Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Мунасага келүүнүн убайымы


Адахан Мадумаров Алмаз Атамбаев менен Коомдук биринчи каналдын түз обосунда гана сүйлөшүүгө бара тургандыгын жарыялады.

Буга чейин Атамбаев өзүнөн кийинки орундарды камсыз кылган талапкерлер менен сүйлөшүп, мунасага келүүгө чакырган болчу. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгесин көтөрүүдө.

Жогорку Кеңештин төрагасы, фракциялардын жетекчилери жана комитет башчылары менен болгон жолугушууда утулуп калган талапкерлер шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар боюнча маалымат беришти. Аягында шайлоонун жыйынтыктары боюнча маселени 3-ноябрдагы палатанын отурумуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков саясий күчтөр ортосунда мунасага келүүнүн жолдору изделип жатканына токтолду:

- Жөн эле курулай сүйлөй бербей, фактылар менен сүйлөшөлү дедик. Мына ошол талапкерлер деле жөн эле моюн толгоп, “жок, биз гана президент болушубуз керек” деп көгөрүп отурушкан жок. Алар деле мыйзамды сыйлашат. Ошондуктан мунасага келбей калууга негиз жок.

Атамбаев өзү деле "көп добуш алган талапкерлер менен сүйлөшөлү" дебедиби. Ошондуктан талапкерлер элди пайдаланбай, өздөрү кеңешип, маселени чечиш керек. Мамлекеттин ынтымагы үчүн мына ошол сүйлөшүүлөр өтүшү керек
.

Түз ободо макулдашуу талабы

Ошол эле кезде президенттикке талапкер Адахан Мадумаров парламент өкүлдөрүнө сүйлөшүүлөрдү ачык-айкындыктын шартында өткөрүү талабын койду.

Адахан Мадумаров Алмазбек Атамбаев менен шайлоонун жыйынтыктары жана мындан аркы кадамдар туурасында Коомдук телеканалдын түз обосу аркылуу сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди:

- Бардык талапкерлердин катышуусу менен Коомдук каналдын эфиринде сүйлөшүүгө чыгалы, эл тараптардын шайлоонун жыйынтыктары боюнча айткандарын таразалап, чындык кайсы тарапта экенин билсин. Ошондо биримдик болот. Эгерде сүйлөшүү жабык эшик артында болсо, ар түркүн ушак чыгып кетиши мүмкүн. Өкмөттүк телеканалдар да жолугушуунун өзөгүн бурмалап жибериши мүмкүн. Ошол жерден бардык маселени талкуулап алышыбыз керек. Бардык документтерди ал кишинин алдына койгондон кийин гана сүйлөшүүлөрдүн андан кийинки жыйынтыгын көрөбүз.

Мындан сырткары тараптар тең сүйлөшүүлөрдүн форматы жана мунасага алып келүүчү маселелер туурасында ооз ачкылары келишкен жок. Бирок серепчилер мунасага келүү көп добуш алган талапкерлерге өкмөт башчылык сыяктуу жогорку кызмат орундарын сунуш кылуу аркылуу гана жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин айтышууда.

Маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев мунун бардыгы мыйзамдын чегинде чечиле тургандыгын айтты:

- Бардыгы мыйзам нугунда болуш керек. Өкмөт башчысы мыйзам боюнча парламент тарабынан шайланат. Ошондуктан бардык маселелерди мыйзамдын чегинде чечүү эң башкы милдет.

"Соодалашуу болбойт"

Анткен менен шайлоодон утулуп калган талапкерлердин айрымдары сүйлөшүүгө барып, кызмат орундарын соодалашуу менен макул эмес. Алар кайра шайлоону дайындоо талабынан кайтпай тургандыктарын айтышты. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев кандай кызмат сунушталбасын, андан баш тарта турганын эскертти:

- Мен бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганымды айткам. Ошондуктан кандай кызмат сунушталса да мен ага макул болбойм. Анткени менин шайлоочуларымдын укугу тепселенди. Мен бир гана кайра шайлоону талап кылам.

30-октябрдагы шайлоодон бир көрүнүш
30-октябрдагы шайлоодон бир көрүнүш
Мына ушундай эле турумду карманган президенттикке талапкер Кубатбек Байболов биринчи кезекте добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү керек деп эсептейт. Ошондуктан ал мындай шартта кызмат орундарын бөлүштүрүүгө кызыгып, шайлоодогу мыйзам бузууларга көз жумуп койууга болбой тургандыгын айтты:

- Мен буларга барып, сүйлөшө албайм. Алардын кызматынын мага кереги жок. Мен буга чейин булар менен сүйлөшүп, соодалашкан да эмесмин. Бирок Атамбаев маалымат жыйынында “Байболов мени менен соодалашкысы келген” дептир. Керек болсо ал өзү мага аксакалдарды жөнөткөндө мен ага терс жооп кайтаргам.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков шайлоого байланышкан кырдаалды курчутпоо үчүн сүйлөшүүлөрдү ылдамдатуу демилгесин көтөрдү. Бирок Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов алар Мадумаров жана Ташиев менен сүйлөшүү жүргүзүүдө үчүнчү бирөөлөрдүн ортомчулугуна муктаж эмес экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG