Алар жер-жерлердеги мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү фактылар бар экенин айтууда.

Боршайком жана байкоочулар добуш берүү учурундагы алешемдиктер шайлоо жыйынтыгына олуттуу таасир тийгизбегенин кабарлашкан.

Талапкерлердин талабы күч

Президенттик шайлоодо жетиштүү добуш топтой албаган жана бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган айрым талапкерлер мыйзам бузууларды сот аркылуу далилдеп беребиз деп жатышат.

Алардын бири - шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жетинчи орунга чыккан Кубатбек Байболов. Штабдын юристи Мээрим Нусубалиеванын айтымында, мыйзам бузуулар боюнча даттануулар сотко жиберилгени турат:

- Бишкек шаары боюнча бери дегенде 100-200 актыларыбыз бар. Аларды биз караштырып, бөлүштүрүп, ар бир район боюнча берип жатабыз. Ал эми региондордон түшкөн маалыматтар боюнча, алар өз ордуларында берип жатышат.

Тиешелүү органдарга кайрылуу үчүн материалдар топтолуп жатканын Адахан Мадумаровдун, Камчыбек Ташиевдин штабынан да тастыкташты. Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов бардык актылар БШКга жөнөтүлгөнүн айтууда:

- Эми ошол фактылардын ичинде тизмелерде адамдын ысымы жок болуп калганын, тизмелердин жасалма чыкканын, айлампа ыкмасын колдонуп, бюллетендерди массалык түрдө урнага салуу болгонун далилдеген фактылар бар.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы азырынча эч бир талапкерден сотко арыз түшө электигин кабарлады.
20 жылда, Акаевдин заманында, Бакиевдин заманында бир топ аткаминерлер көнүп алышыптыр да, "артык кылабыз деп тыртык кылгандар" бар.

30-октябрда өткөн шайлоого көз салган жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын көбү бул жолу шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе жаралганын, бир канча добушканаларда бюллетендерди тобу менен урнага салуу аракети байкалганын, бирок бул мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир бербегенин белгилешкен.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова шайлоо акыйкаттыгы үчүн ар бир алешемдик боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүгө үндөөдө:

- Олуттуу мыйзам бузуулар сөзсүз түрдө тыкыр иликтенип чыгышы керек. Андан соң БШК бул көрүнүштөр шайлоонун жыйынтыгына кандай таасир тийгизгенин аныктоого тийиш. Биз бардык органдарды тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүүгө чакырат элек. Ошондой эле шайлоонун жүрүшүндөгү алешемдиктер тууралуу билдирип чыккан бардык талапкерлерди актыларын тиешелүү органдарга жолдоого үндөйт элем.

Мыйзам бузгандарга кандай мамиле болот?

Борбордук шайлоо комиссиясы да тизме боюнча нааразылыктар, башка алешемдиктер катталганы менен одоно мыйзам бузуулар дээрлик байкалбаганын билдирген. Ошентсе да Сузак районунда, Бишкектеги Ак-Өргө конушунда бюллетендерди тобу менен урнага салган учурлар бар экени кабарланган. Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов буга тиешеси барлар жоопко тартылаарын жарыялаган.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев
Талапкерлердин көбү административдик ресурс колдонду деп айыптаган Алмазбек Атамбаев бүгүн шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча өз жүйөсүн журналисттерге билдирди:

- Менимче, андай фактылар катталса, керек болсо камалыш керек. Ошондон кийин шайлоо таза болот. 20 жылда, Акаевдин, Бакиевдин заманында бир топ аткаминерлер көнүп алышыптыр да, "артык кылабыз деп тыртык кылгандар" бар. Андай фактылар болсо, тартип коргоо органдар бар, прокуратура, сот деген бар, ишин козгоп, камаш керек.

Бүгүн Боршайкомдун отурумунда шайлоо күнү жалпысынан жарандардан 80ден ашык арыз, доомат түшкөнү белгилүү болду. Ошондой эле шайлоо күнү бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен айрым талапкерлердин штаб кызматкерлеринин соодалашканы баяндалган аудиоматериалдар интернетке таркап кеткени жөнүндө сөз болуп, анда айтылгандарды териштирүү өтүнүчү Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Автоматташтырылган шайлоо системасына бир гана добушканадан маалымат түшө элек. Соңку жыйынтык боюнча, шайлоочулардын 63,2 пайызы Алмазбек Атамбаевге, 14,76 пайызы Адахан Мадумаровго, 14,3% Камчыбек Ташиевге добуш берди.

XS
SM
MD
LG