Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Мектеп: Чыгалбай турган көз эле...


Шаардагы мектептердин бири
Шаардагы мектептердин бири

Бишкектеги №31 мектептин мугалимдери менен ата-энелердин ортосунда мыйзамсыз акча топтоонун кесепетинен чыр чыкты.

Ата-энелер мектепте ай сайын түрдүү шылтоо менен акча чогултууга нааразы болууда. Мектептин жамааты ата-энелердин мындай билдирүүсүн чагымчылык катары баалоодо.

Бишкектеги №31 мектепте балдары окуган ата-энелер мектепте ар шылтоо менен акча чогултулуп, ал каражаттын кайда жумшалганын маалымдоону талап кылышкан. Ата-энелердин айтымында, мектеп жетекчилиги талап койгон ата-энелердин балдарына кысым көрсөтө башташкан. Ошентип 140дан ашык ата-эне “Демилге” аттуу топ түзүп, бул ишти аягына чейин иликтөөгө белсенишүүдө.

“Демилге” тобунун башчысы Айымкан Өмүрзакова:

- Азыр кыйналып жаткан ата-энелер абдан эле көп. Жумуш жок болгон үчүн базарда иштешет, балдары тачка түртүп жүрүшөт. Мына ушундай ата-энелерден да акча талап кылышат. Мисалы, №31 мектепте бир айга класстык фонд деп 350 сомдон, "бир класстын копилкасы" деп 50 сомдон, андан тышкары коопсуздук кызматы үчүн 150 сомдон чогултушат.

Нарындагы окуучу балдар
Нарындагы окуучу балдар
"Акча чогултууга каршы чыккан ата-энелерге кысым көрсөтүү дале болсо уланууда", - деп кошумчалады Өмүрзакова. Акыры мындай ата-энелер Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кайрылышкан. "Кыргызстан мыйзамдарына ылайык ата-энелерден акча чогултулбайт", – деди депутат Осмоналиев. Бирок ага карабастан, ар кандай шылтоо менен акча чогултуу Бишкекте туташ мүнөзгө ээ болгонун белгилейт:

- Мүчөлүк акыны көп шылтоолор менен чогултушууда. Биринчиси, шаарда каттооңор жок дешет. Экинчиси, ата-энелердин камкорчулар кеңеши деген шылтоо менен 350 сомдон 500 сомго чейин ар сайын алып жатышат. Эң эле зээнди кейиткен нерсе: 4 баласы бар эже 2 баласына төлөгөнгө кудурети жетип, 2 баласы мектепке барбай калыптыр. Биз эмне айбан болуп баратабызбы? Мындай иштерге барган айбанчылык деп ошол мектеп директорлоруна да айтып жатабыз.

Эл өкүлү бул чырдын төркүнүн териштирүү үчүн Каржы полициясына кайрылган. Каржы полициясы №31 мектепти текшерүүгө алып, бул мектептин мугалимин окуучудан эч себепсиз акча топтоп жаткан учурда кармашкан. Каржы полициясынын өкүлү Русланбек Оморов тергөө аяктап калганын билдирди:

- Бизге ата-энелер арыз менен кайрылышты. Алар мугалимдер тарабынан мектептин фондуна акча төлөгүлө деп жатышканын билдиришти. Алардын ичинен бир эже күйөөсү жок, эки баласы бар экенин, төлөй албай турганын билдирген. Мугалимдер болсо күчкө салып, "төлөгүлө" деп чыккан. Бирок мугалимдердин "мынча төлөгүлө, бергиле" дегенге акысы жок. Ошондуктан биз текшерүүгө барган учурда мугалим 1000 сом алыптыр.

"Дооматтар суу кечпейт"

Аталган мектептин өкүлдөрү мектеп директордун иш ордунда жок экенин айтып, анын уруксатысыз комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми окуучудан мыйзамсыз акча чогултту деп айыпталып жаткан мугалим дарылануу үчүн суранып кеткенин айтышты.
4 баласы бар эже 2 баласына төлөгөнгө кудурети жетип, 2 баласы мектепке барбай калыптыр. Биз эмне айбан болуп баратабызбы?

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү жана жаштар саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Ниязова №31 мектептин жамаатына каршы чыккан ата-энелердин ишин чагымчылык катары баалоодо. Анын айтымында, ата-энелер мектептин жамаатын жаманатты кылууну көздөгөн.

- Директордун айтуусу боюнча “Демилге” тобундагы аялдар мектепке келип, балдарын мектепке орноштуруу үчүн акча сунушташкан. Мугалим болсо акчаны албай турганын айтып, “банкка төлөгүлө” деген экен. Бирок ал коридорго чыккан учурунда ал аялдар 1000 сомду жерге ыргытып жиберишкен экен. Бул деген чагымчылык.

Айтор бул мектепте чырдын ырбап турган убагы. Ар тарап өзүн туура деп эсептейт. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев мектептердеги акча чогултуу маселесин парламентке алып чыкканы жатканын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG