Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Биометрика аппараты: шайлоо шайы


Каттоо кызматы шайлоо учурунда техника шайлоочунун манжасынан тааный албаса, паспорттогу ID номуру колдонуларын айтууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы мындай ыкма мыйзамга туура келбейт деп, маселени депутаттар карап чечим кабыл алышы керек деген позицияда. Байкоочулар болсо, өкмөттү айыптап, биометрикалык маалыматты топтоодо чет өлкөдөн сапаттуу эмес аппараттар сатылып алынганын айтууга өтүштү.

Жарандардын биометрикалык маалыматын чогулткан аппараттар кынтыксыз иштеши күмөндүүлүгүнөн улам алдын алуу чаралары эмитен көрүлүш керектиги айтыла баштады. Бир гана байкоочулар эмес, өкмөт өзү дагы аппараттар кээ бир адамдардын манжа тагын тааный албастыгын мойнуна алууда. Техниканы алмаштыруу, айрым функцияларына өзгөртүүлөрдү киргизүү азырынча оң натыйжаны бере элек.

Жардамга ID келатат

Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлору шайлоо күнү жарандын манжасын таанууга 5 мүмкүнчүлүк берет. Каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасынын башкы адиси Жаркын Жапарова “Азаттыкка” билдиргендей, эгерде бул аралыкта сканер жаранды манжа аркылуу тааныбай койсо, паспорттогу ID номери аркылуу шайлоочунун өздүгүн аныктоого өтөт.

- Эгерде манжасын сканер көрбөй калса, идентификациянын экинчи этабы деп коёт, Соцфонддун жеке номери аркылуу өздүгүн аныктайбыз. Эгер жаран базада бар болсо, анда бардык маалыматы чыгып берет. Бирок биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын гана маалыматы чыгат. Өтпөгөндөр базага түшпөйт.

БШК: ID менен бюллетень берилбейт

Борбордук шайлоо комиссиясы Каттоо кызматынын демилгесине каршы экенин ырастоодо. БШК жарандардын ID номуру аркылуу бюллетень берүү мыйзам бузуу экенин айтууда. Боршайкомдун мүчөсү Нурмамат Ашымов бул маселе БШК менен Каттоо кызматы эмес, парламент депутаттарынын катышуусунда чечиле турган суроо дейт.

- Каттоо кызматы бармагынын манжасын аппарат тааныбаса, сүрөтү аркылуу идентификация кылалы деп атат. Бирок, биз муну мыйзамга каршы келет деп айтып жатабыз. Жогорку Кеңештин депутаттары күзүндө жумушка чыкса, маселени талкууга койобуз. Биз шайлоочунун пайдасына чечиле турган жыйынтыкка келебиз деп ойлойм.

Бул арада парламент депутаттары мыйзамга өзгөртүү киргизүү дээрлик мүмкүн эмес экенин эскертишет. Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизген учурда деле, парламент аны шайлоого чейин ишке киргизүүгө жетише алышпайт.

- Мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн долбоор сайтта туруш керек, комитеттин кароосунан өтүш керек, үч окууда палатадан колдоо табыш керек. Анын баарын 4-октябрга чейин карап жетишпейбиз. Мыйзамда биометрикалык маалыматтын негизинде гана шайлоочулардын тизмесине кирет. Паспорттон башка кайсы бир документтин же пин код менен шайлоого катышат деген туура эмес. Шайлоочу бармактын изи менен гана идентификация болушу керек.

Ал арада каттоо кызматы операторлорду окутууга киришип, шайлоо учурунда жарандардын манжасын сканер аныктай албай калса, ID номур аркылуу өздүктү аныктоого үйрөтүүдө. Бейөкмөт уюмдарынын ырасташынча, Каттоо кызматынын тоңмоюндугу шайлоо күнү чырды тутантышы ыктымал.

Сапатсыз техника чырды тутантты

“Коомдук анализ” институтунун жетекчиси Рита Карасартованын пикиринде, эгерде өкмөт сапаттуу шайлоо шаймандарын чет өлкөдөн алып келгенде мындай маселе жаралмак эмес. Шайлоо баштала элек жатып, өкмөт техникага күмөн санап жатканы, ага болгон ишенбөөчүлүктү күчөттү, - дейт Карасартова. Анын пикиринде:

- Бул техникалар бери жагы он жылга кынтыксыз иштеп бериши керек болчу да. Алдыда президенттин шайлоосу, жергиликтүү шайлоо дегендерде да ушу техникалар иштейт. Бирок, бир шайлоону өткөрбөй жатып, өкмөт шайлоо шаймандарынын кемчилигине кам көрүп жатканы ишенбөөчүлүктү жаратып жатпайбы. Демек өкмөт асмандын башындагы баа менен техниканы сатып алдык деп, иш жүзүндө Кытайдын эң начар үлгүсүндөгү техникаларды алып келген да. Болбосо, эмнеге мындай аппараттарды алып келишет деген суроо туулуп жатат.

Рита Карасартова кошумчалагандай, шайлоо күнү жарандарды ID номуру аркылуу идентификациялоо гана жараса биометрикалык маалымат топтоонун зарылчылыгы жок болчу. Ал эми биометрикалык маалыматты чогулткан соң, өкмөт дароо биометрикалык паспортту жарандардын колуна карматып, шайлоо биометрикалык паспорттун негизинде өтсө эл аралык талапка ылайыктуу болмок.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар ID паспорт аркылуу гана шайлоого катыша алат.

XS
SM
MD
LG