Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:09

Илим, билим берүү, IT

Уикипедия жумалыгы башталды

28-марттан тарта “Сорос-Кыргызстан” корунун колдоосу менен Уикипедия интернет энциклопедиясынын жумалыгы башталды. Иш-чаранын максаты - виртуалдык энциклопедияны кеңири жайылтуу менен Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын интеллектуалдык дараметин көтөрүү.

Уикипедия интернет энциклопедиясынын кыргыз тилиндеги барагы.
x
Уикипедия интернет энциклопедиясынын кыргыз тилиндеги барагы.
Текст көлөмү - +
Кыргызстанда интернет пайдалануучулардын саны арбын экени айтылат. Бирок "Сорос- Кыргызстан" кору жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, Кыргызстандагы интернет пайдалануучулардын интеллектуалдык дарамети, деңгээли коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн. Ошондон улам "Сорос-Кыргызстан" корунун колдоосу менен өлкөдөгү беш жогорку окуу жайдын студенттери жана окутуучулары үчүн Уикипедия тууралуу лекция окулуп, аталган интернет энциклопедиясына маалымат жазуу боюнча практикалык окуулар өткөрүлө баштады.

"Сорос-Кыргызстан" корунун Маалымат программасынын тескөөчүсү Марат Жаанбаев буларды айтты:

- Бизде интернет пайдалануучулар арбын. Бирок алардын көбү кат алмашуу же ар кандай эс алуу материалдарын окуу менен чектеле тургандыгы биздин изилдөөлөрдөн улам анык болду. Анан биз атайын демилге менен Уикипедияны жайылтуу маселесин колго алдык. Уикипедия - бекер, ыкчам ресурс. Дүйнөдөгү жаштар да өтө көп пайдаланат. Ошол себептүү кыргыз тилдүү колдонуучуларды тартуу максатында, Уикипедияга кыргыз тилинде эң көп макала жазгандардын бири, “Азаттык” үналгысынын веб-редактору Тынчтыкбек Чоротегинди атайын чакырып, ЖОЖдо Уикипедия тууралуу лекция окуп берүүсүн өтүндүк.

Тынчтыкбек Чоротегин:

- Бул өзгөчө жаштар үчүн керек. Бирок ошол эле кезде интернетти өнүктүрүшүбүз зарыл. Уикипедия интернет энциклопедиясы салттык энциклопедиядан айырмаланып мультимедиялык деңгээлдеги ар тараптуу орток казына. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, кыргызча Уикипедияны ар тараптуу өнүктүрүүгө салым кошуубуз зарыл.

Бүгүнкү күнү бардык эле жогорку окуу жайлардагы студенттер менен окутуучулар интернетти эркин пайдалана алышпайт. Бирок жумалыктын чегинде “Сорос-Кыргызстан” кору өлкөдөгү беш окуу жайга акысыз интернет орнотууну пландап жатат. Бир жыл бою интернетти акысыз пайдалануу менен студенттер жана окутуучулар Уикипедия тууралуу кеңири маалымат алып, андагы кыргыз тилиндеги макалалардын санын арттырууга мүмкүнчүлүк болот.

Уикипедия энциклопедиясынын Кыргызстанда кеңири жайылтуу иши боюнча жыл аягында жыйынтык чыгарылат.

Уикипедия сайты 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн.

Ушул тапта Уикипедиянын казынасында бардык тилдерди кошкондо 15 миллиондой макала бар.

Уикипедия сайты атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу түзүлгөн “Викимедиа” фонду тарабынан каржыланат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тынчтыкбек Бекташ уулу каяктан: Бишкек
12.04.2011 21:53
Жакшы демилге экен. Кайсы беш ЖОЖго экен? Кыргыз-Турк "Манас" университетине келет бекен?

кимден: Искен
29.03.2011 00:15

Жарайсыңар! Баракельде!!!
Мен деле кыргызча баракча ачайын дедим эле, бирок бул доменди саткан баракчаларда кыргызча жок экен - жалаң орусча! Эмне үчүн инглизче бар - кыргызча жок?! Туугандар бир бирибизди колдойлу, кыргыз тилдүүлөргө жардам берели! Кыргыз уюмдар барды доменди саткандар?! Ошолордон сатып алалы!
Бул жакта жалан чочун тилде экен!
http://www.domain.kg/
http://www.hosting.kg/
Кыргыз тилдүү барбы???

кимден: Төлөнтур Ыбырай уулу каяктан: КНР-Кызылсуу
28.03.2011 21:25
"Биз болбосок ким? азыр болбосо качан?"

кимден: Төлөнтур Ыбырай уулу каяктан: КНР-Кызылсуу
28.03.2011 21:24
Уикипедияга көңүл бурулган аябай жакшы аракет болду, мен да Уикипедияны сайттан көрүп аябай арданчу элем, билгендер Уикипедиянын казынасын толуктаса, билбегендер билсе, үйрөнсө кандай соонун болмок, бардык илимдердин жалпылашкан казынасы ар убак керек, эгемендик албаган элдердин Уикипедия бай экендиги биздикине салыштырмалуу ардантат да, эл үчүн эмгек жасайлы жалпы бир туугандар!

кимден: Nari каяктан: Tokmok
28.03.2011 20:22
УРАА~~~~ИШИҢИЗДЕРГЕ ИЙГИИЛИК АБДАН ЖАКШЫ БОЛДУ ^^ жакшы колдонуп турабыз тарыхтан көбүрөөк жазсаңыздар абдан сонун болот эле, чет мамлекетте жүргөн бизге кереги тийет(жана башкаларга дагы) менден сураныч монголдор менен тийешебиз барбы ошол жөнүндө кеңири жасаңар эн жакшы болот. ЧОҢ ЧОҢ ЧОҢ РАХМАТ^^

кимден: Нургаы каяктан: Масква
28.03.2011 17:43
Жакшы болуптур. Чынындале кыргызча жазылган иштерди таппайсын керек болуп калса. Жакында кыргызстан тарыхын издеп корсом тапады, табылгандары орус тилинде. Орус тилдегилерин окусан кичине бурмаланып жазылган совет доорундагы жазуулар.
Пикирге жооп

кимден: Yntymak каяктан: China
28.03.2011 20:07
Ayabai jakshy boluptur,,,,,,,
Men oiloyum``bugha kyrgyzstan mektepteki Okutuuqular,,,,anan istudentter kengri jardam berse```1 aigha kalbai ele kyrgyzga bailanyshtuu baardyk materiyaldardy tapkaly,,,,Anan akqasy barlar``dele ,,,mekterge baryp kampiyuter jagynan jardam berse```kitepterden``kirgizsele jakshy bolup kalmak....

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.03.2011 17:14
Ишибизге ийниликтер болсун! Баарыбыз жапа тырмак жабыла муну жасай алабыз!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)