Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Мектеп: акча топтоо канткенде токтойт?


Бишкектеги мектептерде жөнү жок акча чогултууну токтотуунун жолдору изделүүдө.

Ата-энелердин кээ бирлери мектепке төлөнчү бардык каражаттарды мыйзамдаштырып, банк аркылуу төлөш керек дешсе, айрымдары акча берүүнү толугу менен токтотуу зарылдыгын айышууда.

Бишкек шаардык кеңеши бул маселени депутат, мектеп директорлору, ата-энелер жана жарандык коом өкүлдөрү менен бирге талкуулады. Башында эле директорлор биринин артынан бири мектепти камсыз кылууга кеткен каражаттарды ата-энелерге, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнө көрсөтүп бергенге аракет кылышты. Анын ичинде коопсуздук, классты жасоо, ремонт, китеп, айнек сынса, эшик бузулса, парда кирдесе деген сыяктуу мисалдар келтирилди. Ошентип орто эсеп менен 1,5 миң бала окуган мектептин чарбалык керектөөлөрүнө жалпысынан 2,5 миллионго сомго жакын акча керек болот экен.

Директорлордун айтымында, мындай сумманы өкмөт төлөп бере албагандыктын ата-энелердин колдоосу сөзсүз керек болот. Ал төлөмдөр көмүскө берилбей мыйзамдаштырылып, керек болсо банк аркылуу төлөнүшү керектиги да жыйында белгиленди. Муну айрым ата-энелер да колдошту.

Анткен менен кээ бирлери ай сайын акча чогултууга каршы чыгып, мыйзамдаштыруу - бул мажбурлоо экенин, бир балага айына 150-300 сом берүү баарынын эле чөнтөгүнө чак келе бербесин белгилешүүдө. Айрыкча мектепке киргизүүдөгү төлөмдөргө каршы чыгышты.

Салтанат Эшалиева "Бишкектеги № 91 мектептин директору акча сураган үчүн кызымды башка мектепке которгонго мажбур болдум" деди:

- Кызым Мукаева Азиза № 91 мектепте окучу. Аны класс жетекчиси “акча төлөбөйт, арабызда менин мээнетимди билбейт” дегенинен былтыр башка мектепке которгонго мажбур болгонбуз. Эми ал мектеби алыс болуп, үйдүн жанындагы эле № 91 мектепке которолу десек директору Чекирова Азаткан "2 миң сом взнос төлөбөйт экенсиңер, ай сайын силерден пайда жок экен" деп кызымды албай жатат. Бул маселе боюнча кайрылбаган жерим жок.

Буга чейин Эшалиева ушул маселелерди ачык айтып чыкканы үчүн мектеп директору коркутуп жатканын билдирген болчу. Ал эми аталган мектептин директору Азаткан Чекирова жогоруда айтылган сөздөрдү негизсиз деп “Азаттыкка” билдирген.

Каржы полициясынын өкүлү Руслан Умаров себепсиз акча чогултууларга байланыштуу кылмыш иштери ачылганына карабай, айрым мектептерде бул көрүнүш көмүскө жүрүп эле жатканын билдирүүдө.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Валентина Лисниченко мыйзамдуу төлөмдөр менен көмүскө төлөмдөрдү айырмалоо зарыл деп эсептейт. Ошондой эле ата-энелердин колдоосу мектепке зарыл экенин белгиледи.

- Мектепти көтөрүү үчүн ата-энелер фондуна оптималдуу түрдө канча каражат берсе болот? Биз бүгүн ошол маселени чечип, аныктап алышыбыз керек. Анткени бизге негизсиз акча чогултуулар тууралуу көп кайрылышат. Бирок мектептерди азыркы абалдан чыгаруу үчүн ата-энелердин колдоосу керек. Муну көпчүлүк ата-энелер түшүнөт.

Жарандык коом ушул күнгө чейин иштеп келген ата-энелер фондунун ишин анализдөө сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышкан. Ал эми мектептин чарбалык керектөөлөрүнө деп көрсөтүлгөн каражаттарды өлкө бюджетин кабыл алууда сунуштоо зарылдыгы айтылды. “Баланын укугун коргоочулар лигасынын” өкүлү Айзат Көкүлова:
Мектептерди азыркы абалдан чыгаруу үчүн ата-энелердин колдоосу керек. Муну көпчүлүк ата-энелер түшүнөт

- Ата-энелер фондуна тушкөн каражаттар кайсы жакка сарпталып жатканын аныктап, такташ үчүн да комиссия түзүш керек. Каражат чын эле мектептин муктаждыгына кеттиби, аны анализдеп чыгып анан чечим чыгарсак жакшы болмок. Акча чогултууларды тыюу боюнча атайын ыкма, иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл. Бүгүнкү күндө мектептин керектөөлөрү көп, жетишпейт жатат, ага каражат жок дегенди мектептин айрым гана директорлорунан жана буга кызыкдар ата-энелерден гана угуп жатабыз. Болбосо бир дагы өкмөттүк уюм, Жогорку Кеңеш болобу, Билим берүү министрлиги тарабынан керектөөлөргө каражат жок деген нерселер айтыла элек. Бул да терең изилдениш керек.

Жыйында директорлордун көбү ата-энелер мектепти колдоп, каражат берүүгө макул экенин айтышууда. Анткен менен Айзат Көкүлова иштеген “Баланын укугун коргоочулар лигасына” күнүнө жок эле дегенде эки ата-эне негизсиз акча чогултуулар болуп жатканын айтып, кеңеш сурап кайрылышат.

Адистер мектепти колдоп акча чогулткан чакта да билим берүүнүн сапаты түшүп жатканын сындашууда. ПИЗА жүргүзгөн эл аралык иликтөөдө билим сапаты боюнча Кыргызстан эң арткы орунда экени аныкталган.
XS
SM
MD
LG