Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Билими күчтүү реформа жасайт


Кыргызстанда билим жумалыгы өтүүдө. Бул иш-чарага эл аралык уюмдар да катышып, сапаттуу билим алуу тажрыйбаларын ортого салып жатышат.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Тарых илимдеринин кандидаты Кыяз Молдокасымов, Американын АКСЕЛС же азыркы кездеги аталышы ФЛЕКС программасы боюнча АКШга барып окуп келген Эльнар Субакожоев жана “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин вице-президенти Раина Асакеева катышты.

“Азаттык”: Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердеги билим берүүнүн сапаты тууралуу түрдүү пикирлер айтылып келет. Кыяз мырза, сиз кандай баа бере аласыз?

Молдокасымов: Эгемендүүлүк мезгилде билим берүү системасына бир топ оор болду, дагы деле болсо оор кризистин кучагында батып отурат. Азыр жалпы билим берүүчү мектептердеги абал көңүл кубантаарлык эмес. Ал жерде билим негизинен жөн гана кагаз түрүндө кетет.

Биринчиден, мугалимдер жетишпейт. Экинчиден, окутуунун сапаты мурдагыдай эмес. Үчүнчүдөн билим алууга болгон кызыкчылык төмөндөдү.

“Азаттык”: Эльнар мырза, Кыргызстанда мектептен эле АКШнын мектебине барып окуганда эки өлкөдөгү билим берүүнүн сапатындагы айырмачылык кайсы жагынан көбүрөөк сезилет?

Субакожоев: Айырма чоң. Себеби Кыргызстанда алган билим Америкадагы берилген билимге салыштырмалуу башкача. Анткени Кыргызстанда биринчи класска кирген отуз бала аягына чейин чогуу окуйт. АКШда дээрлик ар бир сабак сайын классташтар өзгөрүп турат, анткени ар ким өзү каалаган сабагына кирип, окуйт.

Бул жакта бизге он-он беш сабак сөзсүз түрдө окутулса, ал жакта айрым сабактар гана сөзсүз окутулат, калгандары баланын тандоосуна жараша болот.

АКШда мугалимдер ар бир балага жөндөмүнө жараша жекече мамиле жасап, балада болгон талантты өнүктүрүүгө, ошого карай багыт берүүгө аракет кылышат. Бизде болсо көбүнчө башталгыч класста математиканы, орус тилди, кыргыз тилди жакшы окуй албаган балдар-кыздар мектепти бүткүчө эле “экинчи” болуп кала беришет. Алардын башка жөндөмдөрүнө көбүнчө көңүл бурулбайт. Билим берүүдө мына ушундай жагдайларды түп-тамырынан өзгөртүү керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстандагы билим берүү системасына “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси аралашканына жыйырма жыл болду. Демек Кыргызстанда да билим алуунун ар кандай альтернативдүү жолдору бар. “Себаттын” лицейлеринде билим берүү системасы кандай жолго коюлган?

Асакеева: Бул жерде ата-энелер Кыргызстандагы билим алуунун альтернативдүү жолу катары биздин лицейлерди тандап жатышат. Ошого ылайык биз өзүбүздүн билим берүү системабызды, өнүгүү программабызды сактап келе жатабыз.

Бирок мен белгилей кетейин, билим берүүнүн сапаты жаңы технологиялык жабдуулардан, интерактивдүү доскадан көз каранды эмес. Билим берүүнүн сапаты негизинен мугалимдин билимине көз каранды. Мугалимдин билими канчалык терең болсо, мугалим канчалык өз кесибине кызыкса, анда окуучунун алган билими да сапаттуу болот.

“Себат” эл аралык мекемеси мамлекеттик стандартта билим берет. Биздин окуу планыбызды министрлик бекитет. Бизде сааттар көп эмес, жалпы Кыргызстандын орто билим берүүчү мектептеринде балдарга жумалык жүктөм канча болсо, биз да андан чыкпайбыз. Биздин өзгөчөлүгүбүз – балдардын сабактан сырткаркы убактысын туура пайдалануу жана ар бир окуучуну өз мүмкүнчүлүгүнө жетишүүсүнө аракет кылабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG