Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Баатырова: Шайлоодо добуштарды уурдатпайбыз


Шайлоого даярдык, 21-июль, 2009-жыл
Шайлоого даярдык, 21-июль, 2009-жыл

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди. Талдоочулар бул жарышта партиялар үчүн жеңиш кымбатка турарын белгилешүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маек курду.

"Азаттык": Алдыдагы шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй ири өнөктүк болот деп болжолдошууда. Сиздер даярсыздарбы?

Гүлнара Баатырова: Албетте даярбыз. Бул бүгүнкү күндөгү эң заманбап, шайлоочулардын каттоосун жана идентификациясын камсыз кылган электрондук жабдуулар менен өтө турган шайлоо болгону жатат. Ошол жагы менен да өзгөчөлөнөт.

"Азаттык": Ал эми каражаттар бөлүнүп, иштер башталдыбы?

Гүлнара Баатырова: Шайлоо процесси боюнча долбоорду Жапония каржылаганы жатат. Алты миллион доллардын тегерегиндеги сумма. Бул каражатка электрондук жабдуулар, бармактын изин алган сканерлер, тармактык-сервердик жабдуулар, термопринтерлер жана мониторлор менен камсыз кылынат.

Өзүңүздөр билгендей, шайлоо биометрикалык маалыматтар менен өтөт. Ошон үчүн негизги өзгөчөлүгү ушундай. Ал эми шайлоону өткөрүү үчүн өлкө бюджетинен 360 миллион сом бөлүнөрү белгиленүүдө.

"Азаттык": Бул шайлоодо ар бир добуш партияларга “кымбатка” турат деп атышат. Элдин добуштарын уурдатпаш үчүн кандай чаралар көрүлөт?

Гүлнара Баатырова: Албетте чара көрүлөт. Добуштарды уурдатпайбыз. 17-майда жергиликтүү кеңештерди шайлоо болду. Ошол жерде жабдууларды сыноодон өткөрдүк. Ал жабдыктар менен бул шайлоо процессиндеги ачыктыкты, айкындуулукту камсыз кыла аларыбызга ошондо ынандык.

"Азаттык": Азыр шайлоого үгүт иштери башталдыбы?

Гүлнара Баатырова: Баштала элек. Азыр биз жоболорду иштеп чыгуудабыз. Жакында отурумубузда аларды бекитебиз. Анан календардык пландар бекитилет. Ошондо үгүт баштоонун так даталары билинет.

"Азаттык": Ошого карабастан айрым партиялар көчөлөргө, маалымат каражаттарына кылган иштери тууралуу жазып, даңазалап жатат. Бул жарнама болуп эсептелбейби?

Гүлнара Баатырова: Шайлоо күнү бекитилгенге чейинки материалдарды алар тарата берсе болот. Саясий партиялар жасаган иштери жана өздөрү тууралуу маалымат таратууга укугу бар. Ал эми шайлоо дайындалган учурдан тартып алар ошолордун баарын алыш керек. Анткени Конституциянын 27-28-беренелерине ылайык, атайын талаптар бар. Эгерде жарнактарда ошол талаптар аткарылбаса, аларга тыюу салынат. Мына, шайлоо мөөнөтү бекитилип калды, ошол жарнактар алынууга тийиш.

XS
SM
MD
LG