Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Диний агымдар мектептерге да кирдиби?


24-февралда депутат Каныбек Осмоналиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы айрым мектептерде “кудайдын мыйзамы” сабагы окутулуп жаткандыгын парламенттин жыйынында билдирди.

Каныбек Осмоналиевдин айтымында “кудайдын мыйзамы” сабагын мектептерде окутуунун өзү мыйзам бузуу болуп саналат жана анын арты жакшылык менен бүтпөшү мүмкүн.

- Чүй облусунда жана Бишкекте жыйырмага жакын жалпыга билим берүү мектептеринде мыйзамды бузуу жолу менен “кудайдын мыйзамы” окутулуп жатат. Мен Дин агенттигинде директор болуп турганда "Конституциялык эрежелерди бузуп жатасыңар" деп, эскертүү бергенбиз. Бирок азыр мага келип түшкөн маалыматтарга караганда, алар тескерисинче күчөп жатат. Ушулардын бардыгы мени биздин коом евангелдиштерүү процессине туш болуп жатат деген ойго алып келүүдө.

Осмоналиев адвентисттердин Токмок шаарынын четинде жайгашкан “Мурас” кайрымдуулук мектеп-интернатында жогорудагыдай сабактар окутулуп жаткандыгын айта кетти. Бирок Бишкек шаарында кайсы мектептерде бар экендигин тактаган жок.

Кыргызстанда 350дөн ашык христиан диний багытындагы уюмдар иш алып барат. Анын ичинде 315 уюм протестанттык багытта.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына караганда, каттоодон өтүп, балдарга диний билим берип жаткан баптист жана евангелист агымынын мекемелери. Бирок каттоодон өтүп, мыйзам чегинде иш алып барып жаткан диний уюмдардын ишине кирише албай тургандыгын кошумчалашты.

Билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Сооронкуловдун айтымында, мектептерде мындай окуялар жок. Бул маселени шаардык департаментке чалып, атайын тактаганын белгиледи.

- Шаардык департаментке чалып, тактадым. Бул жөнүндө эч кандай маселе жок экендигин, мезгил-мезгили менен текшерип турушарын айтышты. Үч-төрт жыл мурда шаардагы кайсы бир мектептин мугалими класстык сааттарда ошондой сабактарды окутуп баштаган экен. Балдар, ата-энелер коңгуроо кагып жатып, ал мугалимди кетиришиптир. Бирок бардык мектептерде жумасына бир жолу деген маселе такыр жок.

Бул маселе парламентте айтылгандан кийин спикер Акматбек Келдибеков андай сабактардын мектептерде өткөрүлүшүн тактоо боюнча протоколдук тапшырма берди.

Дин иштери боюнча комисиясы Кыргызстанда протестанттык секталардын 40 миң чамалаш мүчөлөрү бар деп божомол кылат. Алардын көпчүлүгүн негизинен жергиликтүү тургундар түзөрүн айтышууда.
XS
SM
MD
LG