Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:41

Окуу жайдагы коррупция: чындык ким тарапта?


Кыргыз улуттук университетинин башкы имараты. 14.5.2015.
Кыргыз улуттук университетинин башкы имараты. 14.5.2015.

Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институттун коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен кызматтан кеткен окутуучусу институттун өзүн айыптап чыкты.

Окутуучунун кызматтан кетишине анын коррупциялык иштери боюнча студенттердин президентке чейин жазган каты себепкер болгон.

Эрнар Каныбеков - Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институттун бүтүрүүчүсү. Бул окуу жайда коррупция менен паракорчулукка каршы күрөш жарыялаган студенттер уюмдашып отуруп, акырында Эрнар окуу жайдын акыйкатчысы болгон. Акыйкатчынын колдоосу менен эки жүздөн ашык студент кол топтоп, окутуучу Руслан Дүйшөновду иштен алууну сурап, ректорго кайрылган экен. Андан майнап чыкпаганда президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кат жазышкан.

Аталган окуу жайдын атын атагысы келбеген студентинин айтымында, студенттердин кызматтан кеткен окутуучуну коррупциялык иштерге аралашкан деген шеги күчтүү болчу:

- Ал айтып жаткан коррупциялык системаны мугалим өзү пайда кылган. Акча алчу. Акчаны да окуу жайдан эмес, анын сыртында, айрым учурда банк аркылуу алчу. Же анын ишенимдүү адамдары, старосталар алып барып беришчү.

Арыз-даттанууларга окутуучу Руслан Дүйшөновдун студенттерге иргеп мамиле кылышы, этикага сыйбаган аракеттери да кошумча себеп болгон. Эрнар Каныбеков:

- Ал мугалим студенттердин келбетине карап мамиле кылчу, сулуу кыздарды башка жакка отургузуп дегендей. Мага канчалаган кыздар “агай тийишип жатат, кат жазат, сабактардан баа койбойт”, - деп кайрылышты. Ушулардын баарын топтоп отуруп, мен президенттин аппаратынын сайтына кат жайгаштыргам.

Студенттердин президентке жолдогон каты Билим берүү министрлиги тарабынан 2014-жылдын декабрында атайын комиссия түзүлүшүнө негиз берген. Комиссиянын чечиминин негизинде окутуучу ишинен четтетилген. Муну негизсиз деп эсептеген Руслан Дүйшөновдун сотко берген арызын Биринчи Май райондук соту канааттандырган эмес.

Анткен менен Руслан Дүйшөнов маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрүндө өзүнө каршы дооматтарды четке кагып, жөн жеринен жабыркап жаткандыгын айтууда. Мындан сырткары окуу жайда толгон-токой коррупциялык схемалар ишке ашып жатканын белгилеген. Чет жерде жүрүп, диплом алып жаткандар арбын экенин айтып, айныгыс фактыларды топтоп, жакында коомчулукка жарыяларын кошумчалады.

Ал эми студенттердин ага болгон мындай мамилесин Дүйшөнов иснтитуттун директору менен болгон конфликтке байланыштырды. Тагыраагы анын чет өлкөдө окуп жүргөн кызына “5” койбогондуктан келип чыкты деген пикирде:

- Таптакыр мындай болгон эмес. Мен суденттерден акча албай эле баа койчум, жакшы окугандарга дароо сурабай коюп берчүмүн. Бул директордун мага карата кылган иши. Менде керек болсо 150 студенттин аларды директор мага карата зордоп каршы чыгарып жатканын айтып берген түшүндүрмө каттары бар.

Институттун директору Жаныбек Бокоев болсо Дүйшөновдун дооматында кылдай чындык жок деп ишендирүүдө:

- Менин кызым окуганы чын, бирок ага Руслан сабак берген эмес. Бул окуядан кийин УКМК, Билим берүү министрлиги, прокуратура текшерип кетишти. Анын күнөөсү далилденгенден кийин гана иштен айдалган. Ал макалаларда айткан мисалдар жалган жалаа, биз бул жагдай боюнча тиешелүү министрликтерге, ММК өкүлдөрүнө кайрылып жатабыз.

Ушундай эле коррупциялык аракеттерге байланышкан арыз-даттануулардын негизинде Билим берүү министрлиги Медициналык академиянын ишмердигин да текшерүүгө алып, ал коомчулукта резонанс жараткан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG