Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:08

Илим, билим берүү, IT

Орозбеков: Окуу акысы көтөрүлбөйт

Жогорку окуу жайларындагы окуу акысы жана студенттердин нааразылыгы тууралуу Билим берүү министринин орун басары Муктар Орозбековду кепке тарттык.

Муктар Орозбеков
x
Муктар Орозбеков
Текст көлөмү - +
- 15-декабрда Таластагы студенттер окуу акысын азайтуу талабы менен чыкты. Ушул аптада Бишкектеги эки университеттин студенттери да нааразылыкка чыккан. Үч күн мурда окуу акысын көтөрбөө тууралуу буйрук кылдыңыздар беле?

-  Өзүңүздөр билгендей, биз ошол Талас мамлекеттик университетине жана жалпы Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлоруна тапшырма бергенбиз. Окуу төлөмдөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырганбыз.

13-декабрда Кыргыз техникалык университетинин жана Курулуш университетинин студенттеринин кайрылуусунун натыйжасында биздин министрлик буйрук чыгарганы чын. Ал жерде быйылкы 2011-2012-окуу жылында келишим акыларды көтөрүүлөрдү токтотуу боюнча жазылган.

- Демек, бул буйрук окуу акысы мурда кандай болсо, ошол бойдон көтөрүлбөйт дегенди билдиреби?

- Буйрук ар бир окуу жай былтыркы жылдын деңгээлине түшүрсүн, андан ары инфляциянын деңгээлине жараша гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар дегенди билгизет.  

Ошол эле буйруктун экинчи пунктунда жазылып турат. Ар бир студент биринчи курска келгенде окуу жай менен өз ара жекече келишим түзгөн. Ошол жерде жылына окуу акысы инфляцияга жараша көтөрүлөт деген жери бар. Бул былтыркы деңгээлде калат дегенди түшүндүрөт. Ошол эле кезде инфляцияга жараша биз 26-декабрга чейин ар бир студентке түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келишимди кайрадан түзгөнгө, кайрадан карап чыкканга мүмкүнчүлүк бердик.

- Бир тарапта студенттер окуу акысын азайтууну талап кылса, бир тарапта мугалимдер айлык акыны көтөрүүнү суранат. Натыйжада мунасаны кантип тапса болот?

- Эми студенттер түшүнүшү керек. Жакшы билимди жакшы акча төлөп гана алса болот. Ошондуктан студенттер да, мугалимдер да өз ара бирге отурушуп, сүйлөшүүнүн натыйжасында ушул абалдан чыгалы деген максатыбыз бар.

- Ошол эле учурда студенттер акча төлөгөн менен шарт жакшырбай жатканын айтууда. Негизи эле окуу акысынын кайсы тармакка сарпталып жатканын кантип көзөмөлдөсө болот? Буга чейин бир катар депутаттар да көзөмөл жок деп сындап чыгышкан.

- Жок. Бизде министрликтин алдында көзөмөлдөөчү комиссия, окумуштуулар кеңеши, студенттик топтор бар. Акчанын сарпталышы ачык-айкын болгонго биз шарт түзүп бердик. Айрым кайрылгандар менен биз өзүбүз да барып сүйлөшүп жатабыз. Мына мен өзүм, бүгүн Курулуш университетинин студенттери менен жолугушам.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Бишкек
21.12.2011 12:30
Ибрагим Жунусовдон коркуп журуп омурунуз отуп кетти го.Жакында кутуласыз.

кимден: ОшМУнун экс-окутуучусу. каяктан: Ош
16.12.2011 20:48
Мухтар Орозбекович окуу жайлардагы коррупция менен курошуп жатат экен ийгилик. Озу ректор болгондо ар бир студенттен акча алып окууга киргизип чонтогун толтуруп алып эми эч нерсе билбейм эч нерсе корбодум деп отурушу ар бир акча берип ОшМУга откон студенттин кыжырын кайнатпай койбойт. Мейли бул дуйнодо жооп беребесе да аркы дуйнодо ар бир кылган ишибиз боюнча жооп бересинер дейтко дин адамдары ошондо кантип Алланын алдында жооп берет экенсиз ээ Мухтар Орозбекович. Анда уже кеч болуп калат андан коро азыр жетим жесирге жардам берип арам акчаларыныздын аз болугун болсо да адалдап алсаныз жакшы болот эле. ОшМУнун мурдаакы окутуучусу.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.12.2011 10:59
молодец бирок жазбай бетине айтканда ушул созду эн сонун болоор эле офффф
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.12.2011 10:57
Окуучуларга акча толотуп эле коргулочу анан силер менен студенттер элдер окуучулардын ата энелери кандай эсептешээр экен

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)