Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:10

Саясат

Добушуң ким үчүн, талапкер?

Президенттик шайлоо жарышына чыккан 16 талапкердин бири добуш бере албай калса, дагы бири кечке жуук гана добуш бергенге үлгүрдү.

Текст көлөмү - +
Президент Роза Отунбаева Бишкек шаарындагы №1215 шайлоо участогунда добуш берди. Ал бул күндү тарыхый күн катары сыпаттап, "жалпы Борбор Азияга үлгү көрсөткөндөй иш жасап жатабыз" деп айтты.

Президент шайлоодо Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүү алып келчү талапкерге добуш бергенин кошумчалады.

Роза Отунбаева бул шайлоо бакиевчилердин бийликке келишинин акыркы аракети болгонун жана алардын шайлоого көп акча жумшаганын белгиледи:

​​- Бүгүн Кыргызстан үчүн кубанычтуу күн. Биринчи жолу үлгү боло тургандай иш жасап жатабыз. Былтыркы парламенттик шайлоону да таза, ачык өткөргөнбүз. Быйыл да ошондой өтөт деп ишенем. Биздин өлкөдө мактана тургандай иш болуп жатат. Ушул ишти түшүнүп, сезишибиз керек, мындай жетишкендикти жоготпойлу. Артка жол жок, биз алдыга гана жылышыбыз керек. Биз экономиканы да өзгөртө турган, жакшы жолго түштүк деп терең ишенем. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Бишкек шаарында жайгашкан №1208 шайлоо участогунда добуш берип, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам шилтегени турганын баса белгиледи. Ошондой эле бул шайлоо тазалыгы, ачык-айкындулугу менен айырмаланып, биринчи ирет бийликти башка бир адамга тынч өткөрүп берүүгө шарт түзүлүп жаткандыгын кошумчалады. 

Келдибеков төрага катары шайлоонун мыйзам чегинде өтүүсүнө күч-аракетин жумшай турганын белгиледи:

- Мен төрага катары айтаарым, башка депутаттардын ой-пикири деле ушундай, мамлекетибизде тынчтык болуп, бардыгы мыйзам чегинде өтүшүнө болгон күч-аракетимди жумшайм. 

Президент болом дегендердин добушу

Өлкөнү башкарууга, "эки тизгин бир чылбырды" колго алууга ниеттенген талапкерлер да бүгүн добуш беришти. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында болушту. Маселен, Өмүрбек Суваналиев №1041, Кубатбек Байболов №1204 шайлоо участогунан добуш беришти.

​​Талапкер Адахан Мадумаров Бишкек шаарында добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, буларды айтты: 

- Мен жеңилип калууга өзүмдү даярдап жаткан жерим жок. Оптимист же пессимист эмес, реалист болуш керек. Кудай буйруса, мен өзүмө экинчи турду камсыз кылдым деп эсептейм.

Дагы бир талапкер Темирбек Асанбеков айрым талапкерлер сыяктуу эле добушканага жубайы менен келген. Бирок Темирбек Асанбековдун жубайы башка өлкөнүн жараны болгондуктан добуш берүүгө катышкан жок.

Мындан тышкары президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев жана Турсунбай Бакир уулу да добуштарын Бишкек шаарында беришти. Турсунбай Бакир уулу добуш бергенден тышкары мечитке барып, намаз окууга жетишсе, Алмазбек Атамбаев шайлоонун бир айлампа менен эле жыйынтыкталышын каалап жатканын айтты:

- Баары Кудайдын колунда эмеспи, ал чечкендей болот го. Бирок элди көп кыйнай бербей, жыйынтык биринчи айлампада эле чечилип калат го деп үмүт кылып турам.

Добуш бере албай калган талапкерлер да болду

Анткен менен президенттикке талапкерлердин арасынан добуш бере албай калгандары да болду. Алардын бири Сооронбай Дыйканов шайлоочулардын тизмесинен өзүн таппагандыктан добуш бере албай калды.

​​- №1052 добушканада катталгам. Ошол жерде дайыма эле, парламенттик жана башка шайлоолордо деле добуш берип келгем. Бирок эмнегедир бүгүн барып, өзүмдү тизмеден тапкан жокмун. Кварталдык кызматкерлер менен байланышып тактасак, алар "биз тизмени бергенбиз" деп айтышты.

Талапкер Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Арал айылында добуш берүүнү ниет кылып, бирок алгач паспортун унутуп койгонуна байланыштуу добуш бере албай калганын "Азаттыкка" өзү билдирген эле. Бирок кечке жуук Ташиев айдоочулук күбөлүгү менен добуш берип кеткенин Арал айылындагы шайлоо участоктун төрайымы Гүлүмжан Орозалиева билдирди.

Бул жолку президенттик шайлоого 16 талапкер ат салышты.


​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
03.11.2011 11:13
Эч кандай таза шайлоо болгон жок. Сокур итке дагы байкалды бул бурмалоо.Эн жаманы шайлоого барсак тизме чыкпаганы. Мен ушунчалык кейип турам азыркы ушуну жасаган шумпайлардын ушунчалык макоолугун, БШКнын кошоматчылыгында чек жок.

кимден: Тилек
01.11.2011 00:38
Азаттык сайтына чыккан президенттик шайлоо тууралуу бардык жанылыктарды окуп атам. Пикир беруудо бир аты жок пикир берип жатат, почерк бир киши , жалан провакационый жоопторду жазып жатат. Бул адам Кыргызстандын № 1 душманы деп эсептейм, ачык айкын бут тосуу,коомчулукту оз кара оюу менен ууландыруу максатта.
Эй аты жок, адам болсон аты жонунду жаз, душман болсон олкобуздон чыгып кет, наадан! Бул талкууга да катышыптыр,мен анын астына жооп жазган жокмун,атайын,анын катарында болгум келбейт!
Ушундай бузукулар элди бузат.
Биримдик,ынтымак,тынчтыкты каалайм Элиме!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.10.2011 18:32
чын журоктон баарибир болду мага сокурга да корунукту кандай откону! Эми алмазынарды да коробуз кандай иштегенин убакыт корсотот!
Пикирге жооп

кимден: Темир каяктан: Бишкек
01.11.2011 00:17
У А. Атмамбаева откуда такая уаеренность? биринчи айлампадан еле чечилет деп. Атамбаев наверное что то намутил до выбора...

кимден: Акмат каяктан: Магнитогорск
31.10.2011 16:53
Саламатсыңарбы БШКанын мүчөлөрү! Кудайберди ага туура айтат көп жарандар добушун бере албай калышты. Мисалы мен өзүмдү мисалга алайын. Мен өзүм студентмин, шайлоого катышкым келген. Бирок сураштырсам Россиянын үч чоң шаарында болот деп койушту. Анан мен 800 км алыстыкка барганга акчам да убактым да жетишпеди чынын айтканда. Канча миңдеген Магнитогорск шаарындагы кыргыз туугандар нааразы болуп калышты. Бул кылганыңар абдан эле туура эмес болуп калды...Бирок мен ишенем татыктууну тандап алдык деп! Кыргызстан кичинекей калкбыз го бири бирибизди жүзүбүздөн тааный турган калкпыз. Бөлүнбөйлүчү КЫРГЫЗЫМ, бөлөк элге ыркы жок элдей көрүнбөйлүчү!

кимден: Zulpukan каяктан: Murghab
31.10.2011 16:19
Кубанычтуу эле кун деп ойлойм канчагача кыргыстан кайгырсын Роза айым туура айтат артка кайтбагыла эч качан келечегинер алдыда Кыргыстандын

кимден: Адам каяктан: Баткен
31.10.2011 11:35
Кандай болсо да шайлоо отту эми мындан арысы жакшы болсун Кыргызстандан Президент качпасынчы

кимден: Бурганак каяктан: Монгулор
31.10.2011 10:40
Бул чындык, мени ойлонткону журогу таштай катып калган, бийликтен такыр конулу калган, шайлоого келбей койгондор болду. Демек 18 ден жогору калктын жарымы эмнени ойлоп, кантип жашап жургону олуттуу маселе. Жаны президент , жаны бийлик унчукпас калктын умутун ойготобу? Кеп ошондо ...

кимден: Кудайберди каяктан: Красноярск
31.10.2011 06:51
Мен апам экообуз жакында Красноярски шаарына келдик. Шайлоого катышалы десем, шайлоо бул жерде отпойт, жалпы Сибирь региону(Татарстандан баштап Амур облусуна чейин) боюнча Новосибирскиде болот деп коюшту. Бул азыркы бийликтин жасаган балит, ыплас иши. Кайсы инсан беш мин (5000км) километрди женил машинеде беш кундо басып келип, добушун берем десин. Кудайдан коркпогон инсан экенсинер. Силер Пүтүн Владимир Владимирович менен ушундай кылабыз деп алдын ала келишип алгансынар. Красноярск шаарында жашаган 30 000 кыргыз жараандары, крайдын башка шаарларында жашаган 70 000 кыргыз жараандары, жалпы Россия боюнча 1 000 000 (бир млн.) кыргыз жараандары добуш бере албай калышты. Силер кыргыз элинин кадырын тебелединер, Алла Таала жазасын берсин.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.10.2011 23:01
Эч кандай кубанычтуу күн болгон жок. Таза шайлоо болдубу? Баягы эле көрүнүш. Атка минерлер кимге иштегенин көрдүк.
Пикирге жооп

кимден: Aziz
31.10.2011 11:44
Korgon bolson bul achyk jana taza shailoo boldu! El ozunun ishengenin tandap aldy. Sebebi tayktuusu bul Almaz Atanbaev ele!!!Alga Almaz sen taza insansyn!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине