Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Билим берүү бекер... эмес


Бишкектик жана кеминдик мугалимдер мектепке ата-энелерден чогултулуучу акчаны мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен парламентке кайрылды.

“Арай көз чарай” талкуусуна Билим берүү министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай жана каржы министри Акылбек Жапаров катышты.

“Азаттык”: Бишкектик жана кеминдик мугалимдердин мектепке ата-энелерден чогултулуучу акчаны мыйзамдаштырып берүү тууралуу өтүнүчү Баш мыйзамдагы “билим алуу акысыз” деген беренеге каршы келет. Бирок мамлекеттик бюджеттеги каражат мектептерди окуу китептери, жабдыктары менен камсыз кылууга, жаңы окуу жылына карата мектептерди даярдоого жетеби?

Акылбек Жапаров: Баш мыйзамды карай турган болсок, адам укугун коргогон 47 мыйзам бар, анын ичинде адам акысыз билим алууга жана дарыланууга укуктуу.

Эгерде ата-энелер мектепке акча каражатты өз ыктыяры менен берсе, аны мыйзамдаштыруу андай деле жаман көрүнүш болбойт. Бирок колунда бар ата-энелерден алабыз деп башкаларын кор кылган туура эмес.

Биз мамлекеттик бюджеттен быйыл 18 млрд. сом бөлүп бердик. Мындан тышкары мугалимдердин айлык акысын, жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү дагы 3 млрд. сом кеткен жатат. Мектептердеги акча жыйнамайлар дээрлик ошол мектептердин жетекчилеринен көз каранды. Айрым насибин тыя албагандар, бюджеттин акчасын жеткире албагандар ата-энелерден акча талап кылууга барып жатышат.

Алмаз Тажыбай: 2010-жылы Билим берүү министрлигинин алдында Байкоочу кеңеш түзүлгөн. Ага мүчө болуп киргенден бери менин көзүм жетти: ата-энелердин колдоосу болбосо, мектеп ордунан жыла албайт.

Каражат жок, бул жыйырма жылдан бери сакталып келе жатат. Ата-энелердин жардамы менен бүгүн билим берүү системасы төмөндөп кетпей кармалып турат. Биз буга чейин да сунуш кылганбыз: ар бир ата-эне баласынын билим алуусу үчүн төлөгөн акчаны мыйзамдаштыралы, ага ылайык чогулган акчанын кайда жумшалганын көзөмөлгө алалы дегенбиз.

Дагы бир нерсе – ар бир мектептерде ошол мектептин жетекчилиги менен чогуу кызыкчылыкта түзүлгөн коомдук уюмдар, ата-энелер комитети ж.б. дегендер бар. Алардын болушу мектептин администрациясына жагымдуу, себеби бир нерсе болуп, акча тууралуу маселе болсо, мектеп жетекчилиги андан сыртта кала берет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эгер ата-энелерден акча чогултуу мыйзамдаштырылса, мектеп жетекчилери андан башка дагы акча албайт деп ишенүүгө болобу?

Алмаз Тажыбай: Эгерде азыр мектептерди ата-энелердин жардамы менен каржылабаса, анда билим берүү системасы таптакыр төмөндөйт. Анткени жакшы билесиздер, бүгүнкү күнү алардын айлык акысы пенсионерлердин пенсиясы менен барабар. Ошондуктан бүгүн мектепке өз каалоосу менен келип иштеген, жогорку квалификациялуу адисти табуу кыйын.

Баш мыйзамда билим алуу акысыз деп жазылып турган соң мамлекет элден бир тыйын да албай, толугу менен камсыз кылууга тийиш. Бүгүнкү күнгө чейин андай кыла алган жок, мындан ары деле абал оңолуп кетпейт. Ошондуктан ата-энелердин колдоосу зарыл, алардан акча чогултууну мыйзамдаштыруу керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG