Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Өкмөттүн жүрөгүн өйүгөн шайлоо техникасы


Шайлоо учурунан көрүнүш
Шайлоо учурунан көрүнүш

Өкмөттүн буга чейин шайлоого даярдыгы тууралуу айткан маалыматтары иши менен дал келбей жатканы айгине болду. Ал арада 4-сентбярда парламенттик шайлоого үгүт иштери расмий башталганы турат.

Шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин 3-сентябрда айтканына караганда, облустарда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча көрсөткүчтөр 90-95 пайызга жетип калды. Бул жаатта Бишкек шаары 75 пайыз менен эң артта калган.

"Көк" паспорт күчүнө кирет

Буга чейин шайлоо күнү ID паспорт менен гана добуш берилет деп айтылып келсе, өкмөт эми бул чечимден кайтып, "көк" паспортко да уруксат берди. Сарпашев айтып өткөндөй, 94-жылкы үлгүдөгү паспорттун жанында соцфонддун PIN коду сөзсүз болушу абзел.

- Биометрикалык маалыматын тапшырган 94-жылкы паспорттун ээлери шайлоого катышсын деген сунушту БШКга киргиздик. Биз "көк паспортту" жалпы жарандык паспорт катары кабыл алышыбыз керек деп жатабыз. Бирок, паспорттун жанында сөзсүз PIN​ код болушу абзел. Ал эми биометрикалык маалыматын тапшырбагандар баары бир шайлоого катыша албай калат.

Ошол эле кезде шайлоочулардын тизмесин тактоо негизги көйгөлүү маселе бойдон калып жатканын өкмөт мойнуна алууда. Ушуга байланыштуу 6-сентябрдан баштап, “Өзүңдү тизмеден такта” аттуу өлкө боюнча он күндүк акция жарыяланарын премьер-министр Темир Сариев кабарлады:

- Республикадагы ар бир шайлоо участокторунда он күндүк акция өткөрүлөт. Иш-чара 6-сентябрдан башталат. Мен ар бир шайлоочуга өзүңөрдү тактап, биометрикалык маалыматыңарды тапшыргыла деп, кайрылып кетээр элем.

Сарпашевди "укпаган техника"

4-октябрдагы шайлоо жаңы технология менен өткөрүлөт. Шайлоого туура бир ай гана убакыт калганына карабай, техниканын кынтыксыз иштеп берээрине дагы эле күмөн саноолор арбын. Бүгүн да өкмөттөгү жыйында ал жаңы техника биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди "укпай коюп", андай күмөн саноолорду дагы күчөтүп койду.

Шайлоо шаймандары кантип иштей турганын журналисттерге көрсөтүп бермекчи болгондо вице-премьер-министрге техниканын айынан эки жолу каттоодон өтүүгө туура келди жана ал бери жагы жыйырма мүнөткө чейин убакыт коротту.

Биометрика Сарпашевге иштеген жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, шайлоодо техникалар иштен чыга турган болсо, шайлоочулар арасында чуу жаралышы мүмкүн.

"Шайлоочулардын ишенимин жаңы технологиянын кынтыксыз иштеши менен орнотсо болот" дейт ал.

- Албетте, техникалар иштен чыга турган болсо, нааразы болгондор көп болот. Жалгыз эле шайлоочулар эмес, саясый партиялар, байкоочулар дагы ызы-чуу жаратышы мүмкүн. Ошондуктан коркунучтар бар. Андайлар болбосу үчүн бардыгы кынтыксыз болушу керек.

Шайлоо технологияларында тобокелдик барын өкмөт башчы Темир Сариев дагы танбайт. Ага таасир этүүчү факторлор катары премьер-министр операторлордун жаңылыштыгын жана техниканы атайылап жарактан чыгаруучу аракеттер болушу мүмкүндүгүн атады.

Ушундан улам Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо күнү чечүүчү жана негизги кызмат операторлорго жүктөлүп жатканын билдирсе, байкоочулар алардын чаржайыт тандалып жатканын айтышат. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:

- Операторлорду окутуу процесси дагы жакшы эмес. 7 миң оператор кандай процедура менен алынды, эмне кылып атат, кандай иштеп атат деген суроолор жоопсуз турат. Шайлоодо жүктүн баары операторлорго жүктөлгөнү менен алар тууралуу ачык саясат жок.

Ошентсе да өкмөт жалпысынан шайлоону таза жана калыс өткөрүүгө толугу менен даяр экенине ишендирүүдө. Шайлоо алдында өлкөнү туруксуздаштырууга аракет кылган күчтөр бар экенин айткан премьер-министр Сариев алдын ала коопсуздук жагы да күчөтүлөрүн кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев да 31-августта эгемендиктин 24 жылдыгын куттуктоо сөзүндө парламенттик шайлоодо өлкөнү будуң-чаң кылгысы келген күчтөр аз эместигин билдирген. Бирок алар ким экенин атаган эмес.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленип, ага 14 партия катышканы турат.

XS
SM
MD
LG