Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Орусиядагы кризис Кыргыз-орус славян университетине да жетти


Кыргыз-орус славян университети
Кыргыз-орус славян университети

Орусиядагы финансылык каатчылык Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетине тикелей таасирин тийгизүүдө. Ага байланыштуу университет окуу акысын көтөрдү.

Рублдин куну ылдыйлаганына байланыштуу университеттин бюджетине түшө турган каражат 90 млн. сомго азайды. Университет бул өксүктү контракт төлөп окуган студенттердин окуу акысын көбөйтүү аркылуу жабууну чечти. Адистер мындай ыкманы ата-энелердин капчыгына кол салгандык катары баалап, университет кыскартууну өзүнөн башташы керектигин билдиришүүдө.

Окутуучулар кыскартууну талап кылууда

Кыргыз-орус славян университетинин окутуучулар курамынын айлык-маянасын көтөрүү жана үч ай сайын сыйпул төлөп туруу демилгесин окуу жайдын юридикалык факультетинин окутуучулар жамааты көтөрүп, кийинчерээк аны экономика факультетинин жамааты да колдоого алган. Университеттин ректоруна жолдогон катта соңку кезде баары кымбаттап, бирок айлык акы ошол бойдон калганын негиз келтирилген. Мындан башка артыкбаш чыгымдарды кыскартып, оптималдаштыруу маселеси кабыргасынан коюлганын университеттин окутуучусу, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев "Азаттыкка" айтып берди.​

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

- Чындыгында бул ички маселе, ар бир жамаат өзүнүн айлыгын көтөрүү боюнча маселелерди козгогонго акысы бар. Кризис болуп жаткан учурда ашыкча чыгашаларды кыскарталы деп сүйлөшкөнбүз. Мисалы, окутуп-көмөктөшчү кызматкерлерди азайтсак болот. Бизге жылдын аягында сөзсүз сыйпул берчү. Бирок ректор быйыл бере албай калабыз дегендей кылды.

Кризис сыйпулду ала кетти

Окуу жайдын жетекчилиги кошумча сыйпулду бере албай калганын Орусиядагы кризиске байланыштырууда. Кыргыз-орус славян университетинин ректорунун жардамчысы Евгений Гарьковец каржылоонун басымдуу бөлүгү Орусиядан келээрин, рублдин курсу түшкөндөн бери ортодогу айырма 90 миллион сомго жеткенин айтууда.

- Рубль мурда 1 сом 50 тыйын болсо, азыр бирге бир болуп калганын баарыбыз билебиз. Россия бизге рубль менен акча которот, биз аны сомго алмаштырганда мурдагыдан 90 млн. сом аз түшүп калды. Эгер бул жоготуулар болбогондо биз кандайдыр бир деңгээлде окутуучуларга кошумча сыйпул кошуп бермекпиз. Былтыркыга салыштырмалуу абал оор болуп калды, былтыр октябрь, ноябрь, декабрь айларында сыйпулду кошуп бергенбиз.

Рублдин кунунун түшүүсү уланууда. 15-декабрь
Рублдин кунунун түшүүсү уланууда. 15-декабрь

Кыргыз-орус славян университетинин бюджетинин 40 пайызын Орусиянын, 10 пайызын Кыргызстандын өкмөтү каржылайт. Калган 50 пайыз студенттердин контракт акысынын түшкөн каражат менен толукталат.

Студенттерди ким ойлойт?

Орусия менен Кыргызстан кошумча каржылоого чамасы келбей жаткандыктан, окуу жай жеке бюджетин контрактты көтөрүү аркылуу толуктоону чечти. Кыргыз-орус славян университетинин финансылык башкармалыгынын жетекчиси Татьяна Скрипникованын ырасташынча, ал акча деле жетишсиз.​

- Бизде беш жыл окуса, орто эсеп менен бир студент 80 миң сомго чукул акча төлөйт. Бул жалпы окуунун баасы. Быйылкы жылдан баштап чет өлкөдөн келип окугандарга окуу акысын 7 миң сомго көбөйттүк. Калган жергиликтүү студенттерге контракт 10 пайызга көтөрүлдү. Ушул жол менен биз акча курсунан улам түшпөй калган айырманын кайсы бир бөлүгүн жаптык.

Кыргыз-орус славян университети
Кыргыз-орус славян университети

Окуу жай контрактты жогорулатуу маселеси өкмөттүк денгээлде каралып, монополияга каршы агенттик менен макулдашылганын айтууда. Бирок ага студенттер каршы.

Университеттин юридика факультетинин деканы Бермет Түгөлбаева ушул учурда контрактты төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү суранып, 60 студент кайрылганын билдирди.

- Албетте, контракт көтөрүлбөшү керек болчу деп айта албайм. Бирок студенттер деле акча жоктугунан төлөй албай кыйналып жатышат. Алар контрактты төлөбөгөндүктөн бизге да тиешелүү деңгээлде акча түшпөй жатат. Азыр арыздарды ректорго жөнөттүк, түшүндүрмө бериши керек деп турабыз.

Кыргыз-орус славян университетинде мугалимдердин орточо айлыгы 17 миң сомго жетет. Негизги айлык маянага кошумча илимдин кандидаттарына 3000 сом, илимдин докторлоруна 7000 сомдон төлөнөт. Мындан тышкары доцент жана профессор макамы барларга да айлыктан тышкары кошумча акы берилет.

Контракт көтөрүлдү, а билимдин сапатычы?

Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаровдун оюнча, айлыкты студенттердин окуу акысын жогорулатуу аркылуу көтөрүү туура эмес.

- Биз ошол эле учурда суроо беришибиз керек студенттер контракттын көтөрүлгөнүнө жараша билим алып жатабы? Бул студенттердин ата-энелеринин чөнтөгүнө эле кол салгандык да. Алгач университеттин чыгымдарын азайтып, анан контрактка асылса болмок. Бул алдыда чыңалууну алып келиши толук мүмкүн болуп турат.

Кыргыз-орус славян университети 1993-жылы кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында ачылган. 2004-жылы университетке Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин ысымы ыйгарылган. Окуу жайда 11 миңден ашык студент окуп, алардын жарымы контракттык негизде билим алат. Анда чет өлкөдөн келип окуган миңге жакын студент бар.

XS
SM
MD
LG