Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Кыргыз эт-сүтүнө ЕАЭБ базары азырынча жабык


Чүй өрөөнү. 2014-жыл
Чүй өрөөнү. 2014-жыл

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирди. Кабыл алынган келишимдердеги шарттарга ылайык, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн товар алмашуусу эркин жүрөт. Бирок Кыргызстан эт азыктарын биримдикке экспорттой албайт. Мунун себептерин Кыргызстандын айыл, суу чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

“Азаттык”: Эркинбек мырза, Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болушу менен биздин дыйкандар жана малчылар кандай артыкчылыктарга ээ болушту?

Эркинбек Чодуев: Айыл, суу чарба министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар ЕАЭБге кирүү боюнча өз ишин баштады. Азыр Бишкекте жана Ош шаарында ушундай эки лаборатория иштеп жатат. Биздин дыйкандарыбыз мына ушул лабораториялардан өздөрүнүн жашылча-жемишин экспертизадан өткөрүп, андан алган корутунду күбөлүк менен ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн базарларына алып барып, эркин сата берсе болот. Мурдагы учурда ар бир өлкө өздөрүнүн лабораториясынын чечимин талап кылчу. Азыр андай жок. Биздин фитосанитардык лабораториялар биримдиктин бардык талаптарына жооп берет. Атайын каттоодон өттү, ЕАЭБ экономикалык комиссиясы да расмий бекитти. Дыйкандар товарын бул лабораториядан алып өтүү үчүн 495 сом төлөйт. Бул товардын өлчөмүнөн көз карандысыз төлөнүүчү, атайын бекитилген төлөм.

Чүйдөгү жүгөрү талаасы, 2012-жыл.
Чүйдөгү жүгөрү талаасы, 2012-жыл.

“Азаттык”: Сиз мөмө-жемиш, жашылча тууралуу айтып кеттиңиз. Эт-сүт азыктарын сатуу жагы кандайча жолго коюлган?

Эркинбек Чодуев: Бизге сүт азыктарын экспорттоого уруксат сурап, 44 ишкана кайрылган. Анын ичинен жети гана ишканага уруксат берилди. Алар да жалпы биримдиктин алкагында эмес, Казакстандын бизге коңшулаш аймактарына: Таразга, Чымкентке, Алматы жана Талдыкурган облустарына гана сата алышат. Ал эми эттин абалы оорураак. Азырынча бизге ЕАЭБ алкагында эт, эт азыктарын сатууга биримдиктин комиссиясы уруксат берген жок. 2016-жылдын 1-январына чейин биз башка талаптарга да шайкеш болгудай кылып, дагы бизге коюлган милдеттерди аткарышыбыз керек.

“Азаттык”: Уруксат эмне себептен берилген жок? Өлкөдөгү эпизоотикалык абал начар деппи, кандай себептер бар?

Ош шаары, 2013-жыл
Ош шаары, 2013-жыл

Эркинбек Чодуев: 2007-жылы Кыргызстанды Эл аралык эпизоотикалык бюро эпизоотикалык абалы начар, жугуштуу оорулары көп өлкө катары “кара тизмеге” киргизген. Тилекке каршы, биз бүгүн да ошол тизмедебиз. Экинчиден, фитосанитария-ветеринардык абал жакшы эместигине байланыштуу бизге убактылуу эт-сүттү кенен сатууга уруксат берилген жок.

“Азаттык”: Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн бирден-бир күткөндөр малчылар болчу. Алардын үмүтү кантет? Өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу үчүн Айыл чарба министрлиги кандай чараларды көрөт?

Эркинбек Чодуев: Бүгүнкү күндө ЕАЭБге кирүү алкагында бизде эпизоотикалык абалды жакшыртуу үчүн бир топ иштер жасалууда. Малды түрдүү ылаңдарга каршы дарылоо азырынча 1% гана жасалган, муну көбөйтүүнү пландап атабыз. Ошондой эле малдын башын идентификациялоо да колго алынып жатат. Казакстан менен Орусиядан алынган гранттардын эсебинен малдын башын каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. 2016-2017-жылдары бүтүрүшүбүз керек. Андан кийин гана биз эт жана сүт азыктарын биримдиктин ичинде кеңири сата алабыз.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG