Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Өнүктүрүү фондунун акчасы үмүттү актайбы?


Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан ишкерликти колдоо максатында бөлүнгөн каражат кимдерге берилип жатат? Төмөн үстөк пайыз менен берилчү насыя натыйжалуу иштеп жатабы?

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин кыргыз экономикасын өнүктүрүү максатында Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

Кыргыз өкмөтү фонддун акчасын жергиликтүү өндүрүштү коргоо жана ишкерлерди колдоо, мамлекеттик кызматта иштегендерди арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында жумшоону көздөөдө.

Бул өз кезегинде кыргызстандык ишкерлерде, малчыларда жана дыйкандарда кыйла үмүт пайда кылган. Анткени, бүгүнкү күнү беш жылдык мөөнөткө 12% үстөк менен насыя алуу кыйын.

Бул мүмкүнчүлүктөн Бишкектеги айыл чарба машиналарын куруучу заводдун жетекчиси Улукбек Жээналиев да пайдаланып калууну көздөп, ушу тапта иштеп жаткан өндүрүшүн кеңейтүү максатында 60 млн. сом же 800 миң доллар өлчөмүндө насыя берүүсүн өтүнүп, “Айыл банкка” кайрылган. Жээналиевдин айтуусунда, бул каражат 5 миң тонна жашылча-жемишти сактап сатуучу логистикалык борборго муздаткыч жабдыктарды сатып алуу үчүн керек болгон:

Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлгөнү дыйкандарда жана фермерлерде үмүт пайда болгон.
Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлгөнү дыйкандарда жана фермерлерде үмүт пайда болгон.

- Биз өзүбүздүн каражатыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз менен 400 тоннага ылайыктуу кампаларды жасап койдук. Калганын да бүтүрүү максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кайрылдык. Бирок алар 3 млн. доллардан көп каражат талап кылган ири долбоорлорду гана карашат экен, калгандарын “Айыл банк” менен РСК банкы аркылуу беребиз деди. “Айыл банкка” кайрылдым, бирок алар бербейбиз дешти.

Биздин каарманыбыз Улукбек Жээналиев алгачкы арызы менен “Айыл банкка” 8-августта кайрылган, бирок банк бул сумманы берүүдөн баш тарткан. Ошондон кийин, ишкер сурап жаткан насыянын көлөмүн азайтып, сумманы 15 млн. сомго түшүрүп, кайра кайрылган. Бирок ага да банк тарабынан оң жооп берилген эмес:

- Эми аны да бербейбиз деп атышат. Биз жашылча-жемиш ташуу үчүн Орусиядан эки изотермикалык жүк ташуучу унаа алмакпыз. Биз андан да баш тарттык. Кыскартып отуруп, өзүбүздүн 100 миң доллардай акчабызды салып, логистикалык борборду негиздедик. Бирок аны кеңейтүү зарылчылыгы турбайбы. Башка коммерциялык банктардан алсак болот, бирок алардын үстөк пайызы көп болуп атат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун Кыргызстандын айыл чарбасын, экономикасын өнүктүрөбүз деп түзгөн соң, андагы каражатты кармап отура бербей, пайдалуу жагына жумшоо керек да.

Бизге кайрылган ишкерлер бир жабдык сатып алуу үчүн өтө көп сумма сурашат, ал эми ошол эле жабдык базарларда бир кыйла арзан болуп жатат.
Амангелди Имарбеков

Ушу тапта Бишкектин түндүк-батышындагы ишкер өз күчү менен негиздеген логистикалык борбордо 200 тонна пияз менен 50 тоннадай алма сакталууда. Айыл чарбасындагы быйылкы кыйынчылыкты эске алганда, мындай логистикалык борборлор Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң салымын кошо аларын мурдараак өкмөт башчы Темир Сариев ушундай эле жашылча-жемиш сактоочу жайдын ачылышына катышып жатып билдиргени бар.

Улукбек Жээналиевдин айтымында, Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди сатуу боюнча атайын келишим орусиялык ишкерлер менен түзүлгөн:

- Орусия менен да келишим түзүлгөн. Айыл чарба министрлиги да кабардар бул тууралуу. Орусиялыктар бизге “миң тоннадан ашык өлчөмдө, дайыма берип тургула, алабыз” деп атышат. Мисалы, дыйкандар же багбандар 5 тонна, 10 тонналап аларга сата алышпайт да. Биз алардан жашылча-жемиштерди сатып алып, сактаганча чогултуп, миңдеген тонна кылып Орусияга жеткирмекпиз.

Арзан үстөк пайыз менен насыя ала албай “Азаттыкка” кайрылган Улукбек Жээналиевдин иши боюнча “Айыл банктын” насыя башкармалыгынын башчысы Амангелди Имарбековго кайрылдык. Ал аталган долбоор боюнча 60 млн. сомду “Айыл банк” ишкердин насыяны төлөө мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу бербегенин айтты. Бирок Жээналиевдин 10-ноябрь күнү өзүнүн ишканасы менен байланыштуу “Лабтех” компаниясынын атынан 15 млн. сом өлчөмүндөгү насыя берүүнү өтүнгөн кайрылуусу каралып жатканын билдирди:

- Жаңы расмий арызы “Лабтех” ишканасынын атынан 10-ноябрда келип түшкөн. Азыркы күндө ошол арызы каралып жатат. Жакынкы күндөрү жообун беребиз.

Насыяны ким берет?

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иш тартибине ылайык, чакан жана орто ишкерликти, айыл чарбасын колдоо максатында 3 млн. долларга чейин берилүүчү насыя “Айыл банкы” жана РСК банкы аркылуу берилүүдө. Аталган банктар менен фонддун ортосундагы бул боюнча келишим үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан тарта ишке киришти.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан “Азаттыкка” маалымдашкандай, ошондон бери “Айыл банкы” жана РСК банкы аркылуу 24 ишкер төмөнкү үстөк пайыз менен насыя алышкан. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун маалымат катчысы Кубан Сагынбеков “Азаттыкка” билдирди:

- 12-ноябрга карата 24 ишкер 136 млн. сомдук насыя алды. Бул чакан жана орто ишкерлик үчүн. Азыр дагы 63,5 млн. сом насыя алууну сегиз ишкер күтүп атышат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан бөлүнүүчү акчанын жалпы капиталы 1 млрд. доллар. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө чейин бул акчанын 250 млн. доллары фондго келип түшкөн. Мунун ичинен 1,2 млрд. сом эки банкка 600 млн. сомдон берилген. Бул ошол мезгилдеги сомдун куну менен 20 млн. доллар деп бааланган. Чакан, орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн берилүүчү насыя сом менен берилет. “Айыл банктын” насыя башкармалыгынын башчысы Амангелди Имарбековдун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, сентябрь айынан бери аталган банк тарабынан 85,5 млн. сомдук насыя берилди:

- Фонддун акчасынын шарттары бир аз башкачараак. Аны жөн эле оңду-солду таркатып жибербей, өлкөнүн экономикасы үчүн иштей тургандай кылып берүү керек болууда. Ошондуктан, кайрылган ишкерлердин ишмердигин аябай дыкат иликтөө зарыл. Мисалы, бизге кайрылган ишкерлер бир жабдык сатып алуу үчүн өтө көп сумма сурашат, ал эми ошол эле жабдык базарларда бир кыйла арзан болуп жатат. Биз мына ушулардын баарын иликтеп чыгып, айрым учурларда кээ бир ишкерлерге “жок” деп айтып атабыз.

Жөжөнү күздө...

Өткөн аптанын соңунда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дыйкандарга насыяны чакан кредиттик компаниялар аркылуу да берүү жагын караштырып көрүүсүн сунуш кылган. Өкмөт башчы аталган фонддон каржыланган насыялардын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси аксап жатканын белгилеп, элге маалымат жеткирүү жагын колго алууну талап кылган эле. Премьер-министр өзгөчө айыл чарба тармагын колдоого арналган насыяны тездетүү ишин күчөтүү керектигин баса белгилеген.

Өкмөт айыл чарба тармагын колдоого арналган насыяны тездетүү ишин күчөтүү керектигин баса белгилеген.
Өкмөт айыл чарба тармагын колдоого арналган насыяны тездетүү ишин күчөтүү керектигин баса белгилеген.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бул жаатта иштер жүрүп жатканын, ошол эле “Айыл банкы” жана РСК банкынын жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү бийликтер аркылуу да маалыматтар жеткирилип жатканын билдирүүдө. Ушундай эле маалыматты “Айыл банктын” адиси Амангелди Имарбеков да айтты:

- Азыр биз жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүбүз аркылуу аким-губернаторлор, айыл өкмөт башчылары менен чогуу иштеп, элге маалымат жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакында кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун акчасын насыяга алып иштетүүнүн жолдору тууралуу атайын окутуучу семинар уюштурабыз деген ой бар.

Орусия Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген алгачкы жылдары колдоо көрсөтүү максатында убада кылган каражатты колдон келишинче натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы турганын адистер да айтып келишет. Алардын белгилөөсү боюнча, Кыргызстанга сырттан келип түшкөн түрдүү гранттар жана насыялардын көп учурда кайда, кандай шартта сарпталганы коомчулукка белгисиз болуп калган учурлар көп. Мисалга алсак, коңшулаш Өзбекстанга Польша өкмөтү 18 млн. долларлык кайра иштетүүчү өнөр жай жабдыктарын берген. Натыйжада жалпы Өзбекстан боюнча 98 жогорку технологиялык линиялар ишке киргизилген. Анын ичинде жашылча-жемишти жана сүттү кайра иштетүүчү, тигүү өнөр жайлары иштеп, миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болгон.

Кыргызстан ЕАЭБге быйыл 12-августта толук кандуу мүчө болду. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн насыялар сентябрдан тарта бериле баштады. Андан бери аз эле убакыт өткөнүн эске алган күндө да, мындан ары бул насыялар канчалык максаттуу иштеп, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө канчалык салым кошо алат, аны алдыдагы убакыт көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG